クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (145) 章: 雌牛章
وَلَئِنۡ أَتَيۡتَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ بِكُلِّ ءَايَةٖ مَّا تَبِعُواْ قِبۡلَتَكَۚ وَمَآ أَنتَ بِتَابِعٖ قِبۡلَتَهُمۡۚ وَمَا بَعۡضُهُم بِتَابِعٖ قِبۡلَةَ بَعۡضٖۚ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم مِّنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ إِنَّكَ إِذٗا لَّمِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аллахка ант болсун, сен китеп берилген жөөттөр менен христиандарга кыбыланын өзгөрүүсү акыйкат экендиги тууралуу аят-белгилер жана далилдер менен келсең да, алар сен алып келген нерсеге баш ийбей, акыйкатты ээрчүүдөн текеберлик кылып, сенин кыбылаңа жүздөрүн бурушпайт. Аллах сени алардын кыбыласынан бургандан кийин, сен дагы ал тарапты караба. Алар өздөрү да бири-биринин кыбыласына карашпайт. Анткени алардын ар бири экинчи тарабын каапыр деп эсептешет. Сага шек-күмөнү жок акыйкат илим келгенден кийин кыбыла жана башка шарияттар, өкүмдөр маселесинде алардын каалоолоруна ээрчисең, мына ошондо сен да туура жолду таштап, напси каалоосун ээрчиген залымдардан болуп каласың. Бул кайрылуу жөөттөрдү ээрчүүнүн жийиркеничтүүлүгүн көрсөтүү үчүн пайгамбарга айтылды. Болбосо, Аллах пайгамбарын андан Өзү сактаган. Бул болгону андан кийинки үммөтүнө болгон эскертүү.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• أن الاعتراض على أحكام الله وشرعه والتغافل عن مقاصدها دليل على السَّفَه وقلَّة العقل.
Аллахтын өкүмдөрүнө, шариятына каршы чыгуу жана алардын максаттарына кайдыгер кароо – бул кем акылдыкка жана аңкоолукка далил.

• فضلُ هذه الأمة وشرفها، حيث أثنى عليها الله ووصفها بالوسطية بين سائر الأمم.
Бул үммөттүн артыкчылыгы жана кадыр-баркы. Анткени Аллах аны мактады жана бардык үммөттөрдүн арасынан ортолукту карманганы деп сыпаттады.

• التحذير من متابعة أهل الكتاب في أهوائهم؛ لأنهم أعرضوا عن الحق بعد معرفته.
Китеп ээлерин напси каалоолорунда ээрчүүдөн эскертүү. Анткени алар чындыкты билип туруп, андан баш тартышкан.

• جواز نَسْخِ الأحكام الشرعية في الإسلام زمن نزول الوحي، حيث نُسِخَ التوجه إلى بيت المقدس، وصار إلى المسجد الحرام.
Вахий түшүп турган мезгилде Исламдагы шарият өкүмдөрүн жокко чыгаруунун уруксаттыгы. Анткени Акса мечитине жүздөнүү жокко чыгарылып, анын ордуна Аль-Харам мечити болду.

 
対訳 節: (145) 章: 雌牛章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる