Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 節: (76) 章: 雌牛章
وَإِذَا لَقُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَا بَعۡضُهُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٖ قَالُوٓاْ أَتُحَدِّثُونَهُم بِمَا فَتَحَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ لِيُحَآجُّوكُم بِهِۦ عِندَ رَبِّكُمۡۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Жөөттөрдүн карама-каршылыктарынан жана айлакерлигинен, алардын кээ бирлери ыймандууларга жолукса, Мухаммад пайгамбардын чынчылдыгын, анын пайгамбарчылыгынын тууралыгын жана ага Тоорат дагы күбө экендигин моюнга алышат. Бирок жөөттөр бири-бири менен менен жалгыз калганда, минтип моюнга алгандары үчүн бири-бирин айыпташат. Анткени мусулмандар алардын пайгамбарчылыкты чындык экенин моюнга алгандарын өздөрүнө каршы далил кылышат.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• أن بعض قلوب العباد أشد قسوة من الحجارة الصلبة؛ فلا تلين لموعظة، ولا تَرِقُّ لذكرى.
Кээ бир адамдардын жүрөгү катуу таштан да катуураак, насаатка жумшарбайт, эскертмеге жибибейт.

• أن الدلائل والبينات - وإن عظمت - لا تنفع إن لم يكن القلب مستسلمًا خاشعًا لله.
Эгер жүрөк Аллахка өзүн толук арнап, моюн сунбаса, анда далилдер жана айкын белгилер канчалык күчтүү болсо да эч кандай пайда алып келбейт.

• كشفت الآيات حقيقة ما انطوت عليه أنفس اليهود، حيث توارثوا الرعونة والخداع والتلاعب بالدين.
Бул аяттар жөөттөрдүн ичинде катылган чындыкты ачып берди. Анткени алар кем акылдыкты, алдамчылыкты жана динге шылдың мамиле кылууну муундан-муунга мураска калтырышты.

 
対訳 節: (76) 章: 雌牛章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる