Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 信仰者たち章   節:
بَلۡ أَتَيۡنَٰهُم بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Алар ойлогондой эмес! Тескерисинче, Биз аларга эч кандай шек-күмөнү болбогон акыйкатты алып келдик. Ал эми алардын Аллахтын шериги жана баласы бар деген ойлору анык жалган. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн аруу жана бийик.
アラビア語 クルアーン注釈:
مَا ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ مِن وَلَدٖ وَمَا كَانَ مَعَهُۥ مِنۡ إِلَٰهٍۚ إِذٗا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهِۭ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ
Каапырлар ойлогондой Аллах эч кимди Өзүнө бала кылган эмес жана Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай жок. Эгерде Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай болгондо, анда алардын ар бири өзү жараткан нерселерин бөлүп кетмек жана бири-бирине үстөмдүк кылмак, анан ааламдын тартиби бузулмак. Акыйкатта андай нерсе болгон жок. Демек, бул нерсе сыйынууга татыктуу жалгыз кудай – Аллах экендигине далил болот. Аллах мушриктер Ага таңуулап баласы бар жана шериги бар деген сыяктуу Ага туура келбеген сыпаттардан аруу жана ыйык.
アラビア語 クルアーン注釈:
عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Ал инсандарга жана башка жаратылгандарга билинбеген ар бир нерсени Билүүчү. Ошондой эле көрүнгөн, көрүнбөгөн же сезилбеген болсун ар бир нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах шериктерден аруу.
アラビア語 クルアーン注釈:
قُل رَّبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Эгер мага мушриктерге убада кылган азапты көргөзө турган болсоң.
アラビア語 クルアーン注釈:
رَبِّ فَلَا تَجۡعَلۡنِي فِي ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, Раббим! Эгер Сен аларды жазалай турган болсоң жана мен аны көргөн болсом, анда мени алардын арасында калтырба. Аларга түшкөн азап мага да тийип калбасын».
アラビア語 クルアーン注釈:
وَإِنَّا عَلَىٰٓ أَن نُّرِيَكَ مَا نَعِدُهُمۡ لَقَٰدِرُونَ
Чындыгында Биз аларга убада кылган азапты сага да көргөзүүгө кудуретибиз жетет. Биз аны да, башкасын да кылууга алсыз эмеспиз.
アラビア語 クルアーン注釈:
ٱدۡفَعۡ بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ ٱلسَّيِّئَةَۚ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَصِفُونَ
Оо, пайгамбар! Сага жамандык кылган адамга эң жакшы сыпатта, кечирим менен жооп бер. Анын берген зыянына сабыр кыл. Биз алар сыпаттап жаткан ширк, жалганга чыгарууну, ошондой эле жинди, сыйкырчы деп сага ылайык келбеген сыпаттарды айтып жаткандарын жакшы билебиз.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَقُل رَّبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنۡ هَمَزَٰتِ ٱلشَّيَٰطِينِ
Айткын: «Оо, Раббим! Мен Өзүң менен жин-шайтандардын азгырыктарынан жана жаман ойлорунан, куулуулуктарынан коргономун.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَن يَحۡضُرُونِ
Оо, Раббим! Алар менин иштериме аралашуусунан Сенден коргоо сураймын».
アラビア語 クルアーン注釈:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَهُمُ ٱلۡمَوۡتُ قَالَ رَبِّ ٱرۡجِعُونِ
Качан ал мушриктердин бирине өлүм келип, аны өз көзү менен көргөн кезде ал өткөргөн өмүрүнө жана Аллахтын алдындагы милдеттерин аткарбаганга өкүнүп мындай деп айтат: «Оо, Раббим! Мени дүйнөгө кайтара көр!
アラビア語 クルアーン注釈:
لَعَلِّيٓ أَعۡمَلُ صَٰلِحٗا فِيمَا تَرَكۡتُۚ كَلَّآۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَآئِلُهَاۖ وَمِن وَرَآئِهِم بَرۡزَخٌ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
"Аттиң, эгер кайра жаралсам, жакшы иштерди кылмакмын" (дейт). Жок, иш ал талап кылгандай болбойт! Чынында, бул жөн эле айтылган сөз. Эгер ал дүйнө жашоосуна кайра кайтарылса да айткан убадасын аткарбайт. Ал өлгөн адамдар кайра тирилүү күнүнө чейин дүйнө менен акыреттин ортосун бөлгөн жайда болот. Алар өткөрүп жиберген ишин кайра аткаруу жана бузуку иштерин кайра оңдоо үчүн дүйнө жашоосуна кайтып келбейт.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَلَآ أَنسَابَ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ وَلَا يَتَسَآءَلُونَ
Сурнай тартууга жоопкер болгон периште кыяматтын башталганын жар салып экинчи жолу сурнайды тарткан кезде алардын ортосундагы сыймыктанышкан тууганчылыгы да жок болот. Анткени алар акыреттеги коркунучтар менен алек болуп калышат. Ошондой эле аларга түшкөн чоң мүшкүл убайымга салган себептүү алар бири-бирин да сурашпай калат.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Кимдин сооптору күнөөлөрүнөн көптүк кылып таразасы оор болсо, мына ошолор көздөгөнүнө жетип жана коркунучтардан кутулуп ийгиликке жеткендер.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فِي جَهَنَّمَ خَٰلِدُونَ
Ал эми кимдин күнөөлөрү соопторунан көптүк кылып таразасы жеңил болсо, мына ошолор зыян иштерди кылып жана пайда берген ыйман менен жакшылык иштерди таштап өздөрүнө зыян кылгандар. Алар тозок отунда болушат, ал жактан чыгышпайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
تَلۡفَحُ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ وَهُمۡ فِيهَا كَٰلِحُونَ
Алардын жүздөрү тозокко куйкаланат. Ал жайда алардын беттери катуу тырышканы үчүн алдыңкы жана үстүңкү эриндери тартылып, тиштери көрүнүп калат.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• الاستدلال باستقرار نظام الكون على وحدانية الله.
Аалам тартибинин бузулбай сакталып турушу Аллахтын жалгыздыгына далил болот.

• إحاطة علم الله بكل شيء.
Аллахтын илими бүткүл нерсени өзүнө камтыйт.

• معاملة المسيء بالإحسان أدب إسلامي رفيع له تأثيره البالغ في الخصم.
Жамандык кылган адамга жакшы мамиле кылуу – Исламдын улуу адептеринен. Бул сыпаттын душмандык кылган адамга тийгизген таасири чоң.

• ضرورة الاستعاذة بالله من وساوس الشيطان وإغراءاته.
Шайтандын азгырыктарынан Аллахтан коргоо суроонун зарылдыгы.

 
対訳 章: 信仰者たち章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる