Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: イムラーン家章   節:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَن تُغۡنِيَ عَنۡهُمۡ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗاۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго мал-дүйнөсү, бала-чакасы эч пайда бербейт, Аллахтын азабынан арачалай албайт. Аллах аларга ырайым кылбайт, алардын азабын жана өкүнүчүн арттырат. Алар тозокто түбөлүк калуучулар
アラビア語 クルアーン注釈:
مَثَلُ مَا يُنفِقُونَ فِي هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا كَمَثَلِ رِيحٖ فِيهَا صِرٌّ أَصَابَتۡ حَرۡثَ قَوۡمٖ ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَأَهۡلَكَتۡهُۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَٰكِنۡ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Ал каапырлардын жумшаган жакшылыктары жана сообун күтүп отурган иштери, шамалга окшош; ал ызгаардуу шамал күнөөсү менен өз жандарына зыян кылган кайсы бир коомдун эгинин талкалап жок кылат. Алар болсо эгининен көп жакшылыкты үмүт кылып отурган эле. Шамал талкалап кеткенден кийин ал эгинден кыпындай да пайда көрүшпөйт. Ошол сыяктуу каапырлар да амалдарынын сообун үмүт кылышат. Аллах Таала ч кимге залым кылбайт, бирок тигилер Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарып өздөрүнө өздөрү залым кылышты
アラビア語 クルアーン注釈:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ بِطَانَةٗ مِّن دُونِكُمۡ لَا يَأۡلُونَكُمۡ خَبَالٗا وَدُّواْ مَا عَنِتُّمۡ قَدۡ بَدَتِ ٱلۡبَغۡضَآءُ مِنۡ أَفۡوَٰهِهِمۡ وَمَا تُخۡفِي صُدُورُهُمۡ أَكۡبَرُۚ قَدۡ بَيَّنَّا لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِۖ إِن كُنتُمۡ تَعۡقِلُونَ
Оо, Аллахка ишенген жана Анын элчисин ээрчиген ыймандуулар, момундардан башкаларды сырдаш, акылдаш кылбагыла. Аларга өзүңөрдүн сырыңарды ачпагыла жана абалыңарды билдирбегиле. Алар силерге зыян тийгизүүдөн абалыңарды бузуудан кайра тартпайт. Силерге машакат жаратып, зыянын тийгизүүнү самашат. Алардын душмандыгы жана жек көрүүсү, диниңерди кемсинткен, сырыңарды жайылткан, ортоңорго от жаккан сөздөрүнөн билинип турат. Ал эми ичине каткан жек көрүүсү андан да жаман. Эй, момундар, эгер Жаратуучуңар түшүргөн нерсеге жакшы акыл жүгүртсөңөр, силерге дүйнө, акыретте пайдасын тийгизе турган ачык далилдерди баян кылдык.
アラビア語 クルアーン注釈:
هَٰٓأَنتُمۡ أُوْلَآءِ تُحِبُّونَهُمۡ وَلَا يُحِبُّونَكُمۡ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱلۡكِتَٰبِ كُلِّهِۦ وَإِذَا لَقُوكُمۡ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوۡاْ عَضُّواْ عَلَيۡكُمُ ٱلۡأَنَامِلَ مِنَ ٱلۡغَيۡظِۚ قُلۡ مُوتُواْ بِغَيۡظِكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Оо, ыймандуулар, силер ал коомду жакшы көрүп, аларга жакшылык каалаганыңар менен алар силерге жакшылык каалабайт, тескерисинче, силерге жаалданат. Силер бардык китептерге анын ичинде алардын китебине да ишенесиңер. Алар болсо Аллах Таала силердин пайгамбарыңарга түшүргөн китепке ишенишпейт. Силерге жолукканда тил учунда: ыйман келтирдик дешет. Ал эми өздөрү менен өздөрү калганда силер бир ооздон ыраазы болуп, биригип алганыңарга, Исламдын ызатына, а өздөрү кор болуп калганына ичи күйүп, силерди жек көрүп манжаларын чайнашат. Эй, пайгамбар, ал коомго кайрылып: ушул ачууланган, жек көргөн абалыңарды жүрүп өтүп кеткиле, Аллах Таала көкүрөктө жашырылган ыйман жана каапырлыкты, жакшылык жана жамандыкты билип турат - деп айт.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِن تَمۡسَسۡكُمۡ حَسَنَةٞ تَسُؤۡهُمۡ وَإِن تُصِبۡكُمۡ سَيِّئَةٞ يَفۡرَحُواْ بِهَاۖ وَإِن تَصۡبِرُواْ وَتَتَّقُواْ لَا يَضُرُّكُمۡ كَيۡدُهُمۡ شَيۡـًٔاۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا يَعۡمَلُونَ مُحِيطٞ
Оо, ыймандуулар, эгер душмандарыңарды жеңсеңер, же мал-мүлк, бала-чакаңар көбөйсө, алар буга кыжаалат болуп кайгырат. А эгер душманыңардан жеңилсеңер, же мал-мүлк, бала-чакаңар азайса, буга кубанышат жана силерге жаман айтат. Силер такыба болуп, алардын кылык-жоругуна сабыр кылсаңар, алардын кылганы жана куулук-шумдуктары силерге зыянын тийгизбейт. Аллах Таала алардын куулук-шумдугун билип турат жана аларды кайгырган абалда кайтарат
アラビア語 クルアーン注釈:
وَإِذۡ غَدَوۡتَ مِنۡ أَهۡلِكَ تُبَوِّئُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ مَقَٰعِدَ لِلۡقِتَالِۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Оо, пайгамбар, эстегин, таң эрте Мадинадан чыгып Ухудда бутпарастар менен согушуу үчүн момундарды орду-ордуна жайгаштырдың, ар бирине ордун табыштадың. Аллах силердин сөзүңөрду Угуучу, ишиңерди Билүүчү
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• نَهْي المؤمنين عن موالاة الكافرين وجَعْلهم أَخِلّاء وأصفياء يُفْضَى إليهم بأحوال المؤمنين وأسرارهم.
Каапырларды дос, сырдаш кылып, аларга өздөрүнүн сырын ачып, абалдарын айтууга момундарга тыюу салынды

• من صور عداوة الكافرين للمؤمنين فرحهم بما يصيب المؤمنين من بلاء ونقص، وغيظهم إن أصابهم خير.
Алардын ийгилигине ичи тарып жек көрүп, балээ, кемчилигине кубанып туруусу, бул каапырлардын момундарга душман экендигинин бир белгиси

• الوقاية من كيد الكفار ومكرهم تكون بالصبر وعدم إظهار الخوف، ثم تقوى الله والأخذ بأسباب القوة والنصر.
каапырлардын айла-амалынан сактануунун негизги жолу, сабыр кылып, алардан коркконун билдирбей туруу жана Аллахка такыба болуп, Андан күч, жардам алуу

 
対訳 章: イムラーン家章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる