Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 部族連合章   節:
۞ وَمَن يَقۡنُتۡ مِنكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا نُّؤۡتِهَآ أَجۡرَهَا مَرَّتَيۡنِ وَأَعۡتَدۡنَا لَهَا رِزۡقٗا كَرِيمٗا
Силердин араңардан ким Аллахка жана Анын элчисине дайым моюн сунуп, Аллахты ыраазы кылган жакшылык иштерди кылса, ага башка аялдарга берилген сооптон эки эсе жогору кылып беребиз жана ага акыретте бейиш болгон улуу сыйлыкты даярдап коёбуз.
アラビア語 クルアーン注釈:
يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ لَسۡتُنَّ كَأَحَدٖ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِنِ ٱتَّقَيۡتُنَّۚ فَلَا تَخۡضَعۡنَ بِٱلۡقَوۡلِ فَيَطۡمَعَ ٱلَّذِي فِي قَلۡبِهِۦ مَرَضٞ وَقُلۡنَ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا
Оо, Мухаммад пайгамбардын аялдары! Силер артыкчылык жана кадыр-барк жактан башка аялдардай эмессиңер. Тескерисинче силер Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштасаңар, анда артыкчылык жана кадыр-барк жактан эч бир аял жете албай турган даражада болосуңар. Андыктан бөтөн эркектерге сөздү жумшартып, үндү назик кылып сүйлөбөгүлө. Мунун себебинен жүрөгүндө эки жүздүүлүк оорусу бар жана арамды эңсеген адам кызыгып калуусу мүмкүн. Зарылдык чекте шектенүүгө түртпөгөндөй тамашалабастан олуттуу сүйлөгүлө.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَقَرۡنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجۡنَ تَبَرُّجَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ ٱلۡأُولَىٰۖ وَأَقِمۡنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذۡهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجۡسَ أَهۡلَ ٱلۡبَيۡتِ وَيُطَهِّرَكُمۡ تَطۡهِيرٗا
Үйүңөрдө болгула! Зарылдык болбосо сыртка чыкпагыла! Исламга чейинки аялдардардын кылганындай сулуулуктарыңарды көргөзбөгүлө! Алар муну эркектерди өзүнө тартыш үчүн ачык көргөзүп жүрүшкөн. Намазды талаптагыдай абалда аткаргыла! Мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле! Аллах жана Анын элчисине моюн сунгула! Эй, пайгамбардын аялдары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү! Чындыгында Аллах силерден зыянды жана жамандыкты кетирүүнү гана каалайт жана ошондой эле силерди асыл сыпаттарга ээ кылуу менен жана терс сыпаттардан толук арылтып, артынан бир дагы ыпласты калтырбастан силердин жан дүйнөңөрдү тазалоону каалайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَٱذۡكُرۡنَ مَا يُتۡلَىٰ فِي بُيُوتِكُنَّ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱلۡحِكۡمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا
Үйүңөрдө окулган Аллахтын элчисине түшкөн Анын аяттарын жана Анын элчисинин таза сүннөтүн эскерип (кадырын билип) иш жүзүндө аткаргыла. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү, Ал силерди пайгамбардын үйлөрүндө жашатуу менен чоң жакшылык кылды. Аллах силерден Кабардар, Ал силерди пайгамбардын аялдары жана үммөттөгү жалпы мусулмандардын энелери кылып тандады.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّ ٱلۡمُسۡلِمِينَ وَٱلۡمُسۡلِمَٰتِ وَٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلۡخَٰشِعِينَ وَٱلۡخَٰشِعَٰتِ وَٱلۡمُتَصَدِّقِينَ وَٱلۡمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلۡحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمۡ وَٱلۡحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمٗا
Чынында, Аллахка баш ийүү менен өздөрүн төмөн туткан эркектер жана аялдар, Аллахка чындап ишенген эркектер жана аялдар, Аллахка моюн сунган эркектер жана аялдар, ыйманында, сөзүндө чынчыл эркектер жана аялдар, ибадатка, күнөөгө барбоого, сыноолорго сабыр кылган эркектер жана аялдар, милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө өз мал-мүлктөрүнөн садага берген эркектер жана аялдар, Аллах үчүн парз жана напил орозо туткан эркектер жана аялдар, өздөрүнө адал эмес адамдардын алдында авретин көрсөтпөй жапкан, зынадан жана ага чакыра турган себептерден жыныс мүчөсүн сактаган эркектер жана аялдар, Аллахты ачык, жашыруун абалда жүрөгү жана тили менен эстеген эркектер жана аялдар – Аллах алардын күнөөлөрүн кечирүүгө даяр жана аларга Кыямат күнү берилчү чоң сыйды - бейишти даярдап койгон.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• من توجيهات القرآن للمرأة المسلمة: النهي عن الخضوع بالقول، والأمر بالمكث في البيوت إلا لحاجة، والنهي عن التبرج.
Курандын мусулман аялзатына көзгөзгөн жол-жобосу: сүйлөгөндө үндү назик кылып сүйлөбөстүк, зарылдык болбосо үйдөн сыртка чыкпоо жана ачык кийинүүдөн тыюу.

• فضل أهل بيت رسول الله صلى الله عليه وسلم، وأزواجُه من أهل بيته.
Пайгамбарыбыздын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана анын үй-бүлөсүнөн болгон аялдарынын артыкчылыгы.

• مبدأ التساوي بين الرجال والنساء قائم في العمل والجزاء إلا ما استثناه الشرع لكل منهما.
Эркектер менен аялдар иш-аракеттерде, сыйлык же жаза алууда бирдей теңдикке ээ. Бирок шарият ар бирине жекече кылган нерселерде гана андай эмес.

 
対訳 章: 部族連合章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる