Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: ヤ―・スィーン章   節:
وَءَايَةٞ لَّهُمۡ أَنَّا حَمَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُمۡ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ
Ошондой эле аларга Аллахтын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз Нухтун заманында топон суудан аман калган Адамдын кээ бир урпактарын Аллахтын макулуктары менен толгон кемеге түшүрдүк. Аллах ага ар бир түркүмдөн бирден жупту түшүрдү.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَخَلَقۡنَا لَهُم مِّن مِّثۡلِهِۦ مَا يَرۡكَبُونَ
Дагы аларга Анын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз алар үчүн Нухтун кемеси сыяктуу унааларды жараттык.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَإِن نَّشَأۡ نُغۡرِقۡهُمۡ فَلَا صَرِيخَ لَهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنقَذُونَ
Эгерде Биз аларды чөктүрүүнү кааласак, чөктүрүп жибермекпиз. Эгер Биз алардын чөгүшүн каалаганда, аларга эч ким жардам бере алмак эмес. Эгер алар Биздин буйругубуз жана чечимибиз менен чөгүшкөндө, аларды эч ким куткара алмак эмес.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ
Бирок Биз аларды чөгүүдөн куткарып жана алар өтүп кете албагандай белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоодон пайдалануулары үчүн аларды кайра кайтарсак, балким ошондо алар сабак алышып ыйман келтирет чыгар.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّقُواْ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيكُمۡ وَمَا خَلۡفَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Эгерде ыймандан жүз бурган мушриктерге: «Аллахтын силерге кылган ырайымын үмүт кылуу менен алдыңардагы акыреттен жана анын азаптарынан сактангыла жана артта калуучу дүйнөдөн сактагыла!» – деп айтылса, алар баш ийишпейт.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ
Качан ал баш ийбестик кылган мушриктерге Аллахтын жалгыздыгына жана Ал Өзү гана сыйынууна татыктуу экендигине далил болгон аят-белгилер келсе, алар андан сабак албастан туруп жүз бурушат.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنُطۡعِمُ مَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ أَطۡعَمَهُۥٓ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Эгер ал баш ийбестерге: «Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөн кедей-кембагалдарга да жардам бергиле!» – деп айтылса, ыймандууларды беттен алып мындай дешет: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган адамдарды биз тамактандырмак белек?! Биз анын каалоосуна каршы чыкпайбыз. Эй, момундар! Силер акыйкаттан алыстап, анык эле адашып жатасыңар».
アラビア語 クルアーン注釈:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес деп четке каккан каапырлар айтышат: «Эй, момундар! Силер кайра тирилүү анык болот деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, ал качан болот экен?».
アラビア語 クルアーン注釈:
مَا يَنظُرُونَ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ تَأۡخُذُهُمۡ وَهُمۡ يَخِصِّمُونَ
Кайра тирилүүнү мүмкүн эмес деп жалганга чыгаргандар сурнайдын биринчи тартылышын гана күтүп жатышат. Бул катуу кыйкырык алар соода-сатык, сугатчылык, чарбачылык ж.б. башка дүйнө иштери менен алек болуп жатышканда капыстан келет.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ تَوۡصِيَةٗ وَلَآ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمۡ يَرۡجِعُونَ
Бул кыйкырык аларга күтүүсүз келгенде алар бири-бирине осуят кылганга да жетишпей калат, өз үйлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпай калат. Алар ошол иштеп жаткан жерлеринде жан беришет.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يَنسِلُونَ
Кайра тирилүүгө экинчи жолу сурнай тартылганда, алардын баарысы сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Раббисине карай шашылып кабырларынан чыгышат.
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا مَنۢ بَعَثَنَا مِن مَّرۡقَدِنَاۜۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَصَدَقَ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган каапырлар өкүнгөн абалда: «Шорубуз кургур ай! Бизди ким кабырдан тирилтип чыгарды?» – дегенде, аларга жооп берилет: «Бул Аллахтын берген убадасы. Чындыгында ал сөзсүз ишке ашат. Пайгамбарлар да Раббиси тараптан жеткирген бул нерседе чындыкты айтышкан».
アラビア語 クルアーン注釈:
إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ
Кабырлардан кайра тирилип чыгуу кернейди бир жолу үйлөгөндө эле болот. Ошондо кыямат күнү сурак бериш үчүн бардык макулуктар Биздин алдыбызга келишет.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَٱلۡيَوۡمَ لَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗا وَلَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Ал күндө адилеттик менен өкүм кылынат. Эй, пенделер! Ошондо силерге күнөөлөрүңөр көбөйтүлүп же соопторуңардан кемитилип зулумдук кылынбайт. Чындыгында силер дүйнө жашоосунда кылган иштериңердин сыйлыгын же жазасын толук түрдө аласыңар.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• من أساليب تربية الله لعباده أنه جعل بين أيديهم الآيات التي يستدلون بها على ما ينفعهم في دينهم ودنياهم.
Аллахтын пенделерин тарбиялоо ыкмаларынан – Ал алардын бет алдына аят-белгилерди кылып койду, алар аны динине жана дүйнөсүнө пайда келтирген нерселерге далил кылышат.

• الله تعالى مكَّن العباد، وأعطاهم من القوة ما يقدرون به على فعل الأمر واجتناب النهي، فإذا تركوا ما أمروا به، كان ذلك اختيارًا منهم.
Аллах пенделерине алар Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоого кудурети жете турганчалык мүмкүнчүлүк жана күч-кубат берди. Эгер алар буйрукту таштай турган болсо, бул алардын тандоосу болот.

 
対訳 章: ヤ―・スィーン章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる