クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (38) 章: 集団章
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَنِيَ ٱللَّهُ بِضُرٍّ هَلۡ هُنَّ كَٰشِفَٰتُ ضُرِّهِۦٓ أَوۡ أَرَادَنِي بِرَحۡمَةٍ هَلۡ هُنَّ مُمۡسِكَٰتُ رَحۡمَتِهِۦۚ قُلۡ حَسۡبِيَ ٱللَّهُۖ عَلَيۡهِ يَتَوَكَّلُ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде мушриктерден: «Асмандар менен Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Аны Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Аларга кудайларынын алсыздыгын жар салып мындай деп айт: «Силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар тууралуу мага айткылачы, эгер Аллах мага зыян берүүнү кааласа, алар мени андан куткара алышабы?! Же болбосо, Раббим мага Өз алдынан ырайым тартууласа, алар аны менден тосо алышабы?!». Аларга айткын: «Аллахтын Өзү мага жетиштүү! Бүткүл ишимде Ага гана тобокел кыламын. Тобокел кылган адамдар жалгыз Ага гана таянышат».
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• عظم خطورة الافتراء على الله ونسبة ما لا يليق به أو بشرعه له سبحانه.
Аллахка жалган жалаа жабуунун, Ага жана Анын шариятына ылайык келбеген нерсени Ага тийиштүү кылуунун коркунучу.

• ثبوت حفظ الله للرسول صلى الله عليه وسلم أن يصيبه أعداؤه بسوء.
Аллах пайгамбарды душмандарынын зыянынан коргоосунун баса белгилениши.

• الإقرار بتوحيد الربوبية فقط بغير توحيد الألوهية، لا ينجي صاحبه من عذاب النار.
Аллахтын сыйынууга татыктуулугун таштап, Анын жаратуучулугун гана моюнга алуу – адамды тозок азабынан куткарбайт.

 
対訳 節: (38) 章: 集団章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる