Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 婦人章   節:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُۖ وَمَن يَلۡعَنِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ نَصِيرًا
мына ушундай бузук ишенимдегилерди Аллах Таала ырайымынан алыстаткан. Аллах кимди ырайымынан четтетсе, ага жардам бер турган эч бир жардамчы табылбайт
アラビア語 クルアーン注釈:
أَمۡ لَهُمۡ نَصِيبٞ مِّنَ ٱلۡمُلۡكِ فَإِذٗا لَّا يُؤۡتُونَ ٱلنَّاسَ نَقِيرًا
Аларда мүлктөн үлүшү жок, эгер болсо деле андан эч кимге эч нерсени, курма данегинин үстүндөгү чеиттей кичине нерсени да бермек эмес
アラビア語 クルアーン注釈:
أَمۡ يَحۡسُدُونَ ٱلنَّاسَ عَلَىٰ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۖ فَقَدۡ ءَاتَيۡنَآ ءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَءَاتَيۡنَٰهُم مُّلۡكًا عَظِيمٗا
Мүмкүн алар Аллах Таала Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жана анын сахабаларына берген пайгамбарлык, ыйман жана мекен сыяктууларга көралбастык кылышабы? Эмне үчүн көралбастык кылышат, мурда деле Ибрахим пайгамбардын урук-тукумуна китеп, түшүргөнбүз, китептен башка нерселерди да аян-кабар бергенбиз жана элдин үстүнө чоң бийликке ээ кылганбыз
アラビア語 クルアーン注釈:
فَمِنۡهُم مَّنۡ ءَامَنَ بِهِۦ وَمِنۡهُم مَّن صَدَّ عَنۡهُۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا
Китеп берилгендердин арасында Аллах Таала Ибрахим пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жана анын урпагынан чыккан башка пайгамбарларга түшргөн нерсеге (динге) ыйман келтирип ишенгендери бар. Ошондой эле аларга ишенбей баш тарткандары да жок эмес. Мына ушундай эле абал Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгында да болду. Алардын арасындагы каапырларды жазалоочу азап, бул, тозок оту.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا سَوۡفَ نُصۡلِيهِمۡ نَارٗا كُلَّمَا نَضِجَتۡ جُلُودُهُم بَدَّلۡنَٰهُمۡ جُلُودًا غَيۡرَهَا لِيَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمٗا
Биздин аяттарыбызга каапыр болгондорду жакында, Кыямат күнү, аларды ороп ала турган тозокко таштайбыз. Түбөлүк азапталуусу үчүн терилери күйүп бүткөндө, кайра жаңы тери менен каптайбыз. Аллах Таала чынында Ага эч ким үстөмдүк кыла албай турган Ызаттуу, эзелтен чара көрүүдө жана аны ишке ашырууда Даанышман.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَنُدۡخِلُهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ لَّهُمۡ فِيهَآ أَزۡوَٰجٞ مُّطَهَّرَةٞۖ وَنُدۡخِلُهُمۡ ظِلّٗا ظَلِيلًا
Аллах Таалага ишенип, Анын элчисин ээрчип таат-ибаадат кылгандарды жакында, Кыямат күнү, ак сарайларынын алдынан дарыялары агып турган бейишке киргизебиз. Алар анда түбөлүк калышат. Анда аларга такыр кемчилиги жок аруу-таза колуктулар бар. Аларды ысык да, суук да болбогон, салкын көлөкөлүү жайга киргизебиз.
アラビア語 クルアーン注釈:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُكُمۡ أَن تُؤَدُّواْ ٱلۡأَمَٰنَٰتِ إِلَىٰٓ أَهۡلِهَا وَإِذَا حَكَمۡتُم بَيۡنَ ٱلنَّاسِ أَن تَحۡكُمُواْ بِٱلۡعَدۡلِۚ إِنَّ ٱللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُم بِهِۦٓۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ سَمِيعَۢا بَصِيرٗا
Чынында, Аллах Таала силерди алган аманатыңарды ээсине кыянат кылбай тапшырууга буйруду. Ошондой эле адамдарга өкүм чыгаруучу болсоңор, жек көрүп же чындыктан четтебестен, адил өкүм чыгарууга буйруду. Аллах Таала силерге сонун эскертүүчү жана кандай абалда болбогула силерди туура жолго багыттайт. Аллах Таала силердин сөзүңөрдү Угуучу, иш-аракетиңерди Көрүүчү.
アラビア語 クルアーン注釈:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَأُوْلِي ٱلۡأَمۡرِ مِنكُمۡۖ فَإِن تَنَٰزَعۡتُمۡ فِي شَيۡءٖ فَرُدُّوهُ إِلَى ٱللَّهِ وَٱلرَّسُولِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلًا
Оо, Аллахка ишенип, Анын пайгамбарына ээрчиген ыймандуулар, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле, алардын буйруктарын аткаргыла, тыюуларынан тыйылгыла. Ошондой эле өзүңөрдүн башчыңарга, эгер ал силерди күнөөгө буйрубаса, баш ийгиле. Эгер силер Аллахка жана Кыямат күнүнө ишенген ыймандуу болсоңор жана кайсы бир нерседе ортоңордо талаш чыкса, анда дароо Аллахтын китебине (Куранга) жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтүнө кайткыла. Ушинтип Аллахтын китебине жана сүннөткө кайтуу, талашты күчөтүүдөн же акылга салып чечим чыгаруудан алда канча жакшы. Мунун акыбети да силерге жакшы болот.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• من أعظم أسباب كفر أهل الكتاب حسدهم المؤمنين على ما أنعم الله به عليهم من النبوة والتمكين في الأرض.
Китеп берилгендердин каапырлыгынын негизги себеби, Аллах Таала ыймандууларга берген пайгамбарлыкты жана жер бетиндеги жашоону көрө албай ичи тардык кылганы.

• الأمر بمكارم الأخلاق من المحافظة على الأمانات، والحكم بالعدل.
Жакшы мүнөз болуп эсептелеген аманаткөйлүккө жана адил өкүм чыгарууга буйруу

• وجوب طاعة ولاة الأمر ما لم يأمروا بمعصية، والرجوع عند التنازع إلى حكم الله ورسوله صلى الله عليه وسلم تحقيقًا لمعنى الإيمان.
Эгер башчы күнөө ишке буйрубаса, ага баш ийүү милдет. Ошондой эле талаш пайда болгондо ыймандуулукту бекемдеп, Аллахтын жана Анын элчисинин өкүмүнө кайтуу да милдет.

 
対訳 章: 婦人章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる