クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (32) 章: 食卓章
مِنۡ أَجۡلِ ذَٰلِكَ كَتَبۡنَا عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَنَّهُۥ مَن قَتَلَ نَفۡسَۢا بِغَيۡرِ نَفۡسٍ أَوۡ فَسَادٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ ٱلنَّاسَ جَمِيعٗا وَمَنۡ أَحۡيَاهَا فَكَأَنَّمَآ أَحۡيَا ٱلنَّاسَ جَمِيعٗاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيرٗا مِّنۡهُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡأَرۡضِ لَمُسۡرِفُونَ
Кабыл агасын өлтүргөн окуя аркылуу кимде-ким бирөөнү өч алуу үчүн эмес, же болбосо, согушуп же каапырлыгы себептүү да эмес, жөндөн-жөн эле өлтүрсө, адамдардын баарын өлтүргөндөй болорун, Исраил урпактарына билдирдик. Анткени, мындай адам өлтүрүүчүгө таза киши менен кылмышкер кишинин айырмасы жок. Ал эми кимде-ким Аллах Таала өлтүрүүгө тыюу салган адамды ошол тыюу салынгандыгы үчүн өзүн тыйып өлтүрбөсө, бардык адамдарга жан бергендей болот. Анткени, ал баарына тынчтык алып келет. Чынында биздин элчилерибиз Исраил урпактарына ачык-айкын далилдерди алып келди. Ошентсе да, алардын көбү күнөөгө берилип жана элчилерге каршы чыгып Аллахтын чегининен чыгып кетишти
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• حرمة النفس البشرية، وأن من صانها وأحياها فكأنما فعل ذلك بجميع البشر، وأن من أتلف نفسًا بشرية أو آذاها من غير حق فكأنما فعل ذلك بالناس جميعًا.
Адамдын жаны кымбат, ким аны сактаса, муну бардык адам баласына кылгандай болот. Ким эч себепсиз эле аны өлтүрсө же ага зыянын тийгизсе, муну бардык адам баласына жасагандай болот.

• عقوبة الذين يحاربون الله ورسوله ممن يفسدون بالقتل وانتهاب الأموال وقطع الطرق هي: القتل بلا صلب، أو مع الصلب، أو قطع الأطرف من خلاف، أو بتغريبهم من البلاد؛ وهذا على حسب ما صدر منهم.
Адам өлтүрүү, мал-мүлктү тартып алуу, жол тосуп каракчылык кылуу сыяктуу кылмыштар менен Аллахка жана Анын элчисине каршы чыккандардын жазасы - аларды асып же асбастан өлтүрүү, же буту-колун каршы-терши кесүү же жашаган жеринен сүргүн кылуу; бул алардын кылганына жараша болот.

• توبة المفسدين من المحاربين وقاطعي الطريق قبل قدرة السلطان عليهم توجب العفو.
Жол тоскон же согушкан бузукулар колго түшүп, жоопко тартылганга чейин тообо кылып, жаман ишин таштаса, кечирилет

 
対訳 節: (32) 章: 食卓章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる