クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (19) 章: 家畜章
قُلۡ أَيُّ شَيۡءٍ أَكۡبَرُ شَهَٰدَةٗۖ قُلِ ٱللَّهُۖ شَهِيدُۢ بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۚ وَأُوحِيَ إِلَيَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ لِأُنذِرَكُم بِهِۦ وَمَنۢ بَلَغَۚ أَئِنَّكُمۡ لَتَشۡهَدُونَ أَنَّ مَعَ ٱللَّهِ ءَالِهَةً أُخۡرَىٰۚ قُل لَّآ أَشۡهَدُۚ قُلۡ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ وَإِنَّنِي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ
Оо, элчи, сени жалгансы деген бутпарастарга: Менин чынчылдыгыма кайсы нерсе күчтүү жана ишенимдүү күбө болот? - деп айт. Анан айт: Аллах менин чынчылдыгыма күчтүү, ишенимдүү күбө, Ал менин менен силердин ортоңордо Күбө болуучу, менинсилерге эмнени алып келгенимди жана силердин эмнени кайтарарыңарды билет. Аллах Таала мага силерди жана Куран жеткен инсан, жиндердин баарын эскертүү үчүн Куранды аян кылган. Силер, эй, бутпарастар, Аллах менен бирге дагы башка ибадат кылууга боло турган нерселер бар деп ишенесиңер. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Силер ишенген нерсеңер жалган болгону үчүн ага мен күбө боло албайм, чынында Аллах ибадатка ылайыктуу Жалгыз, Анын шериги жок, мен Ага шерик кошкондордун баарынан жүз буруп четтеймин.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• بيان الحكمة في إرسال النبي عليه الصلاة والسلام بالقرآن، من أجل البلاغ والبيان، وأعظم ذلك الدعوة لتوحيد الله.
Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Куран менен жиберүүсүнүн хикмат-сыры өтө жеткиликтүү баян кылынды. Анын сырларынын негизгиси бир Кудайга ибадат кылуу ишенимине чакыруу

• نفي الشريك عن الله تعالى، ودحض افتراءات المشركين في هذا الخصوص.
Аллахка шерик кошуудан тыюу, бул жааттагы бутпарастардын жалган ишенимдерин жокко чыгаруу баян кылынды

• بيان معرفة اليهود والنصارى للنبي عليه الصلاة والسلام، برغم جحودهم وكفرهم.
Каапырлыктарына жана танууларына карабастан, яхудилер менен христиандар пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) таанып-билишкен

 
対訳 節: (19) 章: 家畜章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる