クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 対訳の目次


対訳 節: (99) 章: 家畜章
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦ نَبَاتَ كُلِّ شَيۡءٖ فَأَخۡرَجۡنَا مِنۡهُ خَضِرٗا نُّخۡرِجُ مِنۡهُ حَبّٗا مُّتَرَاكِبٗا وَمِنَ ٱلنَّخۡلِ مِن طَلۡعِهَا قِنۡوَانٞ دَانِيَةٞ وَجَنَّٰتٖ مِّنۡ أَعۡنَابٖ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُشۡتَبِهٗا وَغَيۡرَ مُتَشَٰبِهٍۗ ٱنظُرُوٓاْ إِلَىٰ ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثۡمَرَ وَيَنۡعِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكُمۡ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах асмандан жамгыр жаадырат. Жамгыр суусу менен өсүмдүктөрдүн бардык түрүн өстүрдүк, өсүмдүктөрдөн жапжашыл эгиндерди жана дарактарды чыгардык. Андан дандары бири-бирине жабышкан машактарды чыгарабыз. Курманын бутактарынан отурган адам да, турган адам да жетчүдөй ийилген шиңгил мөмөлөрү чыгат. Ошондой эле жүзүм бакчаларын, жалбырактары окшош бирок, мөмөлөрү ар башка зайтун жана анар бактарын чыгарабыз. Эй, адамдар, мөмөлөр эми байлаганда жана алар бышып-жетилип калганда аларга карагыла! Эй, адамдар, мында, далил, белгилерден пайда алып, Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• الاستدلال ببرهان الخلق والرزق (تخليق النبات ونموه وتحول شكله وحجمه ونزول المطر) وببرهان الحركة (حركة الأفلاك وانتظام سيرها وانضباطها)؛ وكلاهما ظاهر مشاهَد - على انفراد الله سبحانه وتعالى بالربوبية واستحقاق الألوهية.
Жаратууну жана ырыскы берүүнү (өсүмдүктөрдүн жаралуусу, өсүүсү, түрүнүн, формасынын өзгөрүүсү, жамгырдын жаашы ж.б.) ошондой эле кыймылды (асман мейкиндигиндеги кыймылдарды, планеталардын жүрүшү ж.б.) далил кылганы, бул экөө тең Аллах Тааланын жаратуучулукта жана ибадат кылууда жалгыз татыктуу Зат экенине ачык-айкын далил.

• بيان ضلال وسخف عقول المشركين في عبادتهم للجن.
Жиндерге ибадат кылган бутпарастардын кем акылдыгы жана адашуусу айтылды.

 
対訳 節: (99) 章: 家畜章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 対訳の目次

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

閉じる