Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 王権章   節:

Мулк

本章の趣旨:
إظهار كمال ملك الله وقدرته؛ بعثًا على خشيته، وتحذيرًا من عقابه.
Аллахтан коркууга үндөө жана Анын жазасынан сактануу максатта Анын бийлиги менен кудуреттүүлүгүнүн толуктугун ачык көргөзүү.

تَبَٰرَكَ ٱلَّذِي بِيَدِهِ ٱلۡمُلۡكُ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Мүлк жалгыз Анын колунда болгон Аллахтын жакшылыгы көбөйдү жана улук болду. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч нерсе алсырата албайт.
アラビア語 クルアーン注釈:
ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡمَوۡتَ وَٱلۡحَيَوٰةَ لِيَبۡلُوَكُمۡ أَيُّكُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗاۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفُورُ
Оо, адамдар! Ал силердин кимиңер жакшы иш-аракеттерди кыларыңарды сынаш үчүн өлүм менен жашоону жаратты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Кечиримдүү.
アラビア語 クルアーン注釈:
ٱلَّذِي خَلَقَ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ طِبَاقٗاۖ مَّا تَرَىٰ فِي خَلۡقِ ٱلرَّحۡمَٰنِ مِن تَفَٰوُتٖۖ فَٱرۡجِعِ ٱلۡبَصَرَ هَلۡ تَرَىٰ مِن فُطُورٖ
Ал жети асманды жаратты. Алардын ар бири эки асман бири-бирине тийишпегендей өзүнөн мурунку асмандан жогору турган өзүнчө бир катмар. Оо, назар салуучу! Сен Аллахтын жараткандарынан эч кандай айырмачылыкты жана келишпестикти таппайсың. Дагы бир жолу карап көрчү! Сен кандайдыр бир жарылууну же бөлүнүүнү көрүп жатасыңбы? Андайды эч качан көрбөйсүң. Акыйкатта сен чеберчилик жана тактык менен жаратылган нерсени гана көрөсүң.
アラビア語 クルアーン注釈:
ثُمَّ ٱرۡجِعِ ٱلۡبَصَرَ كَرَّتَيۡنِ يَنقَلِبۡ إِلَيۡكَ ٱلۡبَصَرُ خَاسِئٗا وَهُوَ حَسِيرٞ
Андан кийин да улам-улам карап көрчү! Көзүң сага асмандын жаралуусунан эч кандай айып-кемчиликти көрбөстөн, кор болгон жана карагысы келбей чарчаган абалда өзүңө кайтат.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَلَقَدۡ زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِمَصَٰبِيحَ وَجَعَلۡنَٰهَا رُجُومٗا لِّلشَّيَٰطِينِۖ وَأَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابَ ٱلسَّعِيرِ
Жана Биз жерге эң жакын асманды жаркыраган жылдыздар менен кооздодук жана ал жылдыздарды сөз тыңшаган жин-шайтандарда атылуучу чок таш кылдык. Биз алар үчүн акыретте жалындаган отту даярдап койдук.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَلِلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ عَذَابُ جَهَنَّمَۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Ал эми Раббисине каапырлык кылгандарга кыямат күнү алоолонгон тозок азабы даярдалган. Алардын кайтып барар жайы кандай жаман!
アラビア語 クルアーン注釈:
إِذَآ أُلۡقُواْ فِيهَا سَمِعُواْ لَهَا شَهِيقٗا وَهِيَ تَفُورُ
Алар тозокко ыргытылганда, казан буркулдап кайнаган сыяктуу буркулдаган жаман үндү угушту.
アラビア語 クルアーン注釈:
تَكَادُ تَمَيَّزُ مِنَ ٱلۡغَيۡظِۖ كُلَّمَآ أُلۡقِيَ فِيهَا فَوۡجٞ سَأَلَهُمۡ خَزَنَتُهَآ أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ نَذِيرٞ
Ал ага кирген адамдарга катуу каарданганынан, бири-биринен бөлүнүп-жарылып кетчүдөй болот. Ага тозоктук каапырлардын тобу ыргытылган сайын, ага жоопкер болгон периштелер аларды жемелеп: «Силерге дүйнөдө Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген эмес беле?» – деп сурашат.
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالُواْ بَلَىٰ قَدۡ جَآءَنَا نَذِيرٞ فَكَذَّبۡنَا وَقُلۡنَا مَا نَزَّلَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٍ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ كَبِيرٖ
Каапырлар айтышты: «Ооба, бизге Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген, бирок биз аны жалганга чыгарып мындай дегенбиз: «Аллах эч кандай вахий түшүргөн жок. Эй, элчилер! Силер акыйкаттан катуу адашып кеткенсиңер».
アラビア語 クルアーン注釈:
وَقَالُواْ لَوۡ كُنَّا نَسۡمَعُ أَوۡ نَعۡقِلُ مَا كُنَّا فِيٓ أَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ
Каапырлар айтышты: «Эгерде биз пайда ала тургандай деңгээлде укканыбызда же чындыкты жалгандан айырмалай тургандай абалда акыл жүгүрткөнүбүздө, тозоктук адамдардын катарында болбойт элек. Тескерисинче, пайгамбарларга ыйман келтирип, алардын алып келгенин чындык деп тастыктап жана бейиштик адамдардан болмокпуз».
アラビア語 クルアーン注釈:
فَٱعۡتَرَفُواْ بِذَنۢبِهِمۡ فَسُحۡقٗا لِّأَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ
Ошентип алар өздөрүнүн каапырлыгын жана жалганга чыгаргандарын моюндарына алып, тозокко татыктуу болушту. Алыс болсун, тозок ээлери!
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُم بِٱلۡغَيۡبِ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٞ كَبِيرٞ
Чындыгында жалгыз калган кезде Аллахтан корккондор үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана улуу сыйлык болгон бейиш бар.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• في معرفة الحكمة من خلق الموت والحياة وجوب المبادرة للعمل الصالح قبل الموت.
Өлүм менен жашоонун жаралуу максатын билүүдө, өлүм келгенге чейин жакшылык иштерди кылууга шашылууга болгон милдет камтылган.

• حَنَقُ جهنم على الكفار وغيظها غيرةً لله سبحانه.
Тозоктун каапырларга кыжырлануусу жана ачуулануусу – Аллах тааланын кызгануусу.

• سبق الجن الإنس في ارتياد الفضاء وكل من تعدى حده منهم، فإنه سيناله الرصد بعقاب.
Жиндер космосту адамзаттан мурун өздөштүргөн. Алардын кимиси анын чегинен чыкса, ал жазалоочу буктурмага түшөт.

• طاعة الله وخشيته في الخلوات من أسباب المغفرة ودخول الجنة.
Жалгыз калган кезде Аллахка моюн сунуу жана Андан коркуу – кечиримдин жана бейишке кирүүнүн себептеринен.

 
対訳 章: 王権章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる