Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 真実章   節:

Хакка

本章の趣旨:
إثبات أن وقوع القيامة والجزاء فيها حقٌّ لا ريب فيه.
Кыяматтын болуусу жана андагы жазалар эч шек күмөнсүз болорун бекемдөө.

ٱلۡحَآقَّةُ
Аллах баарына анык келе турган кайра тирилүү убактысын эскерди.
アラビア語 クルアーン注釈:
مَا ٱلۡحَآقَّةُ
Андан соң «Анык Келүүчү деген эмне?» деген суроо менен анын ордун даңазалады.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحَآقَّةُ
Сен ал Анык келүүчү эмне экенин кайдан билмек элең?
アラビア語 クルアーン注釈:
كَذَّبَتۡ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلۡقَارِعَةِ
Салихтин коому Самуд менен Худдун коому Аад коркунучтарынын катааалдыгы менен адамдарга сокку урган кыяматты жалганга чыгарышты.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهۡلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ
Аллах Самудду күчтүүлүк жана коркунуч жактан чегине жеткен катуу кыйкырык менен жок кылды.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَأَمَّا عَادٞ فَأُهۡلِكُواْ بِرِيحٖ صَرۡصَرٍ عَاتِيَةٖ
Ал эми Аадды катаалдык жактан чегине жеткен ызгаардуу суук шамал менен жок кылды.
アラビア語 クルアーン注釈:
سَخَّرَهَا عَلَيۡهِمۡ سَبۡعَ لَيَالٖ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومٗاۖ فَتَرَى ٱلۡقَوۡمَ فِيهَا صَرۡعَىٰ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٍ خَاوِيَةٖ
Аллах аны аларга жети түн, сегиз күнгө жиберип, ал алардын бирин да калтырбай жок кылды. Сен аларды кыйроого учурагандан кийин жерге кулап чирип калган курманын тамырлары сыяктуу өз турак-жайларында жерде сулап өлүп жаткандарын көрөсүң.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَهَلۡ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٖ
Сен алардын башына түшкөн азаптан кийин тирүү калган жанды көрдүңбү?
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• الصبر خلق محمود لازم للدعاة وغيرهم.
Сабырдуулук – даават кылгандарга жана башкаларга зарыл болгон мактоого татыктуу сыпат.

• التوبة تَجُبُّ ما قبلها وهي من أسباب اصطفاء الله للعبد وجعله من عباده الصالحين.
Тобо кылуу мурунку күнөөлөрдү жок кылат жана Аллахтын пендени тандоосуна, аны такыба пенделеринен кылуусуна себеп болот.

• تنوّع ما يرسله الله على الكفار والعصاة من عذاب دلالة على كمال قدرته وكمال عدله.
Аллах каапырларга жана күнөөкөрлөргө жиберген азаптын ар түрдүүлүгү – Анын кудуреттүүлүгү менен адилеттүүлүгүнүн кемчиликсиз экендигин билдирет.

 
対訳 章: 真実章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる