Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 包る者章   節:

Мудасир

本章の趣旨:
الأمر بالاجتهاد في دعوة المكذبين، وإنذارهم بالآخرة والقرآن.
Жалганга чыгаруучуларга даават кылууда тырышуу жана аларды акырет, Куран менен коркутуу

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ
Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!
アラビア語 クルアーン注釈:
قُمۡ فَأَنذِرۡ
Тургун жана Аллахтын азабын эскерт!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ
Раббиңди улукта!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ
Кийимиңди тазала!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ
Айкелдерге сыйынуудан алыс бол!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ
Жакшылык иштерди көп кылдым деп Раббиңе милдет кылба!
アラビア語 クルアーン注釈:
وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ
Аллах үчүн тарткан зыяндарга сабыр кыл!
アラビア語 クルアーン注釈:
فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ
Качан керней экинчи жолу тартылганда.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٖ يَوۡمٌ عَسِيرٌ
Мына ошол күн – катаал күн.
アラビア語 クルアーン注釈:
عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٖ
Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга оңой болбойт.
アラビア語 クルアーン注釈:
ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدٗا
Оо, пайгамбар! Мен энесинин курсагында байлыксыз же баласыз жалгыз кылып жараткан (Валид ибн аль-Мугийраны) Мага ташта.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالٗا مَّمۡدُودٗا
Мен ага көп мал-мүлк бердим.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَبَنِينَ شُهُودٗا
Жана аны менен бирге жүрүп, чогулуштарга бирге катышкан жана байлыгынын көптүгү себептүү сапарда да андан бөлүнбөгөн уулдарды бердим.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدٗا
Жана ага жашоону, ырыскыны жана бала-чаканы кенен кылдым.
アラビア語 クルアーン注釈:
ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ
Кийин ал Мага кылган каапырлыгына карабастан, Мен ага ошонун баарын бергенден кийин дагы көбөйтсө экен деп каалап жатат.
アラビア語 クルアーン注釈:
كَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا
Абал ал элестеткендей эмес. Чындыгында ал пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды четке какты жана аларды жалганга чыгарды.
アラビア語 クルアーン注釈:
سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا
Жакында Мен ага көтөрө албаган азаптын машакатын тарттырам.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ
Мен ушундай жакшылыктарды берген бул каапыр Куранды жалганга чыгаруу тууралуу айтканын ойлонду жана аны ичинен болжоду.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• المشقة تجلب التيسير.
Кыйынчылык жеңилдикти алып келет.

• وجوب الطهارة من الخَبَث الظاهر والباطن.
Сырткы жана ички ыпластыктан тазалануунун милдеттүүлүгү.

• الإنعام على الفاجر استدراج له وليس إكرامًا.
Бузуку адамга жакшылыктарды берүү – аны сыйлагандык эмес, аны акырындык менен жазалоо.

 
対訳 章: 包る者章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる