ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - الترجمة القيرغيزية * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: សូរ៉ោះអាត់តះរីម   អាយ៉ាត់:

Тахрим

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَآ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكَۖ تَبۡتَغِي مَرۡضَاتَ أَزۡوَٰجِكَۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллах сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасың?! Аллах Кечиримдүү, Боорукер![1]
[1] Сүрөнүн «Тахрим» (Өзүнө бир нерсени арам кылып алуу) деп аталышына төмөндөгү окуя себеп болгон: Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Зейнеп деген аялынын үйүнөн бал ичип чыгат жана Хафса менен Айшанын алдына кирет. Бул эки аялы Зейнепке катуу атаандаштык кылчу. Анан экөө сүйлөшүп алып, пайгамбарыбызга «Оозуңуз бир аз жыттанып калыптыр» дешет. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аялдарынын көңүлү үчүн «Экинчи бал ичпеймин» деп ант берет. Бул аят ушул жоругу үчүн пайгамбарыбызга Аллахтын эскертүүсү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قَدۡ فَرَضَ ٱللَّهُ لَكُمۡ تَحِلَّةَ أَيۡمَٰنِكُمۡۚ وَٱللَّهُ مَوۡلَىٰكُمۡۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн.[1] Силердин кожоюнуңар – Аллах. Ал – Билүүчү, Даанышман.
[1] Аллах таала үйрөткөн анттан кайтуунун жолу он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо бир кул азат кылуу. Эгер ага кудурети жетпесе, үч күн орозо тутуу.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَإِذۡ أَسَرَّ ٱلنَّبِيُّ إِلَىٰ بَعۡضِ أَزۡوَٰجِهِۦ حَدِيثٗا فَلَمَّا نَبَّأَتۡ بِهِۦ وَأَظۡهَرَهُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ عَرَّفَ بَعۡضَهُۥ وَأَعۡرَضَ عَنۢ بَعۡضٖۖ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِۦ قَالَتۡ مَنۡ أَنۢبَأَكَ هَٰذَاۖ قَالَ نَبَّأَنِيَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡخَبِيرُ
Бир кезде пайгамбар аялдарынын кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди). Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллах (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллах билдирген нерселердин) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллах) билдирди!».[1]
[1] Бул аяттагы сыр ачкан аял Хафса энебиз. Ал сырды Айша энебизге айтып койот. Демек, бул жерде экөө тең күнөөлүү: бири сырды ачуучу, экинчиси аны жактырып угуучу.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِن تَتُوبَآ إِلَى ٱللَّهِ فَقَدۡ صَغَتۡ قُلُوبُكُمَاۖ وَإِن تَظَٰهَرَا عَلَيۡهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ مَوۡلَىٰهُ وَجِبۡرِيلُ وَصَٰلِحُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ
(Оо, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллахка тообо кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Эгеси – Аллах! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
عَسَىٰ رَبُّهُۥٓ إِن طَلَّقَكُنَّ أَن يُبۡدِلَهُۥٓ أَزۡوَٰجًا خَيۡرٗا مِّنكُنَّ مُسۡلِمَٰتٖ مُّؤۡمِنَٰتٖ قَٰنِتَٰتٖ تَٰٓئِبَٰتٍ عَٰبِدَٰتٖ سَٰٓئِحَٰتٖ ثَيِّبَٰتٖ وَأَبۡكَارٗا
Эгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллах ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тообо кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ وَأَهۡلِيكُمۡ نَارٗا وَقُودُهَا ٱلنَّاسُ وَٱلۡحِجَارَةُ عَلَيۡهَا مَلَٰٓئِكَةٌ غِلَاظٞ شِدَادٞ لَّا يَعۡصُونَ ٱللَّهَ مَآ أَمَرَهُمۡ وَيَفۡعَلُونَ مَا يُؤۡمَرُونَ
«Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!»
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَعۡتَذِرُواْ ٱلۡيَوۡمَۖ إِنَّمَا تُجۡزَوۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Эй, каапырлар! Бул (Кыямат) күнү кечирим сурабай эле койгула, өзүңөр жасаган кылмышка жараша жазаңарды аласыңар!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ تُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ تَوۡبَةٗ نَّصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيُدۡخِلَكُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ يَوۡمَ لَا يُخۡزِي ٱللَّهُ ٱلنَّبِيَّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥۖ نُورُهُمۡ يَسۡعَىٰ بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَتۡمِمۡ لَنَا نُورَنَا وَٱغۡفِرۡ لَنَآۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахка чын жүрөктөн тообо кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллах (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллах берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «Оо, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ جَٰهِدِ ٱلۡكُفَّارَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱغۡلُظۡ عَلَيۡهِمۡۚ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Оо, пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери – тозок! Кандай жаман акыбет!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱمۡرَأَتَ نُوحٖ وَٱمۡرَأَتَ لُوطٖۖ كَانَتَا تَحۡتَ عَبۡدَيۡنِ مِنۡ عِبَادِنَا صَٰلِحَيۡنِ فَخَانَتَاهُمَا فَلَمۡ يُغۡنِيَا عَنۡهُمَا مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗا وَقِيلَ ٱدۡخُلَا ٱلنَّارَ مَعَ ٱلدَّٰخِلِينَ
Аллах каапырлар(дын акыбети кандай бүтүшүн билгизүү) үчүн Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал келтирди. Экөө тең Биздин салих пенделерибиздин (никесинин) астында болчу. Экөөсү(нүн аялы) аларга кыянат кылышты. Анан, эки пайгамбар тең Аллах тарабынан (азап болуп келген) нерседен эки аялды куткара албай калышты. Жана (эки аялдын бири сууга чөгүп, экинчисин жер жутуп өлгөндө, аларга) «киргендер менен бирге тозокко киргиле!» деп айтылды.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱمۡرَأَتَ فِرۡعَوۡنَ إِذۡ قَالَتۡ رَبِّ ٱبۡنِ لِي عِندَكَ بَيۡتٗا فِي ٱلۡجَنَّةِ وَنَجِّنِي مِن فِرۡعَوۡنَ وَعَمَلِهِۦ وَنَجِّنِي مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Аллах ыймандуулар үчүн Фараондун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «Оо, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда – бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фараон менен анын амалынан куткар! Мени залым адамдардан сакта!» деди.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَرۡيَمَ ٱبۡنَتَ عِمۡرَٰنَ ٱلَّتِيٓ أَحۡصَنَتۡ فَرۡجَهَا فَنَفَخۡنَا فِيهِ مِن رُّوحِنَا وَصَدَّقَتۡ بِكَلِمَٰتِ رَبِّهَا وَكُتُبِهِۦ وَكَانَتۡ مِنَ ٱلۡقَٰنِتِينَ
(Жана Аллах) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк.[1] Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду.
[1] Жебирейил периште анын жакасынан үйлөгөндө, ошол дем аркылуу Аллах тааланын «бол!» деген буйругу менен Исага кош бойлуу болот. Маалым болгондой бул окуяда Исаны Аллах таалага бала кылып таңуулагыдай эч нерсе жок.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: សូរ៉ោះអាត់តះរីម
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - الترجمة القيرغيزية - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

បិទ