Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ


ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អាក់រ៉ហ្វ   អាយ៉ាត់:

Аaраф

គោល​បំណងនៃជំពូក:
انتصار الحق في صراعه مع الباطل، وبيان عاقبة المستكبرين في الدنيا والآخرة.
Чындыктын жалган менен болгон күрөштөгү жеңиши жана текеберлердин бул дүйнөдө жана акыреттеги акыбети

الٓمٓصٓ
Бул тамгалардын чечмеленүүсү тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
كِتَٰبٌ أُنزِلَ إِلَيۡكَ فَلَا يَكُن فِي صَدۡرِكَ حَرَجٞ مِّنۡهُ لِتُنذِرَ بِهِۦ وَذِكۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, элчи, Курани Карим Аллах сага түшүргөн китеп, жүрөгүңдө ага эч шек-күмөн болбосун. Аны менен адамдарды коркутууң жана аларга далил кылууң, ошондой эле эскертүүдөн пайда алуучу ыймандууларга эскертүүң үчүн сага аны түшүрдүк.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ٱتَّبِعُواْ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُمۡ وَلَا تَتَّبِعُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَۗ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ
Оо, адамдар, Раббиңер силерге түшургөн китепке жана пайгамбарыңардын сүннөтүнө ээрчигиле. жаман ишти кооз көрсөткөн шайтандардын досторунун каалоосуна ээрчибегиле. Каалооңорго жаккан үчүн силерге түшкөн нерсени таштап аларды үзгүлтүксүз ээрчийсиңер. Силер өтө аз эскересиңер; Эгер башкага караганда чындыкка жакын экениңерди эстегениңерде , элчиңер алып келген динге ээрчип, ошону аткарып, андан башкасынын баарын таштайт элеңер.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَكَم مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَا فَجَآءَهَا بَأۡسُنَا بَيَٰتًا أَوۡ هُمۡ قَآئِلُونَ
Каапырлыкка жана адашууга кирип кеткен өтө көп айылдарды азабыбыз менен кыйраттык. Катуу азаптарыбыз алар эч нерседен капарсыз турган күндөрдө жана түндөрдө түштү. Алар өздөрүн азаптан сактай алган жок жана алар кудай деп эсептеген нерселери да сактап кала алган жок
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَمَا كَانَ دَعۡوَىٰهُمۡ إِذۡ جَآءَهُم بَأۡسُنَآ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Аларга азап түшкөндө, Аллахка каапыр болуп өздөрүнө зыян кылганын моюнуна алышканынан башка эч нерсе калбады.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَلَنَسۡـَٔلَنَّ ٱلَّذِينَ أُرۡسِلَ إِلَيۡهِمۡ وَلَنَسۡـَٔلَنَّ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Кыямат күнү элчилерибиз жиберилген элдерден, алар элчилерге кандай жооп бергенин сурайбыз. Ошондой эле элчилерден аларга жүктөлгөн милдетти кандай жеткиргендигин жана эли аларга кандай жооп бергенин сурайбыз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَلَنَقُصَّنَّ عَلَيۡهِم بِعِلۡمٖۖ وَمَا كُنَّا غَآئِبِينَ
Өзүбүздүн илимибиз менен бардык жаратылгандарга алар дүйнөдө кандай иштерди кылганын айтып беребиз. Акыйкатта, Биз алардын кылган иштеринин баарын билүүчү болгонбуз, анын эч нерсеси бизге белгисиз болуп калбайт. Биз эч бир убакта алардын жанында жок болуп калган эмеспиз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱلۡوَزۡنُ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡحَقُّۚ فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Кыямат күнү иштерди таразага тартуу адилдик менен болот, анда эч ким жабыр жана залым кылынбайт. Таразада кимдин жакшы иштери жаман иштерине караганда салмактуу болсо, мына ошолор самаганына жетет, коркконунан кутулат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُم بِمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَظۡلِمُونَ
Ал эми таразада кимдин жаман иштери жакшы иштерине караганда салмактуу болсо, алар Аллахтын аяттарын танганы себептүү кыямат күндө болуучу азапты тандап өздөрүнө зыян кылып алгандар
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَقَدۡ مَكَّنَّٰكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلۡنَا لَكُمۡ فِيهَا مَعَٰيِشَۗ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ
Оо, Адам балдары, чынында, Биз силерди жерге отурукташтырдык жана анда жашап кетүүгө себептерди кылдык. Бул үчүн силер Аллахка шүгүр кылышыңар керек эле, бирок, өтө аз шүгүр кылдыңар.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَٰكُمۡ ثُمَّ صَوَّرۡنَٰكُمۡ ثُمَّ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ لَمۡ يَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ
Оо, адамдар, Биз атаңар Адамды жараттык, ага өтө кооз сурөт жана кейип бердик. Анан урмат көрсөтүү үчүн периштелерди ага сажда кылууга буйрудук, алар буйрукту аткарып, сажда кылышты. Бир гана Ибилис текеберлик жана кежирлик кылып, сажда кылуудан баш тартты.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• من مقاصد إنزال القرآن الإنذار للكافرين والمعاندين، والتذكير للمؤمنين.
Курандын тушүрүлүүдөгү максаттарынын бири - каапырларды жана кежирлерди коркутуу, ыймандууларды эскертүү.

• أنزل الله القرآن إلى المؤمنين ليتبعوه ويعملوا به، فإن فعلوا ذلك كملت تربيتهم، وتمت عليهم النعمة، وهُدُوا لأحسن الأعمال والأخلاق.
Аллах Таала Куранды ыймандуулар ага ээрчип, андагыларды аткаруусу үчүн түшүрдү. Эгер ушундай кылышса, тарбиялары толук, жакшылыктары жеткиликтүү болуп, эң жакшы иш жана ахлакка багытталат.

• الوزن يوم القيامة لأعمال العباد يكون بالعدل والقسط الذي لا جَوْر فيه ولا ظلم بوجه.
Кыямат күнүндөгү пенделердин кылгандарын тартуучу тараза адилдик жана тактык менен болот, эч кимге жабыр болбойт, залым кылынбайт.

• هَيَّأ الله الأرض لانتفاع البشر بها، بحيث يتمكَّنون من البناء عليها وحَرْثها، واستخراج ما في باطنها للانتفاع به.
Аллах Таала жерди адам баласы анда имараттарды куруп, эгин эгип пайдалансын үчүн жана анын ичиндегилерди чыгарып пайдасын көрүүсү үчүн жараткан.

 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អាក់រ៉ហ្វ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

ត្រូវបានចេញដោយមជ្ឈមណ្ឌល តាហ្វសៀរនៃការសិក្សាគម្ពីគួរអាន

បិទ