Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಅನ್ಕಬೂತ್   ಶ್ಲೋಕ:
۞ وَلَا تُجَٰدِلُوٓاْ أَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ إِلَّا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡهُمۡۖ وَقُولُوٓاْ ءَامَنَّا بِٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡنَا وَأُنزِلَ إِلَيۡكُمۡ وَإِلَٰهُنَا وَإِلَٰهُكُمۡ وَٰحِدٞ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ
Силер (оо, ыймандуулар) китеп элдери (жөөттөр, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка каршы чыгып) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир (- Аллах). Биз Ага моюн сунуучуларбыз».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَۚ فَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يُؤۡمِنُونَ بِهِۦۖ وَمِنۡ هَٰٓؤُلَآءِ مَن يُؤۡمِنُ بِهِۦۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا ٱلۡكَٰفِرُونَ
Ошондой эле, (оо, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудилер менен христиандар) дагы ал китепке (Куранга) ыйман келтиришүүдө.[1] Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Куранга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат.
[1] Ынсаптуу яхуди жана христиан аалымдары өздөрүнүн ыйык китептериндеги Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын ысымын, сыпатын окуп билген соң, ыйман келтирип мусулман болушкан жана бул жараян азыркы күндөрдө да жүрүп жатат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَمَا كُنتَ تَتۡلُواْ مِن قَبۡلِهِۦ مِن كِتَٰبٖ وَلَا تَخُطُّهُۥ بِيَمِينِكَۖ إِذٗا لَّٱرۡتَابَ ٱلۡمُبۡطِلُونَ
Сен Курандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Куранды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
بَلۡ هُوَ ءَايَٰتُۢ بَيِّنَٰتٞ فِي صُدُورِ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا ٱلظَّٰلِمُونَ
Жок! Ал (Куран) - илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды залым адамдар гана четке кагат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَقَالُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَٰتٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قُلۡ إِنَّمَا ٱلۡأٓيَٰتُ عِندَ ٱللَّهِ وَإِنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Жана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аят-белгилер келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Аят-белгилер Аллахтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أَوَلَمۡ يَكۡفِهِمۡ أَنَّآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَرَحۡمَةٗ وَذِكۡرَىٰ لِقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн (далил-баяндуу Куран) китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُلۡ كَفَىٰ بِٱللَّهِ بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡ شَهِيدٗاۖ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ وَكَفَرُواْ بِٱللَّهِ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
(Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө болуу үчүн Аллахтын Өзү жетиштүү! Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билет. Ал эми, жалганга ыйман келтирип, Аллахга каапыр болгондор дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಅನ್ಕಬೂತ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಅನುವಾದ - ಶಮ್ಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋಫ್ ಅಬ್ದುಲ್ ಖಾಲಿಕ್ ರುವ್ವಾದ್ ಭಾಷಾಂತರ ಕೇಂದ್ರದ ಮೇಲ್ವಿಚಾರಣೆಯಲ್ಲಿ ಇದನ್ನು ಅಭಿವೃದ್ಧಿಪಡಿಸಲಾಗಿದೆ.

ಮುಚ್ಚಿ