Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ


ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಫೀಲ್   ಶ್ಲೋಕ:

Фил

ಅಧ್ಯಾಯದ ಉದ್ದೇಶಗಳು:
بيان قدرة الله وبطشه بالكائدين لبيته المحرّم.
Аллахтын Харам мечитине кара ниеттүүлүк кылгандарды кыйратууга Аллах Таала кудуреттүү экени баяндалган.

أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصۡحَٰبِ ٱلۡفِيلِ
Оо, пайгамбар! Пил ээлери болгон Абраха жана анын жан жөкөрлөрү Каабаны талкалоону каалаганда Раббиң аларды эмне кылганын билбедиңби?
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أَلَمۡ يَجۡعَلۡ كَيۡدَهُمۡ فِي تَضۡلِيلٖ
Аллах алардын аны талкалайбыз деген жаман ойлорун текке кетирди. Алар адамдарды Каабадан бурабыз деген тилектерине жетишпеди жана андан эч нерсе ала алышпады.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَأَرۡسَلَ عَلَيۡهِمۡ طَيۡرًا أَبَابِيلَ
Аларга топ-тобу менен келген канаттууларды жиберди.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
تَرۡمِيهِم بِحِجَارَةٖ مِّن سِجِّيلٖ
Аларга каткан чопо таштарды ыргытышты.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَجَعَلَهُمۡ كَعَصۡفٖ مَّأۡكُولِۭ
Аллах аларды малдар тебелеп тепсеп жеген эгин жалбырактарындай кылып койду.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• خسران من لم يتصفوا بالإيمان وعمل الصالحات، والتواصي بالحق، والتواصي بالصبر.
Ыйман келтирүү, жакшылык иштерди кылуу, бири-бирине акыйкатты жана ага сабыр кылууну осуят кылуу сыяктуу сыпаттарга ээ болбогон адам жоготууга учурайт.

• تحريم الهَمْز واللَّمْز في الناس.
Адамдарды сөз жана ишарат менен ушактоонун арамдыгы.

• دفاع الله عن بيته الحرام، وهذا من الأمن الذي قضاه الله له.
Аллахтын Өз ыйык Үйүн коргоосу. Бул да болсо Аллахтын ага өкүм кылып койгон коопсуздугунан.

 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಫೀಲ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪ್ರಕಾಶನ - ಕುರ್‌ಆನ್ ತಫ್ಸೀರ್ ಸ್ಟಡಿ ಸೆಂಟರ್

ಮುಚ್ಚಿ