Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ


ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಹೂದ್   ಶ್ಲೋಕ:
وَيَٰقَوۡمِ لَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شِقَاقِيٓ أَن يُصِيبَكُم مِّثۡلُ مَآ أَصَابَ قَوۡمَ نُوحٍ أَوۡ قَوۡمَ هُودٍ أَوۡ قَوۡمَ صَٰلِحٖۚ وَمَا قَوۡمُ لُوطٖ مِّنكُم بِبَعِيدٖ
Оо, элим! Менин силерге каршы чыкканым, силерди мен алып келген нерсени жалганга чыгарганга түртпөсүн. Нух, Худ жана Салихтин элдери азап көргөндөй силерге да ошондой азап келишинен корком. Ал эми Луттун элинин жашаган жери жана заманы да силерден узак эмес. Алардын башына эмне түшкөнүн билдиңер. Эми сабак алгыла.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِۚ إِنَّ رَبِّي رَحِيمٞ وَدُودٞ
Силер Раббиңерден кечирим сурагыла. Күнөөлөрүңөр үчүн Ага тообо кылгыла. Чындыгында Раббим тообо кылгандарга ырайымдуу. Алардын тообо кылгандарына Анын сүйүүсү өтө күчтүү.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالُواْ يَٰشُعَيۡبُ مَا نَفۡقَهُ كَثِيرٗا مِّمَّا تَقُولُ وَإِنَّا لَنَرَىٰكَ فِينَا ضَعِيفٗاۖ وَلَوۡلَا رَهۡطُكَ لَرَجَمۡنَٰكَۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡنَا بِعَزِيزٖ
Шуайбдын эли Шуайбга айтты: “Эй, Шуайб! Сен алып келген нерсеге көп түшүнө бербейбиз. Сени биздин арабыздан алсыз ойлойбуз, анткени эки көзүң жакшы көрбөйт же көр болуп калгансың. Эгерде сенин урук туугандарың биздин динибизде болбогондо, сени таш бараңга алып өлтүрмөкпүз. Сени өлтүрүүдөн корккондой сен бизге сыйлуу эмессиң. Болгону сенин жакын туугандарыңды урматтаганыбыздан сени өлтүрбөй таштап койдук”.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَهۡطِيٓ أَعَزُّ عَلَيۡكُم مِّنَ ٱللَّهِ وَٱتَّخَذۡتُمُوهُ وَرَآءَكُمۡ ظِهۡرِيًّاۖ إِنَّ رَبِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ مُحِيطٞ
Шуайб элине айтты: “Оо, элим! Эмне силерге менин урук туугандарым силердин Раббиңер болгон Аллахтан да сыйлуу жана урматтуубу? Силерге жөнөткөн пайгамбарына ыйман келтирбей койгон кезиңерде Аллахты аркаңарга калтырып, таштап койдуңар. Чындыгында Раббим силердин кылганыңарды бүт тараптан билип турат. Ага кылган иштериңердин эч нерсеси жашыруун эмес. Бул кылганыңар үчүн силерди бул дүйнөдө кыйроо жана Акыретте азап менен жазалайт.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَيَٰقَوۡمِ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنِّي عَٰمِلٞۖ سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ مَن يَأۡتِيهِ عَذَابٞ يُخۡزِيهِ وَمَنۡ هُوَ كَٰذِبٞۖ وَٱرۡتَقِبُوٓاْ إِنِّي مَعَكُمۡ رَقِيبٞ
Оо, элим! Силер ыраазы болгон жолуңарда колуңардан келгенин кылгыла. Мен да өзүм ыраазы болгон жолумда колуман келгенин кыламын. Жакында кимибизге жаза катары азап келип кор болоорун жана кимибиздин айткан сөздөрүбүз жалган экенин билесиңер. Эми Аллахтын буга болгон өкүмүн күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөмүн.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَلَمَّا جَآءَ أَمۡرُنَا نَجَّيۡنَا شُعَيۡبٗا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ بِرَحۡمَةٖ مِّنَّا وَأَخَذَتِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ ٱلصَّيۡحَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دِيَٰرِهِمۡ جَٰثِمِينَ
Шуайбдын элин кыйратууга буйрук келгенде, Шуайбды жана аны менен ыйман келтиргендерди биздин өз ырайымыбыз менен куткардык. Ал эми анын элинен болгон залымдар катуу кыйратуучу үндөн өлүштү. Жерге жүздөрү менен кулашып, беттери топуракка жармашып калды.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
كَأَن لَّمۡ يَغۡنَوۡاْ فِيهَآۗ أَلَا بُعۡدٗا لِّمَدۡيَنَ كَمَا بَعِدَتۡ ثَمُودُ
Алар буга чейин ал жерде мурда жашабаган сыяктуу болуп калышты. Аларга Аллахтын азабы жетип, мурда Самуд коомуна Аллахтын каары түшүп, анын ырайымынан алыстатылгандай мына Мадиян да Аллахтын ырайымынан алыстатылды.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ
Чындыгында Мусаны Аллахтын жалгыз экендигине далил болгон белгилерибиз менен жана анын алып келгенинин чындык экенине ачык-айкын далилдерибиз менен жөнөттүк.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَٱتَّبَعُوٓاْ أَمۡرَ فِرۡعَوۡنَۖ وَمَآ أَمۡرُ فِرۡعَوۡنَ بِرَشِيدٖ
Аны Фараонго жана анын элинин кадыр барктууларына жөнөттүк. Ал эми кадыр барктуулары болсо Фараондун “Аллахка каапыр болгула” деген буйругун ээрчишти. Аны ээрчигендей Фараондун буйругу акыйкатка туура келбейт.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• ذمّ الجهلة الذين لا يفقهون عن الأنبياء ما جاؤوا به من الآيات.
Пайгамбарлар алып келген аят-белгилерди түшүнбөгөн наадандарды жемелөө.

• ذمّ وتسفيه من اشتغل بأوامر الناس، وأعرض عن أوامر الله.
Аллахтын буйруктарынан жүз буруп, адамдардын буйруктарын аткаргандарды жемелөө жана акылсыз деп айыптоо.

• بيان دور العشيرة في نصرة الدعوة والدعاة.
Дааватка жана даават кылгандарга жардам берүүдө жакын туугандардын ордун баяндоо.

• طرد المشركين من رحمة الله تعالى.
Мушриктердин Аллах тааланын ырайымынан алыстатылуусу.

 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಹೂದ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪ್ರಕಾಶನ - ಕುರ್‌ಆನ್ ತಫ್ಸೀರ್ ಸ್ಟಡಿ ಸೆಂಟರ್

ಮುಚ್ಚಿ