Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ


ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಇಸ್ರಾಅ್   ಶ್ಲೋಕ:
إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ إِنَّ فَضۡلَهُۥ كَانَ عَلَيۡكَ كَبِيرٗا
Бирок Раббиңден сага ырайым болуп аян-кабарды кайра кайтарып алган жокпуз, аны сакталган абалында калтырдык. Раббиңдин сага кылган жакшылыгы чоң. Анткени сени пайгамбар кылды, сени пайгамбардын эң акыркысы кылды жана сага Куранды түшүрдү.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُل لَّئِنِ ٱجۡتَمَعَتِ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَىٰٓ أَن يَأۡتُواْ بِمِثۡلِ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ لَا يَأۡتُونَ بِمِثۡلِهِۦ وَلَوۡ كَانَ بَعۡضُهُمۡ لِبَعۡضٖ ظَهِيرٗا
Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Сага түшүрүлгөн Куран сыяктуу өткүрлүү, мыкты түзүлгөн жана уккулуктуу китеп алып келүү үчүн адамдар менен жиндер баары чогулушса да жана алар бири-бирине жардамдашса да Куранга окшош китепти эч качан алып келе алышпайт.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٖ فَأَبَىٰٓ أَكۡثَرُ ٱلنَّاسِ إِلَّا كُفُورٗا
Чындыгында Биз адамдарга бул Курандагы нерселерди баяндап бердик. Ошондой эле адамдар ыйман келтирүүлөрүн үмүт кылып Курандан сабак ала турган үлгү насааттарды, буйрук-тыюуларды жана окуялардын баарын түрлөп бердик. Көпчүлүк адамдар бул Куранды жокко чыгаруу менен четке кагышат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَقَالُواْ لَن نُّؤۡمِنَ لَكَ حَتَّىٰ تَفۡجُرَ لَنَا مِنَ ٱلۡأَرۡضِ يَنۢبُوعًا
Мушриктер мындай деп айтышты: “Эй, Мухаммад! Сен бизге Мекке жеринен суусу соолубай агып турган булак чыгарып бермейинче биз сага ыйман келтирбейбиз”.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أَوۡ تَكُونَ لَكَ جَنَّةٞ مِّن نَّخِيلٖ وَعِنَبٖ فَتُفَجِّرَ ٱلۡأَنۡهَٰرَ خِلَٰلَهَا تَفۡجِيرًا
Сага бак-дарактары көп бакча жана анда суусу мол агып турган дарыялар болсунбу?
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أَوۡ تُسۡقِطَ ٱلسَّمَآءَ كَمَا زَعَمۡتَ عَلَيۡنَا كِسَفًا أَوۡ تَأۡتِيَ بِٱللَّهِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ قَبِيلًا
Өзүң айткандай биздин үстүбүзгө асмандан азаптын бир бөлүгүн түшүрбөйсүңбү? Же сен айтып жатканыңды тастыкташ үчүн биздин алдыбызга Аллах жана периштелерди күбө катары алып келбейсиңби?
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أَوۡ يَكُونَ لَكَ بَيۡتٞ مِّن زُخۡرُفٍ أَوۡ تَرۡقَىٰ فِي ٱلسَّمَآءِ وَلَن نُّؤۡمِنَ لِرُقِيِّكَ حَتَّىٰ تُنَزِّلَ عَلَيۡنَا كِتَٰبٗا نَّقۡرَؤُهُۥۗ قُلۡ سُبۡحَانَ رَبِّي هَلۡ كُنتُ إِلَّا بَشَرٗا رَّسُولٗا
Сенин алтын же башка нерселер менен кооздолгон үйүң болуп же асманга көтөрүлсөң дагы сен Аллахтын элчиси экениңе ишенбейбиз. Эгер Аллахтан Мухаммад пайгамбар деп жазылган китеп алып келип бизге окутсаң гана ишенебиз. Эй, пайгамбар! Сен мушриктерге мындай деп айт: “Менин Раббим бардык айып-кемчиликтерден аруу Зат. Башка пайгамбарлар сыяктуу эле мен да адамдардан болгон пайгамбармын. Бир нерсени алып келүүгө кудуреттүү эмесмин. Ошондуктан силер сунуштап жаткан нерсени кантип алып келмек элем?!”.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَمَا مَنَعَ ٱلنَّاسَ أَن يُؤۡمِنُوٓاْ إِذۡ جَآءَهُمُ ٱلۡهُدَىٰٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَبَعَثَ ٱللَّهُ بَشَرٗا رَّسُولٗا
Каапырларды Аллахка жана анын пайгамбарына ыйман келтирүүдөн жана пайгамбар алып келген нерселерди аткаруудан тоскон нерсе – аларга келген пайгамбар адамзатынан болгондугун четке каккандыктары гана тоскоол болду. Алар айтышты: “Аллах бизге адамдан болгон пайгамбар жибердиби?”
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُل لَّوۡ كَانَ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَلَٰٓئِكَةٞ يَمۡشُونَ مُطۡمَئِنِّينَ لَنَزَّلۡنَا عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَلَكٗا رَّسُولٗا
Оо, пайгамбар! Аларга жооп кайтарып мындай деп айт: “Эгер жер бетинде периштелер жашап, алар силердей болуп тынч абалда басып жүрүшсө, анда Биз аларга өздөрүнөн болгон периштени элчи кылып жибермекпиз. Анткени периште аларга эмне жиберилгенин түшүндүрүп бере алмак. Биз периштелерге адамдардан болгон пайгамбар жөнөтсөк, анда ал даанышмандыкка туура келбейт. Силердин абалыңар да ошондой”.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُلۡ كَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدَۢا بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرَۢا بَصِيرٗا
Оо, пайгамбар! Айткын: “Мени менен силердин араңарда силерге менин пайгамбар экендигиме Аллах Өзү жетиштүү күбө. Мен эмне үчүн жөнөтүлгөн болсом ошонун баарын силерге жеткирдим. Аллах пенделеринин абалдарын толук билет. Ага пенделеринин абалдарынан эч бир нерсеси жашыруун эмес. Силердин напсиңер жашырган бардык нерселерди Көрүүчү”.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• بيَّن الله للناس في القرآن من كل ما يُعْتَبر به من المواعظ والعبر والأوامر والنواهي والقصص؛ رجاء أن يؤمنوا.
Алардын ыйман келтирүүлөрүн үмүт кылып Аллах бул Курандагы бардык сабак ала турган үлгү насааттарды, буйрук-тыюуларды жана окуяларды түрлөп келтирип адамдарга баяндап берди.

• القرآن كلام الله وآية النبي الخالدة، ولن يقدر أحد على المجيء بمثله.
Куран – бул Аллахтын сөзү жана Мухаммад пайгамбардын түбөлүктүү аят-белгиси. Эч ким ага окшогон нерсени алып келүүгө кудурети жетпейт.

• من رحمة الله بعباده أن أرسل إليهم بشرًا منهم، فإنهم لا يطيقون التلقي من الملائكة.
Аллах пенделерине кылган ырайымынан өздөрүнөн болгон пайгамбар жөнөттү. Анткени алар периштелерди түшүнүшмөк эмес.

• من شهادة الله لرسوله ما أيده به من الآيات، ونَصْرُه على من عاداه وناوأه.
Аллахтын Өз пайгамбарына берген күбөсүнөн – аны аят-белгилер менен кубаттоосу жана ага душмандык кылган адамдардын үстүнөн жеңиш бериши.

 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ -ಇಸ್ರಾಅ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪ್ರಕಾಶನ - ಕುರ್‌ಆನ್ ತಫ್ಸೀರ್ ಸ್ಟಡಿ ಸೆಂಟರ್

ಮುಚ್ಚಿ