Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ


ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ ಅಂಬಿಯಾ   ಶ್ಲೋಕ:
فَجَعَلَهُمۡ جُذَٰذًا إِلَّا كَبِيرٗا لَّهُمۡ لَعَلَّهُمۡ إِلَيۡهِ يَرۡجِعُونَ
Анан Ибрахим алардын айкел-буттарын майдалап талкалап салды. Бирок алар кайтып келишкенде, аларды ким талкалаганын сурашсын деген ниетте чоңуна тийген жок.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالُواْ مَن فَعَلَ هَٰذَا بِـَٔالِهَتِنَآ إِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Качан алар кайтып келип, айкел-буттары талкаланганын көргөндө бири-биринен сурашты: «Биздин кудайларыбызды ким талкалады? Чындыгында аларды талкалаган адам анык зулум экен. Анткени ал улуктап ыйык тутууга татыктуу болгон нерсеге шек келтирди».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالُواْ سَمِعۡنَا فَتٗى يَذۡكُرُهُمۡ يُقَالُ لَهُۥٓ إِبۡرَٰهِيمُ
Кээ бирлери айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит аларды жамандап,айыптап жүргөнүн укканбыз. Балким ошол талкалаган болуш керек».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالُواْ فَأۡتُواْ بِهِۦ عَلَىٰٓ أَعۡيُنِ ٱلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَشۡهَدُونَ
Алардын башчысы айтты: «Ибрахимди адамдар күбө болуп көрө турган жерге алып келгиле. Алар анын кылганын мойнуна алганына күбө болушсун. Ал кылганын мойнуна алса, аны өзүнө каршы далил кыласыңар».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالُوٓاْ ءَأَنتَ فَعَلۡتَ هَٰذَا بِـَٔالِهَتِنَا يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ
Алар Ибрахимди алып келип андан сурашты: «Эй, Ибрахим! Биздин айкел-буттарыбызга мындай маскара ишти сен кылдыңбы?».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالَ بَلۡ فَعَلَهُۥ كَبِيرُهُمۡ هَٰذَا فَسۡـَٔلُوهُمۡ إِن كَانُواْ يَنطِقُونَ
Ибрахим адамдардын көз алдында айкел-буттарын алсыздыгын билдириш үчүн жана аларды шылдың болуусу үчүн мындай деп айтты: «Муну мен кылган жокмун. Муну айкел-буттарыңардын чоңу кылды. Эгер айкел-буттарыңар сүйлөй алса, анда ошолордон сурагыла».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
فَرَجَعُوٓاْ إِلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ فَقَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ أَنتُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Ошондо алар өздөрүнчө ойлонуп калышты. Аларга айкел-буттары пайда да, зыян да бербестиги жана алар Аллахтан башка айкел-буттарынага сыйынып зулумдук кылып жатышкандыгы анык болду.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ثُمَّ نُكِسُواْ عَلَىٰ رُءُوسِهِمۡ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَا هَٰٓؤُلَآءِ يَنطِقُونَ
Кийин кайра көктүккө, баш ийбестикке өтүп: «Эй, Ибрахим! Сен булардын сүйлөбөй турганын өзүң деле билесиң. Анан кантип бизди сура деп жатасың?» – дешти. Алар муну өздөрүн жактап далил кылышкан, бирок өздөрүнө каршы далил болуп калды.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالَ أَفَتَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَا يَضُرُّكُمۡ
Ибрахим алардын сөзүн четке кагып айтты: «Аллахтан башка айкел-буттарга сыйынып жатасыңарбы? Алар силерге пайда да зыян да бере албайт. Өздөрүнө пайда берүүгө же бир зыянды тосуудан алсыз».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
أُفّٖ لَّكُمۡ وَلِمَا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Аллахтан башка сыйынып жаткан айкелдериңер менен кошо куруп кеткиле! Алар пайда да, зыян да бере алышпайт. Ушуга да акылыңар жетпейби?! Сыйынганыңарды токтотпойсуңарбы?!
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قَالُواْ حَرِّقُوهُ وَٱنصُرُوٓاْ ءَالِهَتَكُمۡ إِن كُنتُمۡ فَٰعِلِينَ
Качан алар далил менен беттеше албасын билишкенде күч колдонууга киришип: «Ибрахимди отко өрттөгүлө! Ал сындырып талкалаган айкел-буттарыңарга жардам бергиле! Эгерде ага катуу, жолунан кайтаруучу кылып жазалагыңар келсе, ушундай кылгыла!» — деп айтышты.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قُلۡنَا يَٰنَارُ كُونِي بَرۡدٗا وَسَلَٰمًا عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ
Анан алар от жагып, аны отко ыргытышты. Ошондо Биз айттык: «Эй, от! Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол! – дедик. Ал ошондой болду жана Ибрахим эч кандай зыян тарткан жок».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَخۡسَرِينَ
Ибрахимдин коому аны өрттөйбүз деп ага каршы айлакерлик кылууну каалашты. Бирок Биз алардын айлакерлигин жок кылдык жана алардын өздөрүн кыйратып жеңилүүгө туш кылдык.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَنَجَّيۡنَٰهُ وَلُوطًا إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَا لِلۡعَٰلَمِينَ
Биз аны менен Лут экөөсүн куткардык жана аларды берекелүү кылган Шам жергесине чыгарып жибердик. Себеби Биз ал жакка пайгамбарлардан жибергенбиз жана инсан, жан-жаныбарлар үчүн жакшылыктарды чачып койгонбуз.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَوَهَبۡنَا لَهُۥٓ إِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ نَافِلَةٗۖ وَكُلّٗا جَعَلۡنَا صَٰلِحِينَ
Ал Раббисине мага перзент бер деп дуба кылганда Биз ага Исхакты бердик жана кошумча кылып Якубду бердик. Биз Ибрахимди жана анын баласы Исхакты, небереси Якубду баарысын Аллахка моюн сунган салих-жакшы пенделерден кылдык.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• جواز استخدام الحيلة لإظهار الحق وإبطال الباطل.
Жалганды жок кылып, акыйкатты үстөм кылыш үчүн айла-амал колдонууга уруксат.

• تعلّق أهل الباطل بحجج يحسبونها لهم، وهي عليهم.
Жалганчылар жеңебиз деген ойдо келтирген далилдер акырында өздөрүнө каршы чыгып калат.

• التعنيف في القول وسيلة من وسائل التغيير للمنكر إن لم يترتّب عليه ضرر أكبر.
Катуу айтуу – эгер анын артында чоң зыяны болбосо, күнөөнү өзгөртүүнүн бирден-бир жолу.

• اللجوء لاستخدام القوة برهان على العجز عن المواجهة بالحجة.
Күч колдонууга өтүү – далил менен беттеше албаган алсыздыктын бир белгиси.

• نَصْر الله لعباده المؤمنين، وإنقاذه لهم من المحن من حيث لا يحتسبون.
Аллахтын ыймандууларга жардам берүүсү жана алар ойлобогон тараптан аларды сыноолордон куткаруусу.

 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಲ್ ಅಂಬಿಯಾ
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪ್ರಕಾಶನ - ಕುರ್‌ಆನ್ ತಫ್ಸೀರ್ ಸ್ಟಡಿ ಸೆಂಟರ್

ಮುಚ್ಚಿ