Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллахка моюн сунуптур. Ким моюн сунбаса (өзүнө зыян). Биз сени аларга кароол кылып жиберген эмеспиз.[1]
[1] Пайгамбардын болгон милдети жеткирүү. Аллах эмнени буюрган болсо, ошону дал өзүндөй кылып, өзүнөн кошпой жана кемитпей, пенделерге жеткирип койот – бүттү. Мына ошол себептен ким пайгамбарга моюн сунса Аллахка моюн сунган болот. Моюн сунбагандар менен Аллах Өзү эсептешип алат. Пайгамбарга адамдардын артынан ээрчип жүрүп таңуулоо милдет кылынган эмес.
(Сенин алдыңда) “Моюн сундук” дешет. Ал эми сенден чыгаар замат, алардын бир тайпалары (түнү менен «айнып») сага айтканынын тескерисин сүйлөп калышат. Аллах алардын (түнкү) сүйлөшүүлөрүн жазып койот. Cен алардан жүз буруп, Аллахка гана таянгын! Аллах жетиштүү таяныч.
«Алар Куранды терең акыл калчап окушпайбы?![1] Эгер Куран Аллахтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле го».
[1] Башка бир аятта Аллах таала айткан: “Биз сага бул ыйык китепти, анын аяттарында терең пикир кылышың жана акыл ээлери насаат алышы үчүн түшүрдүк”. Куранды терең ойлонуп, пикир кылып окууда төмөндөгүчө көп пайдалар бар: 1) Башка илим-билимдерге ачкыч болот. 2) Жүрөктөгү ыйманды көбөйтөт. 3) Аллахты, Анын сыпаттарын таанытат. 4) Чыныгы дос менен душманды ажыратып берет. 5) Бейиш менен тозоктун жолун ажыратып берет. 6) Адамдын илимин көбөйтөт. ж.б.
Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак.[1] Эгер силерге Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо, азыңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар.
[1] Бул аят менен Аллах таала мусулмандар коомуна өз ара мамиле адебин үйрөтүп жатат. Жакшыбы, жаманбы, кандай кабар болбосун угаар замат жайылтып жиберүү жаман адат. Балким, андан коомго же бир жеке адамга зыян жетип калаар. Балким, ал кабар душмандардан жашырыла турган сыр болуп жүрбөсүн? Ошондуктан, Аллах таала кандай кабар болсо да оболу акылман, билерман, тажрыйбалуу башчыларга, аксакалдарга билдирилип, алардын талкуусуна коюлгандан кийин гана же сактоого же жайылтууга уруксат берилерин үйрөтүүдө.
(О, Мухаммад!) Аллахтын жолунда (оболу) өзүң согушкун. Эч кимди эмес, өзүңдү гана согушка буйру жана момундарды, шыктандыр. Ошондо Аллах (чечкиндүү согуштук аракетиңер себептүү) каапырларды кубатынан арылтып коюусу мүмкүн. Аллахтын кубаты күчтүү, азабы катуу.
Ким жакшы тарапка жардам берсе, ага ошол жакшылыктан үлүш тиет. Ким жаман тарапка жардам берсе ага ошол жамандыктан үлүш тиет. Аллах бардык нерсеге Көзөмөл кылуучу.[1]
Силерге качан салам (же салам сыяктуу сөз же белги) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып жооп кайтаргыла. Аллах бардык нерсени Эсептөөчү.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
ئەنجامەکانی گەڕان:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".