Check out the new design

وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی - شەمسەدین حەکیمۆڤ * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: النساء   ئایه‌تی:
۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُواْ قَوَّٰمِينَ بِٱلۡقِسۡطِ شُهَدَآءَ لِلَّهِ وَلَوۡ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ أَوِ ٱلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَۚ إِن يَكُنۡ غَنِيًّا أَوۡ فَقِيرٗا فَٱللَّهُ أَوۡلَىٰ بِهِمَاۖ فَلَا تَتَّبِعُواْ ٱلۡهَوَىٰٓ أَن تَعۡدِلُواْۚ وَإِن تَلۡوُۥٓاْ أَوۡ تُعۡرِضُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا
О, ыйман келтирген адамдар! Адилеттикти бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да, Аллах үчүн, туура күбөлүккө өтүүчү болгула. Аларга (силерден көрө) Аллах жакыныраак. (Ошондуктан) Адилет кылуу(дан четтеп), өз кызыкчылыгыңарга берилип кетпегиле. Эгер (чындыкты) бура сүйлөп, адилдиктен жүз бурсаңар, (билип койгула) Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар!
تەفسیرە عەرەبیەکان:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр».
تەفسیرە عەرەبیەکان:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ ثُمَّ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ ثُمَّ ٱزۡدَادُواْ كُفۡرٗا لَّمۡ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغۡفِرَ لَهُمۡ وَلَا لِيَهۡدِيَهُمۡ سَبِيلَۢا
Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгон, кийин дагы ыйман келтирген, андан кийин дагы каапыр болуп, каапырлыгын күчөткөн адамдарды Аллах кечирбейт жана туура жолго баштабайт.[1]
[1] Анткени, эми андай туруксуз адамдан үмүт калбайт. Башка аяттарда Аллах андай адамдар жөнүндө: “Өздөрү адашышты эле, анан Аллах алардын жүрөктөрүн адаштырып койду”, жана: “Биз алардын акыл-жүрөктөрүн биринчи жолу ыйман келтирбегендей кылып койобуз” - деген.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
بَشِّرِ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ بِأَنَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمًا
(О, Мухаммад! момундарды таштап, каапырларды дос кылып алган) эки жүздүүлөргө жан сыздаткан азап жөнүндө "куш кабар" бер.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
ٱلَّذِينَ يَتَّخِذُونَ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ أَيَبۡتَغُونَ عِندَهُمُ ٱلۡعِزَّةَ فَإِنَّ ٱلۡعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعٗا
Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутуп алгандар алардан күч-кубат сурап жатышабы?! Бардык күч-кудурет Аллахтын алдында го!
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَقَدۡ نَزَّلَ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ أَنۡ إِذَا سَمِعۡتُمۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ يُكۡفَرُ بِهَا وَيُسۡتَهۡزَأُ بِهَا فَلَا تَقۡعُدُواْ مَعَهُمۡ حَتَّىٰ يَخُوضُواْ فِي حَدِيثٍ غَيۡرِهِۦٓ إِنَّكُمۡ إِذٗا مِّثۡلُهُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ جَامِعُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡكَٰفِرِينَ فِي جَهَنَّمَ جَمِيعًا
(О, момундар!) Аллах силерге Китепте “Эгер Аллахтын аяттарына каршы сөз айтып же аны шылдыңдап турганын уксаңар, качан башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен отурбагыла!” - деген өкүмдү түшүргөн. (Эгер алар менен бирге отура берген болсоңор) анда, силер дагы ошолордун бири экенсиңер. Албетте, Аллах (силерге окшогон) эки жүздүүлөрдүн бардыгын каапырлар менен кошуп тозокко чогултат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
 
وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: النساء
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی - شەمسەدین حەکیمۆڤ - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

وەرگێڕاوی شمس الدین حکیموف عبدالخالق، پەرەیپێدراوە بە سەرپەرشتیاری ناوەندی ڕوواد بۆ وەرگێڕان.

داخستن