Check out the new design

وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان


وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: الأعراف   ئایه‌تی:
وَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَخۡرِجُوهُم مِّن قَرۡيَتِكُمۡۖ إِنَّهُمۡ أُنَاسٞ يَتَطَهَّرُونَ
Бузукулукка берилген адамдар чындыктан баш тартып, бул кайтарууга минтип жооп беришти: "Лутту жана ага ишенгендерди айылдан чыгарып салгыла! Алар биз кылып жаткан ишке барышпайт экен, мындайлар менен чогуу жашоо бизге ылайык эмес".
تەفسیرە عەرەبیەکان:
فَأَنجَيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ كَانَتۡ مِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ
Бир аздан кийин азап түшө турган айылдан чыгып кеткиле деп аянкылып Лутту жана анын үй-бүлөсүн азаптан сактадык. Бирок, анын аялы коому менен калып, башкалар кабылган азапка кабылды.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Алардын үстүнө ысык ылайдан катуу жамгыр жаадырдык, айылды болсо, астын-үстүн кылдык. Оо, элчи, Лут пайгамбардын күнөөкөр коомунун акыбети кандай болгонуна ой жүгүрт, акыйкатта, алардын акыбети кыйроо жана түбөлүк азап болду.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ قَدۡ جَآءَتۡكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡۖ فَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ بَعۡدَ إِصۡلَٰحِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Чынында Биз Мадиян элине өздөрүнөн Шуайбды пайгамбар кылдык. Ал коомуна кайрылып: "Эй, коомум, жалгыз Аллахка ибадат кылгыла, Андан башка ибадат кылууга татыктуу жок. Силерге, Мен Рабимден алып келген диндин чындык экенине далил болчу ачык-айкын белгилер келди. Өлчөөнү жана таразада тартууну так кылып, адамдардын акысын жебегиле. буюмдарынын айыбы менен адамдардын баасын түшүрбөгүлө. Мурда пайгамбарларды жиберүү аркылуу оңдогон жер бетинде кайра бузукулукту таратпагыла. Ушул айтылгандар эгер ыйман келтирсеңер силер үчүн пайдалуу жана жакшы. Анткени, Аллахтын тыюусуна баш ийип күнөөну таштайсыңар жана Анын буйругун аткаруу менен Ага жакындайсыңар.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَلَا تَقۡعُدُواْ بِكُلِّ صِرَٰطٖ تُوعِدُونَ وَتَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ بِهِۦ وَتَبۡغُونَهَا عِوَجٗاۚ وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ كُنتُمۡ قَلِيلٗا فَكَثَّرَكُمۡۖ وَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Малын тоноо, динге кирүүнү каалаган адамдарды Аллахтын дининен тосуу, адамдар ага кирбесин үчүн динди бурмалап көрсөтүү аркылуу ары-бери өткөн адамдарды коркутуп ар кайсы жолдун боюнда турбагыла. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле; силердин саныңар аз эле, Ал аны көбөйттү. Силерден мурдагы жер бетинде бузукулук кылып өткөн адамдардын акыбети кандай болгонун ойлоп көргүлө. Алардын акыбети кырап жок болуу менен буткөн.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِن كَانَ طَآئِفَةٞ مِّنكُمۡ ءَامَنُواْ بِٱلَّذِيٓ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦ وَطَآئِفَةٞ لَّمۡ يُؤۡمِنُواْ فَٱصۡبِرُواْ حَتَّىٰ يَحۡكُمَ ٱللَّهُ بَيۡنَنَاۚ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡحَٰكِمِينَ
Эгер мен Рабимден алып келген нерсеге силердин араңардан бир жамаат ыйман келтирсе, бир жамаат буга ыйман келтирбесе, анда, эй, жалганчылар, Аллах силердин ортоңорду ажыратканча күтүп тургула. Ал эң жакшы ажыратуучу жа эң адилеттүү өкүм чыгаруучу.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• اللواط فاحشة تدلُّ على انتكاس الفطرة، وناسب أن يكون عقابهم من جنس عملهم فنكس الله عليهم قُراهم.
Бачабаздык адамдагы таза табиятты тескери кыла турган жийиркеничтүү күнөө. Ошон үчүн аларды акыбети күнөөсүнө жараша болуп, Аллах алардын жашоосун тескери каратып, айылын астын-үстүн кылды.

• تقوم دعوة الأنبياء - ومنهم شعيب عليه السلام - على أصلين: تعظيم أمر الله: ويشمل الإقرار بالتوحيد وتصديق النبوة. والشفقة على خلق الله: ويشمل ترك البَخْس وترك الإفساد وكل أنواع الإيذاء.
Баардык пайгамбарлардын, анын ичинде Шуайб пайгамбардын да дааваты, эки ишке негизделген: биринчиси, Аллахтын буйругун аткаруу, бул, Аллахтын жалгыздыгын моюндоону жана пайгамбарлыкка ишенүүнү ичине камтыйт. Экинчиси, жаратылгандарга боорукерлик кылуу, бул, кемсинтүүнү таштоону, бузукулукту таштоону жана бардык зыяндуу иштерди таштоону өз ичине камтыйт.

• الإفساد في الأرض بعد الإصلاح جُرْم اجتماعي في حق الإنسانية؛ لأن صلاح الأرض بالعقيدة والأخلاق فيه خير للجميع، وإفساد الأرض عدوان على الناس.
Жер бети оңолгондон кийин анда кайра бузукулукту таратуу, адам баласына укугун тебелеген коомдук кылмыш болуп эсептелет. Анткени, туура ишеним жана жакшы ахлак менен жер бетин оңдоо коомго жакшылык алып келет, ал эми жерде бузукулук кылуу адамзаттын душманы.

• من أعظم الذنوب وأكبرها وأشدها وأفحشها أخذُ ما لا يحقُّ أخذه شرعًا من الوظائف المالية بالقهر والجبر؛ فإنه غصب وظلم وعسف على الناس وإذاعة للمنكر وعمل به ودوام عليه وإقرار له.
Күнөөлөрдүн эң чоңу, эн жаманы, эң катуусу жана эң зыяндуусу шариятта акысы болбогон бирөөнүн малын мажбур тартып алуу. Анткени, бул адамдарга зомбулук, залымдык жана кысым болот,

 
وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: الأعراف
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

بڵاوكراوەتەوە لە لایەن ناوەندی تەفسیر بۆ خوێندنە قورئانیەکان.

داخستن