Check out the new design

وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان


وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: الأعراف   ئایه‌تی:
إِنَّ وَلِـِّۧيَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي نَزَّلَ ٱلۡكِتَٰبَۖ وَهُوَ يَتَوَلَّى ٱلصَّٰلِحِينَ
Албетте, менин коргоочум жана жардамчым Аллах, Ал мени сактайт, Андан башкадан үмүт кылбайм.Силердин бут-айкелдериңерден эч коркпойм. Ал мага адамдарга туура жол болгон Куранды түшүргөн, Ал пенделеринен салихтерди дос кылган, аларды сактаган жана жардам берген.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَسۡتَطِيعُونَ نَصۡرَكُمۡ وَلَآ أَنفُسَهُمۡ يَنصُرُونَ
Эй, бутпарастар, силер ибадат кылып жаткан бут-айкелдер силерге жардам бергенге жарабайт, а түгүл, өздөрүнө да жардам бере албайт. Алар алсыз, Аллахтын ордуна кантип ошолорго ибадат кыласыңар?!
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِن تَدۡعُوهُمۡ إِلَى ٱلۡهُدَىٰ لَا يَسۡمَعُواْۖ وَتَرَىٰهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ وَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ
Эй бутпарастар, ошол Аллахтын ордуна ибадат кылып жаткан бут-айкелдериңерге дуба кылсаңар, угушпайт, жалдырап карап турушканын гана көрөсүңөр, алар жансыз заттар, алар көрбөйт. Бул эстеликтерди адамдын, айбанаттардын кейпинде жасашкан, алардын, колу, буту жана көздору бар, бирок, алар жансыз заттар, жаны да жок кыймылы да жок.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
خُذِ ٱلۡعَفۡوَ وَأۡمُرۡ بِٱلۡعُرۡفِ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡجَٰهِلِينَ
Оо, элчи, адамдарга иштерди жана ахлактарды алардын напсиси көтөрө ала тургандай жүктө, алардын табиятына оор келе турган нерсени жүктөбө, андай кылсаң, аларды качырат, аларга жылуу сөз жана жакшы иш менен буйрук бер. Ал эми караңгы, илимсиздерден алыс бол, алардын караңгылыгына жараша иш кылба. Сага зыян тийгизгенге зыян тийгизбе, сени куру калтырганды сен куру калтырба.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ نَزۡغٞ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۚ إِنَّهُۥ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Оо, элчи, эгер шайтандын сага үстөмдүк кыла баштаган азгырыгын сезсең, Аллахтан коргоо тилеп, Ага таян. Анткени, Ал сен айтканды Угуучу, сенин коргонууңду Билүүчү, Ал сени шайтандан коргойт.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ إِذَا مَسَّهُمۡ طَٰٓئِفٞ مِّنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ تَذَكَّرُواْ فَإِذَا هُم مُّبۡصِرُونَ
Аллах тыюу салган күнөө иштеден тыйылып, буйруган иштерди аткарып, Ага такыба болгондорду кокустан шайтан азгырып, күнөө кылышса, дароо Аллахтын улуулугун, Анын күнөөкөрлөргө берүүчү азабын, бай ийүүчүлөргө берүүчү сооп-сыйын эстеп, күнөөлөрүнөн тобо кылат, Раббисине кайтат. Ошентип, алар чындыкка бекем турушат, кылган күнөөсүн таштап, экинчи кылбайт.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِخۡوَٰنُهُمۡ يَمُدُّونَهُمۡ فِي ٱلۡغَيِّ ثُمَّ لَا يُقۡصِرُونَ
Ал эми күнөөкөр жана каапырлардан болгон шайтандын туугандарын шайтандар улам адашуусун күчөтүп, алар күнөө үстүнө күнөө жасай беришет. Шайтандар азгыруудан жана адаштыруудан чарчабайт, күнөөкөр инсандар болсо аларды ээрчүүдөн жана жаман иштерди кылуудан тыйылбайт.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِذَا لَمۡ تَأۡتِهِم بِـَٔايَةٖ قَالُواْ لَوۡلَا ٱجۡتَبَيۡتَهَاۚ قُلۡ إِنَّمَآ أَتَّبِعُ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّ مِن رَّبِّيۚ هَٰذَا بَصَآئِرُ مِن رَّبِّكُمۡ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Оо, элчи, сен аларга аят-белгилерди көрсөткөнүңдө, сени жалганга чыгарып, ал белгилерден жүз бурушту, а аят-белгилерди көрсөтпөй койсоң: "Кана, өзүн эле ойлоп таап жасай койбойсуңбу?" деп келекелешти. Эй, элчи, аларга: "Өз алдынча аят-белгилерди көрсөтө албайм, Аллах аян-кабар кылган нерсени гана ээчиймин, мен силерге окуп берип жаткан Куран Аллахтын силердин Жаратуучуңар жана иштериңерди башкаруучуңар экенине ачык-айкын далил жана ыймандуу пенделери үчүн туура жол жана ырайым. Ал эми ыймандуулардан башкалары бактысыз адашуучулар.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِذَا قُرِئَ ٱلۡقُرۡءَانُ فَٱسۡتَمِعُواْ لَهُۥ وَأَنصِتُواْ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Куран окулганда сүйлөбөй, башка ишке алагды болбой, Аллахтын ырайымын үмүт кылып, Курандын окулушуна кулак төшөгүлө
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَٱذۡكُر رَّبَّكَ فِي نَفۡسِكَ تَضَرُّعٗا وَخِيفَةٗ وَدُونَ ٱلۡجَهۡرِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ بِٱلۡغُدُوِّ وَٱلۡأٓصَالِ وَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡغَٰفِلِينَ
Оо, элчи, Раббиңди, берилип, кичи пейил болуп, коркуу менен эсте (зикр кыл). Артыкчылыгы бар эки убакта, т.а. эртең менен жана кечинде үнүңдү өтө бийик да, өтө акырын да чыгарбай орточо үнүң менен дуба кыл
تەفسیرە عەرەبیەکان:
إِنَّ ٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ عَنۡ عِبَادَتِهِۦ وَيُسَبِّحُونَهُۥ وَلَهُۥ يَسۡجُدُونَۤ۩
Оо, элчи, периштелер да Раббисине ибадат кылууда текеберленбейт, ибадатты берилип, баш ийүү менен аткарышат, кош көңүлдүк кылышпайт. Алар күнү-түнү Аллахты ага ылайык келбеген кемчиликтерден аруулап, даңктап турушат жана Анын Өзүнө сажда кылышат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• في الآيات بشارة للمسلمين المستقيمين على صراط نبيهم صلى الله عليه وسلم بأن ينصرهم الله كما نصر نبيه وأولياءه.
Акылдуу адамдын Аллахка ибадат кылуусу важыб. Анткени, Ал ага бүт дин илимин камтыган китепти түшүрүп, дин жана дүйнө пайдаларын көрсөттү. Ошондой эле салих пенделерине дос кылып, аны (жамандыктан) сактап, жардам берип, душмандарынын зыянынан коргоду.

• في الآيات جماع الأخلاق، فعلى العبد أن يعفو عمن ظلمه، ويعطي من حرمه، ويصل من قطعه.
Аяттарда пайгамбарынын түз жолунан тайбай жүргөн мусулмандарга Аллах Таала пайгамбарына жана досторуна жардам берген сыяктуу жардам берери сүйүнчүлөнгөн.

• على العبد إذا مَسَّه سوء من الشيطان - فأذنب بفعل محرم، أو ترك واجب - أن يستغفر الله تعالى، ويستدرك ما فرط منه بالتوبة النصوح والحسنات الماحية.
Аяттарда зыянын тийгизген адамды кечирүү, эч нерсе бербеген адамга бир нерсе берүү, катташпай койгон адам менен катташуу сыяктуу жакшы кулк-мүнөздүн зарылдыгы айтылган.

• الواجب على العاقل عبادة الله تعالى؛ لأنه هو الذي يحقق له منافع الدين بإنزال الكتاب المشتمل على العلوم العظيمة في الدّين، ومنافع الدنيا بتولّي الصالحين من عباده وحفظه لهم ونصرته إياهم، فلا تضرهم عداوة من عاداهم.
Эгер пендени шайтан азгырып, арам ишти жасасс, же кайсы бир буйрукту аткарбай күнөө кылса, дароо Аллахтан кечирим сурап, кылган ишин чыныгы тобо кылуу жана жакшы иштерди аткаруу менен жууп тазалоосу важыб.

 
وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: الأعراف
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

بڵاوكراوەتەوە لە لایەن ناوەندی تەفسیر بۆ خوێندنە قورئانیەکان.

داخستن