Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഇൻസാൻ   ആയത്ത്:
عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا عِبَادُ ٱللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفۡجِيرٗا
Моюн сунгандарга даярдалган бул суусундук ¬– сузуп алуусу жеңил болгон түгөнгүс мол булактан болот. Аны менен Аллахтын пенделери суусунун кандырышат. Алар аны каалаган жагына агыза алышат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
يُوفُونَ بِٱلنَّذۡرِ وَيَخَافُونَ يَوۡمٗا كَانَ شَرُّهُۥ مُسۡتَطِيرٗا
Аны ичкен пенделердин сыпаттары, алар өздөрүнө милдет кылган ибадаттарды аткарышат жана жамандыгы жайылган кыямат күндөн коркушат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَيُطۡعِمُونَ ٱلطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ مِسۡكِينٗا وَيَتِيمٗا وَأَسِيرًا
Алар өздөрү тамак-ашка муктаж болуп жана табити тартып, каалап турушса дагы, аны муктаж кедей-кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга беришет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّمَا نُطۡعِمُكُمۡ لِوَجۡهِ ٱللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمۡ جَزَآءٗ وَلَا شُكُورًا
Аларды Аллахтын Жүзү үчүн гана тамактандырып жатышканын ичтерине сыр кылып жашырышат. Аларга берген тамак-аштары үчүн сыйлык да, мактоо да күтүшпөйт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوۡمًا عَبُوسٗا قَمۡطَرِيرٗا
Чындыгында биз коркунучтан улам бактысыздардын үрөйүн учурган күндөгү Раббибизден коркобуз.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَوَقَىٰهُمُ ٱللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمِ وَلَقَّىٰهُمۡ نَضۡرَةٗ وَسُرُورٗا
Аллах аларды Өз жакшылыгы менен ошол улуу күндүн жамандыгынан коргойт жана алардын жүзүнө сулуулук жана нур берет, сый-урматка бөлөйт жана жүрөктөрүнө кубаныч тартуулайт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَجَزَىٰهُم بِمَا صَبَرُواْ جَنَّةٗ وَحَرِيرٗا
Алар ибадаттарга, Аллахтын тагдырына жана күнөөлөргө сабыр кылышканы себептүү аларга жыргалчылыкка батырган бейишти жана алар кие турган жибекти тартуу кылды.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِۖ لَا يَرَوۡنَ فِيهَا شَمۡسٗا وَلَا زَمۡهَرِيرٗا
Алар ал жакта кооз сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Алар ошол бейиште шооласы зыяндуу Күндү да, ызгаардуу суукту да көрүшпөйт. Тескерисинче, алар ысык да, суук да болбогон түбөлүк көлөкөлөрдө болушат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَدَانِيَةً عَلَيۡهِمۡ ظِلَٰلُهَا وَذُلِّلَتۡ قُطُوفُهَا تَذۡلِيلٗا
Анын көлөкөлөрү ага жакын болот, анын мөмө-жемиштери үзүүнү каалагандарга ийилип турат. Ал аны кыйналбастан оңой эле үзүп алат. Аны жаткан, олтурган жана турган адам да үзө алат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَيُطَافُ عَلَيۡهِم بِـَٔانِيَةٖ مِّن فِضَّةٖ وَأَكۡوَابٖ كَانَتۡ قَوَارِيرَا۠
Алар суусундук каалашканда кызматчылар аларды күмүш идиштер жана тунук чөйчөктөр менен айланып турушат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
قَوَارِيرَاْ مِن فِضَّةٖ قَدَّرُوهَا تَقۡدِيرٗا
Ал өңүнүн тунуктугунда айнек сыяктуу, бирок ал күмүштөн. Ал алардын каалоосуна жараша ченемделген, андан ашып да, кемип да кетпейт.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَيُسۡقَوۡنَ فِيهَا كَأۡسٗا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا
Ал сый-урматка бөлөнгөндөргө чөйчөктөрдө имбир кошулган шарап берилет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
عَيۡنٗا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلۡسَبِيلٗا
Алар бейиштеги Салсабил аттуу булактан ичишет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
۞ وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيۡتَهُمۡ حَسِبۡتَهُمۡ لُؤۡلُؤٗا مَّنثُورٗا
Аларды түбөлүк жаштыкта болуучу улан-жигиттер айланып турушат. Эгер аларды көрсөң, жүздөрүнүн жаркыраганынан, өңдөрүнүн сулуулугунан, көптүгүнөн жана таркап жүргөндүгүнөн чачылган берметтерби деп ойлойсуң.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَإِذَا رَأَيۡتَ ثَمَّ رَأَيۡتَ نَعِيمٗا وَمُلۡكٗا كَبِيرًا
Эгер ошол бейиштеги нерселерге көз салсаң, анда сүрөттөөгө мүмкүн болбогондой жыргалчылыкты жана тендешсиз улуу мүлктү көрөсүң.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
عَٰلِيَهُمۡ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضۡرٞ وَإِسۡتَبۡرَقٞۖ وَحُلُّوٓاْ أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٖ وَسَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ شَرَابٗا طَهُورًا
Алардын үстүндө тулку бойлорун жапкан жука жибектен жана калың парчадан болгон саркеч жашыл кийимдер болот. Алар ал жакта күмүш билериктерди тагынышат жана Аллах аларга бүткүл булганычтан таза суусундук берет.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمۡ جَزَآءٗ وَكَانَ سَعۡيُكُم مَّشۡكُورًا
Аларга сый-урмат катары айтылат: «Силерге берилген бул жыргалчылык – силердин кылган жакшылык иштериңердин сыйлыгы болду. Силердин иш-аракеттериңер Аллахтын алдында кабыл кылынды».
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ تَنزِيلٗا
Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды чогу бир эле түшүрбөстөн, бөлүп-бөлүп түшүрдүк.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
فَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعۡ مِنۡهُمۡ ءَاثِمًا أَوۡ كَفُورٗا
Андыктан сен тагдырга же шариятка байланыштуу Раббиңдин өкүм кылган нерселерге сабыр кыл жана сени күнөөгө чакырган күнөөкөргө, каапырлыкка чакырган каапырга моюн сунбагын!
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَٱذۡكُرِ ٱسۡمَ رَبِّكَ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا
Жана Раббиңди күндүн башталышында багымдат намазын жана күндүн акырында бешим менен асыр намаздарын окуу менен эстегин.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• الوفاء بالنذر وإطعام المحتاج، والإخلاص في العمل، والخوف من الله: أسباب للنجاة من النار، ولدخول الجنة.
Өзүнө милдет кылган ишти (назирди) аткаруу, муктажды тамактандыруу, иш-аракетти чын ыкластан кылуу жана Аллахтан коркуу – тозоктон кутулуунун себептеринен.

• إذا كان حال الغلمان الذين يخدمونهم في الجنة بهذا الجمال، فكيف بأهل الجنة أنفسهم؟!
Бейиште кызмат кылган улан-жигиттердин турпаты эле ушунчалык сулуулукта болсо, анда бейиш ээлеринин өздөрү кандай?

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഇൻസാൻ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക