Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഇൻസാൻ   ആയത്ത്:
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَٱسۡجُدۡ لَهُۥ وَسَبِّحۡهُ لَيۡلٗا طَوِيلًا
Ошондой эле Аны күүгүмдөгү шам жана куптан намаздарын окуу менен эстегин жана ал экөөсүнөн кийин тахажуд намазын окугун.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ يُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَآءَهُمۡ يَوۡمٗا ثَقِيلٗا
Чындыгында ал мушриктер дүйнө жашоосун жакшы көрүп, ага жанталашышат жана кыйынчылыктар, сыноолор менен коштолгон оор кыямат күнүн артка таштап коюшат.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
نَّحۡنُ خَلَقۡنَٰهُمۡ وَشَدَدۡنَآ أَسۡرَهُمۡۖ وَإِذَا شِئۡنَا بَدَّلۡنَآ أَمۡثَٰلَهُمۡ تَبۡدِيلًا
Биз аларды жараттык жана алардын дене мүчөлөрүнө жана муундарына күч берип, тулку бойлорун кубаттуу кылдык. Эгер Биз аларды жок кылууну жана өздөрүнө окшогондорго алмаштырууну кааласак, анда аларды жок кылып, алмаштырып коймокпуз.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذۡكِرَةٞۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلٗا
Акыйкатта бул сүрөө – насыйкат жана эскертме. Ким Раббисинин ыраазылыгына жеткире турган жолго түшүүнү кааласа, анда муну кармансын.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Аллах силерден ушуну каалаганда гана силер Анын ыраазылыгына жеткирген жолго түшүүнү каалайсыңар. Анткени бүткүл иштер Ага кайтат. Чындыгында Аллах пенделерине кайсы нерселер пайдалуу, кайсылары пайдасыз экенин Билүүчү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
يُدۡخِلُ مَن يَشَآءُ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ وَٱلظَّٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمَۢا
Ал каалаган пенделерин Өз ырайымына алып, аларга ыйманга жана жакшылык иштерге карай ийгилик берет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга акыретте кыйноочу тозок азабын даярдап койгон.
അറബി ഖുർആൻ വിവരണങ്ങൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• خطر التعلق بالدنيا ونسيان الآخرة.
Дүйнөгө байлануунун жана акыретти унутуунун коркунучу.

• مشيئة العبد تابعة لمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна баш ийет.

• إهلاك الأمم المكذبة سُنَّة إلهية.
Жалганчы коомдорду жок кылуу – Аллахтын белгилеген жолу.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഇൻസാൻ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അടക്കുക