पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - अनुवादहरूको सूची


अर्थको अनुवाद श्लोक: (7) सूरः: सूरतु हूद
وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ وَكَانَ عَرۡشُهُۥ عَلَى ٱلۡمَآءِ لِيَبۡلُوَكُمۡ أَيُّكُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗاۗ وَلَئِن قُلۡتَ إِنَّكُم مَّبۡعُوثُونَ مِنۢ بَعۡدِ ٱلۡمَوۡتِ لَيَقُولَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Ал Аллах таала асмандар менен жерди чоңдугуна карабай жаратты. Жана ал экөөсүндөгү макулуктарды алты күндө жаратты. Ал эми Анын аршы асмандар менен жерди жаратканга чейин эле суунун үстүндө болчу. Оо, адамдар! Аллах силердин кимиңер жакшы иш-аракеттерди кылуу менен Аны ыраазы кылат жана кимиңер жаман иш-аракеттерди кылуу менен Анын каарына калат деп сыноо үчүн жаратты. Андан кийин ар бирин өзү татыктуу болгон нерсе менен сыйлайт же жазалайт. Оо, пайгамбар! Эгерде сен: "Оо, адамдар! Силер өлгөндөн кийин эсеп-кысап берүү үчүн кайра тирилесиңер" деп айтсаң, анда алардын Аллахка каапыр болгондору жана кайра тирилүүнү четке каккандары: "Сен окуп жаткан бул Куран ачык сыйкыр" деп айтышат. Алардын бул айткан сөздөрү анык жалган.
अरबी व्याख्याहरू:
यस पृष्ठको अायतहरूका लाभहरूमध्येबाट:
• سعة علم الله تعالى وتكفله بأرزاق مخلوقاته من إنسان وحيوان وغيرهما.
Аллах тааланын илиминин чексиздиги. Жана адамдардын, жаныбарлардын жана башка макулуктарынын ырыскысын берүү кепилдигин алуусу.

• بيان علة الخلق؛ وهي اختبار العباد بامتثال أوامر الله واجتناب نواهيه.
Жаралуунун себебин баяндоо. Ал пенделердин кимиси Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйган нерселеринен тыйылат деп сыноо.

• لا ينبغي الاغترار بإمهال الله تعالى لأهل معصيته، فإنه قد يأخذهم فجأة وهم لا يشعرون.
Аллах таала күнөөкөр адамдарды жөн коюусу менен азгырылбоо керек. Анткени алар билбей турган абалда Аллах аларды күтүлбөстөн алып кетиши мүмкүн.

• بيان حال الإنسان في حالتي السعة والشدة، ومدح موقف المؤمن المتمثل في الصبر والشكر.
Адамдын жыргалчылыктагы жана кыйынчылыктагы абалын ачыктоо. Жана сабырдуулук, шүгүрчүлүк кылган ыймандуу адамдын абалын мактоо.

 
अर्थको अनुवाद श्लोक: (7) सूरः: सूरतु हूद
अध्यायहरूको (सूरःहरूको) सूची رقم الصفحة
 
पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - अनुवादहरूको सूची

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

बन्द गर्नुस्