पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - अनुवादहरूको सूची


अर्थको अनुवाद श्लोक: (2) सूरः: सूरतुल् माइदः
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُحِلُّواْ شَعَٰٓئِرَ ٱللَّهِ وَلَا ٱلشَّهۡرَ ٱلۡحَرَامَ وَلَا ٱلۡهَدۡيَ وَلَا ٱلۡقَلَٰٓئِدَ وَلَآ ءَآمِّينَ ٱلۡبَيۡتَ ٱلۡحَرَامَ يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّهِمۡ وَرِضۡوَٰنٗاۚ وَإِذَا حَلَلۡتُمۡ فَٱصۡطَادُواْۚ وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ أَن صَدُّوكُمۡ عَنِ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ أَن تَعۡتَدُواْۘ وَتَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَلَا تَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Оо, ыймандуулар, силер урматтоого буйрулган Аллахтын арам иштерин адал кылып албагыла. Ихрамдын бул тыюуларынан этиет болгула: тигилген кийим кийүү сыяктуу, харамдын тыюларынан этиет болгула: аңчылык кылуу сыяктуу. Харам айларында (согушка тыюу салынган Зул-Каада, Зул-Хиджа, Мухаррам, Ражаб айларында) согушту адал кылып албагыла. Аллах үчүн белекке чегерилген мал-жандыктарды болжогон жерине жеткирбей тартып алуу, өлтүрүү ж.б. жолдор менен адал кылып албагыла. Белек экени билинүүсү үчүн жүндөн же башка нерседен моюнуна мончок тагылган малдарды (өлтүрүп ж.б.) адал кылып албагыла. Аллахтын ыраазылыгын, соода кирешесин максат кылып чыккан кишилерди (өлтүрүүнү, согушууну) адал кылып албагыла. Ажы же умранын ихрамынан адал болуп, харамдан чыкканыңардан кийин кааласаңар аңчылык кыла бергиле. Силерди Харам мечитине киргизбей койгон бир коомду жаман көрүүңөр аларга зулумдук жана адилетсиздик кылууга алып барбасын! Эй, ыймандуулар, буйрулган ишиңерди аткарууда, тыйылган ишиңерден тыйылууда бири-бириңе жардам бергиле. Аткаруучусу күнөөкөр боло турган иштерде жана калайыктын каны, малы жана абийрине душмандык кылууда бири-бириңерге жардам бербегиле. Бекем баш ийүү жана күнөөдөн алыс болуу менен Аллахтан корккула, Аллах Таала ага күнөө кылгандарды катуу азаптайт, Анын азабынан корккула.
अरबी व्याख्याहरू:
यस पृष्ठको अायतहरूका लाभहरूमध्येबाट:
• عناية الله بجميع أحوال الورثة في تقسيم الميراث عليهم.
Аллах Таала муар бөлүштүрүүдө бардык мураскерлерга кам көргөн

• الأصل هو حِلُّ الأكل من كل بهيمة الأنعام، سوى ما خصه الدليل بالتحريم، أو ما كان صيدًا يعرض للمحرم في حجه أو عمرته.
Арамдыгы далилдерде ачык айтылган жана ажы, умра учурунда ихрамдагы адамга уулоого болбой турган жан-жаныбардан башка жандыктын баары адал

• النهي عن استحلال المحرَّمات، ومنها: محظورات الإحرام، والصيد في الحرم، والقتال في الأشهر الحُرُم، واستحلال الهدي بغصب ونحوه، أو مَنْع وصوله إلى محله.
Арам кылынган нерселерди адал кылып алууга тыюу салынган, булар: Ихрамдын тыюулары, харамда аң уулоо, арам айларында согушуу, ажы же умрага арналган белек малды тартып алуу же болжогон жерине жеткирбей тосуп алуу ж.б.у.с.

 
अर्थको अनुवाद श्लोक: (2) सूरः: सूरतुल् माइदः
अध्यायहरूको (सूरःहरूको) सूची رقم الصفحة
 
पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - अनुवादहरूको सूची

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

बन्द गर्नुस्