(Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Куранды) багыттабай коймок белек.[1]
[1] Аллах Өз китебин жакшы-жаман дебей, инсанияттын бардыгына арнайт. Ким анын даанышман өкүмдөрүнө ээрчисе – бактылуу болот. Ким жүз бурса - өзүнө зыян.
Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар.
Жана Ал бардык жуптарды жаратты.[1] Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты.
[1] Аллах бардык нерселерди жуп-түгөй жараткан. Маселен: эркек-ургаачы, ак-кара, ысык-суук, түн-күн, ачуу-таттуу ж.б.у.с. Ал эми Өзү болсо, бардык ааламдардан өзгөчө: жуп-түгөйү жок.
Алардын үстүнө минип, андан кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллах (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес.
(Жана): «Силер эмне, кооздуктардын ичинде (назик абалда) өстүрүлө турган жана талаш учурунда (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзенттерди (Аллахка таңуулап жатасыңарбы?!»).
Алар Чексиз Ырайымдуунун пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет!
Жана алар: «Эгер Чексиз Ырайымдуу каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллахтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар.
Же болбосо Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,[1] Курандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү?!
[1] Жок! Аларга Исмаил алейхи саламдан кийин тээ Мухаммад саллаллооху алайхи ва салламга чейин пайгамбар да, Ыйык Китеп да келген эмес. Ошондуктан «Ата-бабаларыбыз ...» деген тантырак сөздөрдөн башка далил келтире алышпайт.
Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун изине гана ээрчийбиз» – дешкен.
(Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», – дешти.
Мен аларды (Мекке мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым.
Жана айтышты: «Бул Куран эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок».[1]
[1] Алардын түшүнүгү боюнча пайгамбарчылык чоң шаарларда жашаган байлык же бийлик ээлерине гана түшсө чындык болушу мүмкүн экен. Алар «Эки улук шаар» дегенде Мекке менен Таиф шаарларын, «улук адам» дегенде Меккенин бай адамы – Валид ибн Мугира менен Таифтин байы Урва ибн Масуд дегендерди назарда туткан.
Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз-ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак.
Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз.
Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (бүт бойдон күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган.
Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын[1] арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» дейт.
[1] Кыяматтын белгилеринин бири – Күндүн батыштан чыгышы. Демек, «эки чыгыш» деген сөздү батыш менен чыгыш деп түшүнүш керек.
(Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (шериктигиңер) эч пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар!
Жана бул (Куран) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)![1] Жакында сураласыңар!
[1] Куран өкүмдөрүн өз жашоосуна негиз катары кармаган жеке адам, же коом, же мамлекет тез эле оңолуп, аброй-урматы көтөрүлүп, дүйнөгө таанылып, эки дүйнө шооратына жетет. Аллах Куранды, анын өкүмдөрү менен амал кылып, эки дүйнө бактысына жетүү үчүн түшүргөн.
Биз Мусаны аят-кереметтерибиз менен, Фараон жана анын элине жибердик. Ал (барып) «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген элчимин» – деди.
Аларга биздин аят-кереметтерибизди[1] алып келгенде алардын үстүнөн күлүштү.[2]
[1] Жыланга айланган таягы менен койнуна салганда ап-апак болуп чыга турган колун – Аллахтын кереметтерин көргөзгөндө. [2] «Бул кызык сыйкыр экен» дешти. Кийин Аллах таала Мисир (Египет) өлкөсүн басып кеткен бит, бака, чегиртке, кан сыяктуу кереметтерин жиберди.
Жана алар (Мусага) айтышты: «Оо, сыйкырчы! (Аллах) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз туура жолго жүрөбүз».
(Жана Фараон өз элине ) бийик добуш менен ( мындай деди: «Оо, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы?!
Жана качан гана Марямдын уулу (Иса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт.[1]
[1] Пайгамбарыбыз мушриктерге «Силер жана Аллахтан башка силер сыйынган (бардык «кудайлар» тозокко отун болуп келесиңер» деген аятты окуп бергенде, ызы-чуу көтөрүшүп «Эгер бардык «кудайлар» тозокко түшчү болсо, анда христиандар деле Исага сыйынышат го?! Эмне, анда Иса дагы тозокко түшөбү?! Ал эми сен Исаны пайгамбар дейсиң!» - дешет. Бул маселенин жообу кийинки аяттарда.
Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Иса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер.
Ал (Иса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) жакшылык кылып берген кул(убуз). Биз аны Исраил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз.
Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз.[1]
[1] Эгер адамдар Аллахтын Өзүнө ибадат кылып, жер бетинде Ага татыктуу орунбасар боло албаса, аларды кыйратып, ыклас менен Өзүнө гана ибадат кыла турган периштелерге жерди мурас кылып берүү Аллахка жеңил.
Жана Иса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллах таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллахтан коркуп, мага моюн сунгула!
Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар.
Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «Оо, Малик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар!
Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар.
Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллах Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар.
Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон[1] адамдар(га гана шапаат насип кылат).
[1] «Акыйкатка билген абал күбө болуунун» мааниси, «Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир гана Аллах бар» деп күбөлүк берүүнү билдирет.
Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар» – дегин.[1]
[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам Раббисинин буйругуна баш ийип, ыймансыздардын жоруктарына сабыр кылып, аларга теңелбей, кечирип, жогорку адеп-ахлак менен Исламды жайылтты. Натыйжада, көпчүлүк адамдар анын исламдык пейилин көрүп, ыйманга келишти.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Zoekresultaten:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".