Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: An-nisa   Vers:
فَبِمَا نَقۡضِهِم مِّيثَٰقَهُمۡ وَكُفۡرِهِم بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَقَتۡلِهِمُ ٱلۡأَنۢبِيَآءَ بِغَيۡرِ حَقّٖ وَقَوۡلِهِمۡ قُلُوبُنَا غُلۡفُۢۚ بَلۡ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَيۡهَا بِكُفۡرِهِمۡ فَلَا يُؤۡمِنُونَ إِلَّا قَلِيلٗا
Берген убадаларын аткарбаганы, Аллахтын аяттарына каапыр болгону, пайгамбарларды тартынбай өлтүргөндүктөрү жана Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) биздин жүрөгүбүз кулптануу дегени себептүү аларды ырайымыбыздан четтетик. Бирок иштин жайы алар айткандай эмес, Аллах Таала алардын каапырлыктары себептүү жүрөктөрүнө мөөр басып койгон, аларга эми эч жакшылык жетпейт, алар ыйманга келбейт келсе да пайдасын тийгизбей турган аз гана ыйманга келет.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَبِكُفۡرِهِمۡ وَقَوۡلِهِمۡ عَلَىٰ مَرۡيَمَ بُهۡتَٰنًا عَظِيمٗا
ошондой эле каапырлыгы жана Мариямга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) зына кылдың деп жалган жалаа жапканы үчүн аларды ырайымдан четтеттик
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَقَوۡلِهِمۡ إِنَّا قَتَلۡنَا ٱلۡمَسِيحَ عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ رَسُولَ ٱللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَٰكِن شُبِّهَ لَهُمۡۚ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُۚ مَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍ إِلَّا ٱتِّبَاعَ ٱلظَّنِّۚ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينَۢا
Биз Аллахтын элчиси Мариямдын уулу Масихти өлтүрдүк деген жалган мактаныч сөздөрү себептүү аларды каргадык. Алар айтышкандай, аны (Исаны) өлтүргөн да эмес, аскан да эмес. Алар Аллах Таала Исага окшотуп койгон адамды асып өлтүрүшкөн. Анан ошол өлтүргөндөрү Иса деп ойлошкон. Аны өлтүрдүк деген яхудилер да, аларга ишенген христиандар да, экөө тең бул иште шек-күмөндө, алар аны ачык билбейт, күмөндөрүн гана айтышат. Чынында, алардын күмөнүндө эч бир чындык жок, алар исаны өлтүргөн эмес жана аны аскан да эмес
Arabische uitleg van de Qur'an:
بَل رَّفَعَهُ ٱللَّهُ إِلَيۡهِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمٗا
Аллах Таала Исаны алардын жамандыгынан сактап, аны дене жана руху менен бирге Өзүнө көтөрүп алган. Аллах Таала падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Көзөмөл кылууда, ишке ашырууда жана шарият кылууда Даанышман.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَإِن مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ إِلَّا لَيُؤۡمِنَنَّ بِهِۦ قَبۡلَ مَوۡتِهِۦۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَكُونُ عَلَيۡهِمۡ شَهِيدٗا
Иса пайгамбар акыр заманда кайра түшүп, өлгөнгө чейин ага китеп берилгендердин баары ыйман келтирип, ишенишет. Кыямат күнү Иса пайгамбар алардын шариятка дал келбеген, ага каршы болгон иштерине күбө өтөт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
فَبِظُلۡمٖ مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمۡنَا عَلَيۡهِمۡ طَيِّبَٰتٍ أُحِلَّتۡ لَهُمۡ وَبِصَدِّهِمۡ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ كَثِيرٗا
Яхудилердин залымдыгы себептүү аларга мурда адал болгон кээ бир таза азыктарды арам кылып, тыюу салдык. Аларга бардык (ай) туяктууларды, уй, койдун жонундагы майы, чарбысы жана чучугунан башка майларын, арам кылдык. Бул, алар өздөрүн да, өзгөлөрдү да Аллахтын жолунан тоскондугу үчүн болду, алардын тосуусу тубаса адатка айланды.
Arabische uitleg van de Qur'an:
وَأَخۡذِهِمُ ٱلرِّبَوٰاْ وَقَدۡ نُهُواْ عَنۡهُ وَأَكۡلِهِمۡ أَمۡوَٰلَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡبَٰطِلِۚ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ مِنۡهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا
Пайдалануудан Аллах Таала тыйгандан кийин деле сүткордукту пайдана бергени жана шарияттык укугу жок эле башкалардын малын алып жегени себептүү (адал нерселерди аларга арам кылдык). Алардын каапырларына жан кейиткен азапты даярдап койдук
Arabische uitleg van de Qur'an:
لَّٰكِنِ ٱلرَّٰسِخُونَ فِي ٱلۡعِلۡمِ مِنۡهُمۡ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ يُؤۡمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَۚ وَٱلۡمُقِيمِينَ ٱلصَّلَوٰةَۚ وَٱلۡمُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ أُوْلَٰٓئِكَ سَنُؤۡتِيهِمۡ أَجۡرًا عَظِيمًا
Бирок яхудилердин арасында илимде бекем болгондору, Аллах Таала сага түшүргөн Куранга, сенден мурдагы пайгамбарларга түшүргөн Тоорот, Инжил сыяктуу китептерге ишенгендери, намаз окгандары, малынын зекетин бергендери, Аллахты Жалгыз деп таанып, Ага эч шерик кошпогондору, кыямат күнүнө ишенгендери да бар; мына ушундай сыпаттар менен сыпатталгандарга жакында чоң сооп-сый беребиз
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• عاقبة الكفر الختم على القلوب، والختم عليها سبب لحرمانها من الفهم.
Каапырлыктын акыбети жүрөктөргө мөөр басуу. Андай жүрөктөр бир нерсени түшүнүүдөн куру калышат.

• بيان عداوة اليهود لنبي الله عيسى عليه السلام، حتى إنهم وصلوا لمرحلة محاولة قتله.
Яхудилер Иса пайгамбарга катуу душмандык кылышкан, а түгүл аны өлтүрүүгө аракет кылышкан

• بيان جهل النصارى وحيرتهم في مسألة الصلب، وتعاملهم فيها بالظنون الفاسدة.
христиандар Исаны ача таякка асуу маселелсинде эч нерсени билбейт, бул жөрөлгөлөрдү туура эмес күмөндөрү менен гана аткарышат

• بيان فضل العلم، فإن من أهل الكتاب من هو متمكن في العلم حتى أدى به تمكنه هذا للإيمان بالنبي محمد صلى الله عليه وسلم.
Илим дайыма артыкчылыкка ээ. Китеп берилгендердин арасында илимге катуу берилгендери болгон, алар ошол илими себептүү Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ишенишкен

 
Vertaling van de betekenissen Surah: An-nisa
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit