Check out the new design

Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. * - Index van vertaling


Vertaling van de betekenissen Surah: An-nisa   Vers:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا تَغۡلُواْ فِي دِينِكُمۡ وَلَا تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ إِنَّمَا ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ رَسُولُ ٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلۡقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرۡيَمَ وَرُوحٞ مِّنۡهُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۖ وَلَا تَقُولُواْ ثَلَٰثَةٌۚ ٱنتَهُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ إِنَّمَا ٱللَّهُ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٞۘ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
Оо, элчи, Инжилдин ээси болгон христиандарга айт: Диниңерде аша чаппагыла, Аллах Таалага Иса пайгамбар тууралуу чындыкты гана айткыла, чынында Мариямдын уулу Иса Масих чыныгы дин менен Аллах Таала чыгарган элчи, аны Жебирейилди Мариямга жиберип Өзүнүн бир ооз сөзү менен жараткан, ал сөзү "бол" деген сөз, ошону менен "болуп" калды. Ал Аллахтын буйругу менен Жебирейил үйлөгөн Аллахтын деми. Аллахка жана Анын элчилерине бири-биринен ажыратпастан ишенгиле. Аллахты үчөө дебегиле, бул жалган, бузуку сөзүңөрдү токтоткула, токтотконуңар дүйнө жана акыретте өзүңөргө жакшы. Аллах Таала чынында Жалгыз шериги, баласы болуудан аруу-таза, Ал муктаж эмес, Асмандагы, жердеги жана булардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аныкы, асман-жердегинин баарын көзөмөлдөп, башкарууга Жетиштүү
Arabische uitleg van de Qur'an:
لَّن يَسۡتَنكِفَ ٱلۡمَسِيحُ أَن يَكُونَ عَبۡدٗا لِّلَّهِ وَلَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ٱلۡمُقَرَّبُونَۚ وَمَن يَسۡتَنكِفۡ عَنۡ عِبَادَتِهِۦ وَيَسۡتَكۡبِرۡ فَسَيَحۡشُرُهُمۡ إِلَيۡهِ جَمِيعٗا
Мариямдын уулу Иса Аллахка кул болуудан арданган жана тыйылган жок, Аллах Өзүнө жакын кылган периштелер да Ага кул болууга арданган жок. Анан кантип силер Исаны кудай санайсыңар?! Ким Аллахка ибадат кылуудан арданып, текеберленсе, кыямат күнү Аллах Таала алардын баарын жыйнайт жана ар бирин өзүнө жараша жазалайт
Arabische uitleg van de Qur'an:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَيُوَفِّيهِمۡ أُجُورَهُمۡ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضۡلِهِۦۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسۡتَنكَفُواْ وَٱسۡتَكۡبَرُواْ فَيُعَذِّبُهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Ал эми Аллахка ишенип, Анын элчилерин тастыктап, шариятка ылайык иштерди Аллахка ыклас кылып аткаргандарга, алардын иштеринин сооп-сыйын эч кемитпестен берет. Андан сырткары аларга Аллах Өзүнүн артыкчлык, жакшылыктарынан кошумча кылат. А Аллахка баш ийүүдөн, ибадат кылуудан арданып текеберленгендерди кордоочу азап менен кыйнайт, ошондо алар аларга пайда берчү Аллахтан башка досту, аларды зыяндан сактоочу Аллахтан башка жардамчыны таба албайт.
Arabische uitleg van de Qur'an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُم بُرۡهَٰنٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ نُورٗا مُّبِينٗا
Оо, адамдар, чынында Жаратуучуңардан силердин шылтооңорду жоюп, күмөнүңөрдү кетире турган чоң далил келди. Ал - Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жана силерге ачык-айкын жарык нурду түшүрдүк, бул - Куран.
Arabische uitleg van de Qur'an:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَٱعۡتَصَمُواْ بِهِۦ فَسَيُدۡخِلُهُمۡ فِي رَحۡمَةٖ مِّنۡهُ وَفَضۡلٖ وَيَهۡدِيهِمۡ إِلَيۡهِ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا
Аллахка ишенип, пайгамбарына түшкөн Куранды бекем кармангандарды бейишке киргизүү менен аларга ырайымын төгөт, сооп-сыйларын арттырат, даражаларын көтөрөт. олку-солкусу жок туура жолго түшүүгө аларга жеңилдик берет, бул жол Адн бейишине алап бара турган жол.
Arabische uitleg van de Qur'an:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• بيان أن المسيح بشر، وأن أمه كذلك، وأن الضالين من النصارى غلوا فيهما حتى أخرجوهما من حد البشرية.
Иса пайгамбар инсан экени, анын энеси да инсан экени, аша чапкан христиандар аларды инсандык чектен чыгарып жибергени баян кылынды

• بيان بطلان شرك النصارى القائلين بالتثليث، وتنزيه الله تعالى عن أن يكون له شريك أو شبيه أو مقارب، وبيان انفراده - سبحانه - بالوحدانية في الذات والأسماء والصفات.
Христиандардын үч илтик ширки жалган,жарксыз экени, Аллах Тааланын шериги, окшошу, жакыны жок экени баяндалды. Ошондой эле, Аллах Таала затында жана ысым-сыпаттарында Жалгыз экендиги баяндалды.

• إثبات أن عيسى عليه السلام والملائكة جميعهم عباد مخلوقون لا يستكبرون عن الاعتراف بعبوديتهم لله تعالى والانقياد لأوامره، فكيف يسوغ اتخاذهم آلهة مع كونهم عبيدًا لله تعالى؟!
Иса пайгамбар жана баардык периштелер жаратылган кул экени, Аллахка кулчулук кылуудан баш тартпасы, Анын буйруктарына баш ийери бекемделди. Алар өздөрү Аллахка кул болуп жатышса, аларды кудай кылып алганыңарга кандай түшүнсө болот?!

• في الدين حجج وبراهين عقلية تدفع الشبهات، ونور وهداية تدفع الحيرة والشهوات.
Динде күмөн-шекти жок кыла турган акылга сыярлык далилдер толтура, ошондой эле каалоо, кумарларды кетире турган туура жол жана нур бар

 
Vertaling van de betekenissen Surah: An-nisa
Surah's Index Pagina nummer
 
Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran. - Index van vertaling

Uitgegeven door het Tafsier Centrum voor Koranstudies.

Sluit