د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه آیت: (250) سورت: البقرة
وَلَمَّا بَرَزُواْ لِجَالُوتَ وَجُنُودِهِۦ قَالُواْ رَبَّنَآ أَفۡرِغۡ عَلَيۡنَا صَبۡرٗا وَثَبِّتۡ أَقۡدَامَنَا وَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Качан алар Жалут менен анын аскерлеринин алдына чыкканда, Аллахка кайрылып: «Раббибиз! Жүрөгүбүзгө сабырдуулукту нөшөрлөтүп куй, душман алдында качпашыбыз жана жеңилип калбашыбыз үчүн кадамдарыбызды бекем кыл жана Өз кудуретиң жана колдооң менен каапыр коомго каршы бизге жардам бер» – деп дуба кылышты.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• من حكمة القائد أن يُعرِّض جيشه لأنواع الاختبارات التي يتميز بها جنوده ويعرف الثابت من غيره.
Жол башчынын өз аскерлерин айырмалап, алардын кимиси туруктуу экенин билиш үчүн аларды ар кандай сыноолорго дуушар кылуу анын акылмандыгынан.

• العبرة في النصر ليست بمجرد كثرة العدد والعدة فقط، وإنما معونة الله وتوفيقه أعظم الأسباب للنصر والظَّفَر.
Жеңишке жетүүдө тек гана сандын көптүгү жана даярдыгы маанилүү эмес, жеңишке жетүүнүн эң чоң себеби – Аллахтын жардамы жана ийгилиги.

• لا يثبت عند الفتن والشدائد إلا من عَمَرَ اليقينُ بالله قلوبَهم، فمثل أولئك يصبرون عند كل محنة، ويثبتون عند كل بلاء.
Козголоңдордо жана кыйынчылыктарда жүрөгүндө Аллахка болгон терең ишиним орногондор гана бекем турушат. Андайлар бардык сыноолорго чыдашат жана ар бир кыйынчылыкка туруштук беришет.

• الضراعة إلى الله تعالى بقلب صادق متعلق به من أعظم أسباب إجابة الدعاء، ولا سيما في مواطن القتال.
Аллах таалага чын жүрөктөн жалынып-жалбаруу – дубанын кабыл болушунун эң чон себептеринен, айрыкча согуш майдандарында.

• من سُنَّة الله تعالى وحكمته أن يدفع شر بعض الخلق وفسادهم في الأرض ببعضهم.
Кээ бирлердин жер бетиндеги жамандыгын жана бузукулугун башка бирөөлөр аркылуу токтотуу – Аллах тааланын тутунган жолу.

 
د معناګانو ژباړه آیت: (250) سورت: البقرة
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - د ژباړو فهرست (لړلیک)

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بندول