Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: آل عمران   آیت:
فَٱسۡتَجَابَ لَهُمۡ رَبُّهُمۡ أَنِّي لَآ أُضِيعُ عَمَلَ عَٰمِلٖ مِّنكُم مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰۖ بَعۡضُكُم مِّنۢ بَعۡضٖۖ فَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ وَأُخۡرِجُواْ مِن دِيَٰرِهِمۡ وَأُوذُواْ فِي سَبِيلِي وَقَٰتَلُواْ وَقُتِلُواْ لَأُكَفِّرَنَّ عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡ وَلَأُدۡخِلَنَّهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ ثَوَابٗا مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِۚ وَٱللَّهُ عِندَهُۥ حُسۡنُ ٱلثَّوَابِ
Жаратуучусу алардын дубасына жооп кылып мындай деди: Эркекпи, аялбы жакшы амал кылгандардын амалы мейли аз, мейли көп болсун анысынын сооп-сыйын эч кемитпей беремин. Баарыңар бир ишенимдесиңер, эркектерге кошумчаланбайт, аялдарга кемитилбейт, баарыңарга бирдей өкүм. Аллах жолунда көчүп чыккандар, каапырлар журтунан кууп чыккан адамдар, Жаратуучусуна баш ийгени себептүү ыза тарткандар, Аллах жолунда согушкандар, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн согушта өлтүрүлгөндөр, Кыямат күнү мына ушулардын күнөөсүн кечирем, күнөөсүүчүн жазалабайм, ак сарайлардын алдынан шылдыр суулары агып турган бейишке киргизем. Бул Аллахтын сыйлыгы, Аллахта башка эч бир окшошу жок ушундай сыйлыктар бар.
عربي تفسیرونه:
لَا يَغُرَّنَّكَ تَقَلُّبُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ
Оо, пайгамбар, каапырлардын бир шаардан экинчи шаарга көчүп конуусу, шаарларды мекендеп отурукташуусу, соодасы кирешелүү, ырыскысы мол болгону сени алдабасын. Алардын ушул абалынан кыжаалат, кайгыны сезесиң.
عربي تفسیرونه:
مَتَٰعٞ قَلِيلٞ ثُمَّ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ
Бул дүйнөнүн мындай кызыктары өтө кыска, түбөлүк уланбайт. Кийин Кыяматта алардын барар жери тозок, тозок отунун төшөгү кандай жаман!
عربي تفسیرونه:
لَٰكِنِ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ رَبَّهُمۡ لَهُمۡ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا نُزُلٗا مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِۗ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٞ لِّلۡأَبۡرَارِ
Ал эми Жаратуучусуна такыба болуп, Анын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылгандарга ак сарайларынын алдынан дарыялар агып турган бейиш бар. Аллах Таала аларга убадалап, берген сыйлык ушу, анда түбөлүк турушат. Аллах Таала ыймандуу пенделерине убада кылган нерселер, каапрлар бул дүйнөдө жыргал деп эсептеген нерселерден алда канча жакшы, абзел.
عربي تفسیرونه:
وَإِنَّ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَمَن يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُمۡ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِمۡ خَٰشِعِينَ لِلَّهِ لَا يَشۡتَرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ ثَمَنٗا قَلِيلًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Китеп берилгендердин да баары окшош эмес. арасында Аллахка, силерге түшүрүлгөн Куранга жана өздөрүнүн китебинде айтылган чындыкка ишенген, Аллахтын элчилерин бири-биринен ажыратпаган, Аллахтан коркуп, кичи пейил болуп, Анын сооп-сыйына кызыккан, Аллахтын аят-сөздөрүн дүйнө үчүн арзыбаган баага сатпаган жакшылары да бар. Мындайларга Жаратуучусу үлкөн сооп-сый тартуулайт. Аллах Таала ишти өтө тез эсеп-кысап кылат жана сый же жазасын да өтө тез берет.
عربي تفسیرونه:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱصۡبِرُواْ وَصَابِرُواْ وَرَابِطُواْ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, шариятты аткарууда, жашоодогу кээ бир кыйынчылыктарда сабырдуу болгула. Сабырдуулукта каапырлардан кем болбоогула, алар силерден сабырдуу болуп кетпесин. Аллах жолундагы жихадга даяр тургула. Буйруктарын аткарып, күнөөдөн тыйылып, Аллахка такыба болгула. Мына ошондо тозоктон кутулуп, бейишке кирип максатыңарга жетесиңер.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الأذى الذي ينال المؤمن في سبيل الله فيضطره إلى الهجرة والخروج والجهاد من أعظم أسباب تكفير الذنوب ومضاعفة الأجور.
Момундардын Аллах жолунда көчкөндөгү, куулгандагы, жихаддагы ж.б. каапырлар тарабынан тарткан азаптары, алардын күнөөсүнүн кечирилүүсүнө жана соопторунун көбөйүүсүнө себеп болот.

• ليست العبرة بما قد ينعم به الكافر في الدنيا من المال والمتاع وإن عظم؛ لأن الدنيا زائلة، وإنما العبرة بحقيقة مصيره في الآخرة في دار الخلود.
Каапырларга бул дүйнөдо берилген байлык, жыргал жашоо канчалык көп болсо да этибарга алынчу нерсе эмес, чыныгы этибарга ала турган нерсе акыретте түбөлүк кала турган жайдын эмне экендиги

• من أهل الكتاب من يشهدون بالحق الذي في كتبهم، فيؤمنون بما أنزل إليهم وبما أنزل على المؤمنين، فهؤلاء لهم أجرهم مرتين.
Китеп берилгендердин арасында да китептеринде айтылган чындыкка күбө болуп, өздөрүнө түшүрүлгөнгө да, момундарга түшүрүлгөнгө да (Тоорот менен Куранга) ишенгендери бар. Булардыг сооп-сыйы эки эсе беилет.

• الصبر على الحق، ومغالبة المكذبين به، والجهاد في سبيله، هو سبيل الفلاح في الآخرة.
Чындыкка сабыр кылуу, сабырдуулукта каапырлардан үстөм болуу, Аллах жолунда жидга чыгуу, булар кыяматтагы ийгилик, жеңиштин жолу

 
د معناګانو ژباړه سورت: آل عمران
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول