Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: آل عمران   آیت:
يَوۡمَ تَجِدُ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا عَمِلَتۡ مِنۡ خَيۡرٖ مُّحۡضَرٗا وَمَا عَمِلَتۡ مِن سُوٓءٖ تَوَدُّ لَوۡ أَنَّ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَهُۥٓ أَمَدَۢا بَعِيدٗاۗ وَيُحَذِّرُكُمُ ٱللَّهُ نَفۡسَهُۥۗ وَٱللَّهُ رَءُوفُۢ بِٱلۡعِبَادِ
Кыямат күнү ар бир жан кылган жакшы иштерине туш болот, алар эч кемитилбестен алып келинет, ал эми жаман иштерди кылган адам, ал экөөнүн ортосунда узак убакыт болсо деп тилейт. Бирок тилеги кантип кабыл болсун! Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Аллах пенделерине Боорукер, ошондуктан аларга эскертет жана коркутат.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ إِن كُنتُمۡ تُحِبُّونَ ٱللَّهَ فَٱتَّبِعُونِي يُحۡبِبۡكُمُ ٱللَّهُ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер Аллахты чындап сүйсөңөр, анда мен алып келген нерсеге ичиңерден жана сыртыңардан ээрчигиле. Ошондо Аллахтын сүйүүсүнө жетесиңер жана Ал күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, аларга ырайымдуу».
عربي تفسیرونه:
قُلۡ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَۖ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Буйруктарды аткарып, тыюуларды таштоо менен Аллахка баш ийгиле жана Анын элчисине моюн сунгула». Эгерде алар мындан жүз бурушса, анда Аллах Анын буйругуна жана элчисинин буйругуна каршы чыккан каапырларды жакшы көрбөйт.
عربي تفسیرونه:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰٓ ءَادَمَ وَنُوحٗا وَءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ وَءَالَ عِمۡرَٰنَ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Чындыгында Аллах Адам атаны тандап, ага периштелерди сажда кылдырды. Нухту тандап, аны жер жүзүнө биринчи элчи кылды. Ибрахимдин үй-бүлөсүн тандап, анын урпактарына пайгамбарлыкты кылды. Ошондой Имрамдын үй-бүлөсүн да тандады. Ушулардын баарысын тандап, өз доорундагы адамдардан артык кылды.
عربي تفسیرونه:
ذُرِّيَّةَۢ بَعۡضُهَا مِنۢ بَعۡضٖۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Мына ушул аталган пайгамбарлар жана алардын жолун жолдогон урпактары – алар Аллахты жалгыздоодо жана жакшылык иштерди кылууда биринин артынан бири келген урпактар. Алар бири-биринен асыл сыпаттарды жана артыкчылыктарды мураска алышкан. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ошол себептен алардын арасынан Өзү каалагандарын тандайт.
عربي تفسیرونه:
إِذۡ قَالَتِ ٱمۡرَأَتُ عِمۡرَٰنَ رَبِّ إِنِّي نَذَرۡتُ لَكَ مَا فِي بَطۡنِي مُحَرَّرٗا فَتَقَبَّلۡ مِنِّيٓۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Имрандын аялы (Мариямдын энеси) айтты: «Оо, Раббим! Мен курсагымдагы баланы Сага жана Сенин үйүңө кызмат кылуусу үчүн Сенин Жүзүңдү көздөп бүткүл нерседен бошотууну өзүмө милдет кылдым. Муну менден кабыл кыл. Чындыгында Сен дубамды Угуучусуң, ниетимди Билүүчүсүң».
عربي تفسیرونه:
فَلَمَّا وَضَعَتۡهَا قَالَتۡ رَبِّ إِنِّي وَضَعۡتُهَآ أُنثَىٰ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا وَضَعَتۡ وَلَيۡسَ ٱلذَّكَرُ كَٱلۡأُنثَىٰۖ وَإِنِّي سَمَّيۡتُهَا مَرۡيَمَ وَإِنِّيٓ أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ ٱلرَّجِيمِ
Ал уул төрөйм деп үмүт кылып жүрүп, айы-күнү жетип төрөгөндө өкүнүп: «Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм» – деди. Аллах анын ким төрөгөнүн жакшы билет. Ал үмүт кылып күткөн уул күч-кубат жана турпат жактан ага берилген кыздай эмес. Ал: «Мен анын атын Мариям койдум, аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргоону Өзүңө тапшырдым» – деди.
عربي تفسیرونه:
فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٖ وَأَنۢبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنٗا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّاۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيۡهَا زَكَرِيَّا ٱلۡمِحۡرَابَ وَجَدَ عِندَهَا رِزۡقٗاۖ قَالَ يَٰمَرۡيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَٰذَاۖ قَالَتۡ هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ إِنَّ ٱللَّهَ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٍ
Аллах анын назирин жакшы кабыл алып, аны татыктуу тарбиялап чоңойтту, пенделеринин ичинен такыба адамдардын жүрөктөрүн ага жумшак кылды жана анын жоопкерчилигин Закарияга тапшырды. Закария анын ибадат кылган жайына кирген сайын анын алдынан жеңил жана таза ырыскыларды көрчү. Бирде ага кайрылып: «Оо, Мариям! Бул ырыскы сага кандай келди?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ырыскы Аллахтан. Чындыгында Аллах кимге кааласа эсепсиз кенен ырыскы берет».
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• عظم مقام الله وشدة عقوبته تجعل العاقل على حذر من مخالفة أمره تعالى.
Аллахтын макамынын улуулугу жана Анын жазасынын катаалдыгы акылы бар адамды Анын буйругуна каршы чыгуудан сак болууга түртөт.

• برهان المحبة الحقة لله ولرسوله باتباع الشرع أمرًا ونهيًا، وأما دعوى المحبة بلا اتباع فلا تنفع صاحبها.
Аллахка жана Анын элчисине болгон чыныгы сүйүүнүн далили – шариятты ээрчүү менен андагы буйруктарды аткаруу жана тыюуларды таштоо. Ал эми ээрчибестен туруп эле сүйөм деп айтуу адамга эч кандай пайда келтирбейт.

• أن الله تعالى يختار من يشاء من عباده ويصطفيهم للنبوة والعبادة بحكمته ورحمته، وقد يخصهم بآيات خارقة للعادة.
Аллах таала Өзүнүн даанышмандыгы жана ырайымы менен пенделеринин арасынан кимди кааласа пайгамбарлык жана ибадат үчүн тандайт. Ал аларга адаттан тыш аят-белгилерди берет.

 
د معناګانو ژباړه سورت: آل عمران
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول