Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: زخرف   آیت:
إِنَّ ٱلۡمُجۡرِمِينَ فِي عَذَابِ جَهَنَّمَ خَٰلِدُونَ
Чындыгында каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөрлөр кыямат күнү тозок азабында түбөлүк болушат.
عربي تفسیرونه:
لَا يُفَتَّرُ عَنۡهُمۡ وَهُمۡ فِيهِ مُبۡلِسُونَ
Аларга азап жеңилдетилбейт жана алар ал нерседе Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болушат.
عربي تفسیرونه:
وَمَا ظَلَمۡنَٰهُمۡ وَلَٰكِن كَانُواْ هُمُ ٱلظَّٰلِمِينَ
Биз аларды тозокко киргизип зулумдук кылбадык. Бирок алар каапырлык себептүү өздөрүнө зулумдук кылышты.
عربي تفسیرونه:
وَنَادَوۡاْ يَٰمَٰلِكُ لِيَقۡضِ عَلَيۡنَا رَبُّكَۖ قَالَ إِنَّكُم مَّٰكِثُونَ
Алар тозоктун сакчысы Маликти чакырып: «Оо, Малик! Раббиң бизди өлтүрсүнчү, биз азаптан алалы» – дегенде ал аларга мындай деп жооп берет: «Силер өлбөстөн дайым азапта болосуңар, силерге азап токтотулбайт».
عربي تفسیرونه:
لَقَدۡ جِئۡنَٰكُم بِٱلۡحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَكُمۡ لِلۡحَقِّ كَٰرِهُونَ
Биз силерге дүйнөдө шек-күмөнсүз акыйкат менен келгенбиз, бирок көпчүлүгүңөр акыйкатты жаман көрдүңөр.
عربي تفسیرونه:
أَمۡ أَبۡرَمُوٓاْ أَمۡرٗا فَإِنَّا مُبۡرِمُونَ
Эгерде алар пайгамбарга айлакердик кылышып, ага каршы айла-амал уюштурса, Биз дагы алар үчүн алардыкынан да өткөн айла-амалдарды камдап койдук.
عربي تفسیرونه:
أَمۡ يَحۡسَبُونَ أَنَّا لَا نَسۡمَعُ سِرَّهُمۡ وَنَجۡوَىٰهُمۚ بَلَىٰ وَرُسُلُنَا لَدَيۡهِمۡ يَكۡتُبُونَ
Же Биз алар жүрөктөрүнө каткан сырларын же жашыруун шыбырашкан сыр сөздөрүн угушпайт деп ойлошобу? Албетте, биз алардын баарын угабыз! Алардагы периштелер алардын кылган бардык иш-аракеттерин жазып турушат.
عربي تفسیرونه:
قُلۡ إِن كَانَ لِلرَّحۡمَٰنِ وَلَدٞ فَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلۡعَٰبِدِينَ
О, элчи! Кыздарды Аллахка таандык кылгандарга айткын: «Аллах алардын сөзүнөн Жогору. жана Ал балалуу болуудан Таза. Аллахка ибадат кылып, Аны аруулоочулардын алгачкысы менмин».
عربي تفسیرونه:
سُبۡحَٰنَ رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ رَبِّ ٱلۡعَرۡشِ عَمَّا يَصِفُونَ
Асмандар менен жердин Раббиси жана Арштын Раббиси мушриктердин Анын шериги, аялы жана баласы бар деген сөздөрүнөн аруу.
عربي تفسیرونه:
فَذَرۡهُمۡ يَخُوضُواْ وَيَلۡعَبُواْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ
Оо, пайгамбар! Аларды тим кой! Алар убада кылынган кыямат күнгө кезиккенге чейин жалганга батып, ойноп жүрө беришсин.
عربي تفسیرونه:
وَهُوَ ٱلَّذِي فِي ٱلسَّمَآءِ إِلَٰهٞ وَفِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَٰهٞۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡعَلِيمُ
Ал Аллах асмандагы чыныгы кудай жана жердеги чыныгы кудай. Ал Өз жаратуусунда, тагдыр кылуусунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделеринин абалдарын Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
عربي تفسیرونه:
وَتَبَارَكَ ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Асмандар менен жердеги жана алардын ортосундагы бийлик Ага гана таандык болгон Аллахтын жакшылыгы жана берекеси көбөйдү. Кыяматтын болор убактысын Ал гана билет. Аны Андан башка эч ким билбейт. Силер акыретте сурак бериш үчүн жана сыйлык-жаза алыш үчүн Ага гана кайтасыңар.
عربي تفسیرونه:
وَلَا يَمۡلِكُ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِهِ ٱلشَّفَٰعَةَ إِلَّا مَن شَهِدَ بِٱلۡحَقِّ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Мушриктердин Аллахтан башка сыйынгандары Анын алдында шапаат кылууга ээлик кылышпайт. Бирок Иса, Узейр жана периштелер сыяктуу «Аллахтан башка кудай жок» экендигин билип күбө беришкендер гана ээлик кылышат.
عربي تفسیرونه:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَهُمۡ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۖ فَأَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ
Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Бизди Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Анда эмнеге ушинтип моюнга алгандан кийин Ага сыйынуудан четтеп жатасыңар?
عربي تفسیرونه:
وَقِيلِهِۦ يَٰرَبِّ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمٞ لَّا يُؤۡمِنُونَ
Аллах пайгамбарынын аны өз эли жалганга чыгарганы тууралуу арыз-муңун жана ал тууралуу мындай деп айтканын билет: «Оо, Раббим! Чындыгында бул адамдар Сен мен аркылуу жиберген нерсеге ыйман келтиришпеди».
عربي تفسیرونه:
فَٱصۡفَحۡ عَنۡهُمۡ وَقُلۡ سَلَٰمٞۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ
Эми сен алардан жүз бур жана сени жамандыктарынан коргогон сөздү айт: «Силер жакында жазаңарды алганда билесиңер». (Бул окуя Меккеде болгон).
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• كراهة الحق خطر عظيم.
Акыйкатты жаман көрүү – кооптуу иш.

• مكر الكافرين يعود عليهم ولو بعد حين.
Каапырлардын айла-амалдары эртеби-кечпи алардын өзүнө кайтат.

• كلما ازداد علم العبد بربه، ازداد ثقة بربه وتسليمًا لشرعه.
Пенде Раббисин канчалык таанып билген сайын, анын Ага болгон ишеними жана шариятына баш ийүүсү ошончолук күч алат.

• اختصاص الله بعلم وقت الساعة.
Кыяматтын болор убактысын Аллах гана билет.

 
د معناګانو ژباړه سورت: زخرف
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول