Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: نجم   آیت:

Нажм

د سورت د مقصدونو څخه:
إثبات صدق الوحي وأنه من عند الله.
Аян-кабар Аллахтан келет деген ишенимдин бекемдиги

وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ
Аллах кулаган жылдыз менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ
Аллахтын элчиси Мухаммад акыйкат жолдон тайган эмес жана адашкан да эмес, ал туура жолдо.
عربي تفسیرونه:
وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ
Жана ал бул Куранды өз каалоосуна ээрчип сүйлөбөйт.
عربي تفسیرونه:
إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ
Бул Куран – Аллах ага Жебреил периште аркылуу түшүргөн вахий гана.
عربي تفسیرونه:
عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ
Аны ага абдан кубаттуу Жебреил периште үйрөткөн.
عربي تفسیرونه:
ذُو مِرَّةٖ فَٱسۡتَوَىٰ
Жебреил сулуу келбет ээси, ал пайгамбарга Аллах аны жараткан келбетте пайда болуп тике турду.
عربي تفسیرونه:
وَهُوَ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡأَعۡلَىٰ
Жана Жебреил асмандын бийик мейкиндигинде.
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ
Андан соң Жебреил пайгамбарга жакындады, кийин дагы жакындады.
عربي تفسیرونه:
فَكَانَ قَابَ قَوۡسَيۡنِ أَوۡ أَدۡنَىٰ
Анын ага жакындыгы эки жаанын өлчөмүндөй же андан да жакын болду.
عربي تفسیرونه:
فَأَوۡحَىٰٓ إِلَىٰ عَبۡدِهِۦ مَآ أَوۡحَىٰ
Анан Жебреил Аллахтын кулу Мухаммадга вахий кылды.
عربي تفسیرونه:
مَا كَذَبَ ٱلۡفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ
Мухаммаддын жүрөгү көзү менен көргөн нерсени жалганга чыгарган жок.
عربي تفسیرونه:
أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ
Эй, мушриктер! Ал асманга көтөрүлгөн түнү Аллах ага көргөзгөн нерселер тууралуу талашып тартышасыңарбы?
عربي تفسیرونه:
وَلَقَدۡ رَءَاهُ نَزۡلَةً أُخۡرَىٰ
Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Жебрейилди дагы бир жолу өз келбетинде көрдү.
عربي تفسیرونه:
عِندَ سِدۡرَةِ ٱلۡمُنتَهَىٰ
Жетинчи асмандагы эбегейсиз чоң дарак Сидра аль-Мунтаханын алдында.
عربي تفسیرونه:
عِندَهَا جَنَّةُ ٱلۡمَأۡوَىٰٓ
Анын алдында Маъва бейиши бар.
عربي تفسیرونه:
إِذۡ يَغۡشَى ٱلسِّدۡرَةَ مَا يَغۡشَىٰ
Капыстан Аллахтын буйругу менен Сидраны бир улуу нерсе ороп алды. Анын акыйкатын Аллах гана билет.
عربي تفسیرونه:
مَا زَاغَ ٱلۡبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ
Мухаммаддын көздөрү оңгө да, солго да бурулган жок жана ал белгиленген чектен да ашкан жок.
عربي تفسیرونه:
لَقَدۡ رَأَىٰ مِنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ
Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Раббисинин кудуреттүлүгүн билдирген улуу аят-белгилерди көрдү, бейиш менен тозокту көрдү жана алардан башкасын да көрдү.
عربي تفسیرونه:
أَفَرَءَيۡتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلۡعُزَّىٰ
Эй, мушриктер! Силер Аллахтан башка сыйынган Лат менен Узза айкелдерин көрбөдүңөрбү?
عربي تفسیرونه:
وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ
Жана силердин айкелдериңердин үчүнчүсү Манатты дагы. Айткылачы мага, алар силерге пайда же зыян келтире алдыбы?
عربي تفسیرونه:
أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلۡأُنثَىٰ
Эй, мушриктер! Силерге өзүңөр жакшы көргөн уул балдар, ал эми жаман көргөн кыз балдар Аллахка таандыкпы?
عربي تفسیرونه:
تِلۡكَ إِذٗا قِسۡمَةٞ ضِيزَىٰٓ
Өз каалооңорго карап мындай бөлгөнүңөр адилетсиз бөлүү.
عربي تفسیرونه:
إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٞ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ
Бул айкелдер жөн гана маанисиз аталыштар. Алар кудайлык сыпаттарга ээ эмес. Аларды өзүңөр жана ата-бабаларыңар эле атап алгансыңар. Аллах буга эч кандай далил түшүргөн эмес. Мушриктер өз ишенимдеринде божомолго гана ээрчишет жана шайтан алардын жүрөктөрүндө кооз кылып көргөзгөн нерселерди каалашат. Аларга пайгамбардын тилинде Раббиси тараптан акыйкат келди. Бирок алар ал жолго түшүшкөн жок.
عربي تفسیرونه:
أَمۡ لِلۡإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ
Же инсан үчүн Аллахтын алдында ал каалагандай айкелдердин шапааты бар бекен?
عربي تفسیرونه:
فَلِلَّهِ ٱلۡأٓخِرَةُ وَٱلۡأُولَىٰ
Жок! Анын каалаганы болбойт. Акырет жана дүйнө жалгыз Аллахка таандык. Алардан Өзү каалаган нерсесин берет, каалабаган нерсесин бербейт.
عربي تفسیرونه:
۞ وَكَم مِّن مَّلَكٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ
Асмандарда канчалаган периштелер бар, алардын шапааты эч пайда келтирбейт. Эгерде алар кимдир бирөөгө шапаат кылууну каалашса, анда Аллах Өзү каалагандарга шапаат кылууга уруксат берип жана шапаат кылынгандарга ыраазы болгондон кийин гана шапаат кыла алышат. Аллах шерик кылынгандарга эч качан шапаат кылууга уруксат бербейт жана Аллахтан башка ага сыйынгандардан эч качан ыраазы болбойт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• كمال أدب النبي صلى الله عليه وسلم حيث لم يَزغْ بصره وهو في السماء السابعة.
Пайгамбардын адеп-ахлагынын толуктугу. Анткени ал жетинчи асманда болгондо көзү менен эки тарапты караган жок.

• سفاهة عقل المشركين حيث عبدوا شيئًا لا يضر ولا ينفع، ونسبوا لله ما يكرهون واصطفوا لهم ما يحبون.
Мушриктердин кем акылдыгы. Анткени алар пайда да, зыян да келтирбеген нерселерге сыйынышты жана жаман көргөндөрүн Аллахка таандык кылып, жакшы көргөндөрүн өздөрүнө тандашты.

• الشفاعة لا تقع إلا بشرطين: الإذن للشافع، والرضا عن المشفوع له.
Шапаат эки шарт аткарылганда гана ишке ашат: шапаатчыга уруксат берүү жана шапаат кылынганга ыраазы болуу.

 
د معناګانو ژباړه سورت: نجم
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول