Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: نجم   آیت:
وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰ
Ал эркек жана ургаачы кылып жуптарды жаратты.
عربي تفسیرونه:
مِن نُّطۡفَةٍ إِذَا تُمۡنَىٰ
Жатынга жайгашкан бел суудан.
عربي تفسیرونه:
وَأَنَّ عَلَيۡهِ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰ
Аларды өлгөндөн кийин кайра жаратуу Анын милдети.
عربي تفسیرونه:
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغۡنَىٰ وَأَقۡنَىٰ
Ал Өзү каалаганын мал-мүлккө ээ кылып байытты жана адамдар ээлик кылган мал-мүлктөн берди.
عربي تفسیرونه:
وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعۡرَىٰ
Ал кээ бир мушриктер Аллах менен катар сыйынган Сириус жылдызынын да Раббиси.
عربي تفسیرونه:
وَأَنَّهُۥٓ أَهۡلَكَ عَادًا ٱلۡأُولَىٰ
Ал Худдун коому болгон байыркы Аадды каапырлыктан кайтпагандыгы үчүн жок кылды.
عربي تفسیرونه:
وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبۡقَىٰ
Жана Салихтин коому Самудду да жок кылды. Алардан эч ким калган жок.
عربي تفسیرونه:
وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ هُمۡ أَظۡلَمَ وَأَطۡغَىٰ
Ал Аад менен Самудга чейин Нухтун коомун жок кылган. Чындыгында Нухтун коому Аад менен Самуддан өткөн залым жана чектен чыккандардан эле. Анткени Нух алардын арасында 950 жыл жашап, аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырган. Бирок алар ага жооп беришкен эмес.
عربي تفسیرونه:
وَٱلۡمُؤۡتَفِكَةَ أَهۡوَىٰ
Ал Лут коомунун шаарын асманга көтөрүп, кийин аны оодарып туруп жерге таштаган.
عربي تفسیرونه:
فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ
Ал асманга көтөрүлүп, кайра жерге түшкөндө анын үстүн жаап калды жана таштар жаады.
عربي تفسیرونه:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ
Эй, инсан! Раббиңдин кудуреттүүлүгүн көргөзгөн кайсы аят-белгилери тууралуу талашып тартышып, алардан сабак албай жатасың?
عربي تفسیرونه:
هَٰذَا نَذِيرٞ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلۡأُولَىٰٓ
Силерге жиберилген бул элчи абалкы элчилердин эле бири.
عربي تفسیرونه:
أَزِفَتِ ٱلۡأٓزِفَةُ
Жакындоочу кыямат жакындап калды.
عربي تفسیرونه:
لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ
Аны Аллахтан башка эч ким кайтара албайт жана эч ким биле албайт.
عربي تفسیرونه:
أَفَمِنۡ هَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ تَعۡجَبُونَ
Силерге окулуп жаткан бул Куран Аллахтан экенине таң калып жатасыңарбы?
عربي تفسیرونه:
وَتَضۡحَكُونَ وَلَا تَبۡكُونَ
Силер андагы осуяттарды укканда ыйлагандын ордуна анын үстүнөн күлүп шылдыңдап жатасыңарбы?
عربي تفسیرونه:
وَأَنتُمۡ سَٰمِدُونَ
Силер ага жеңил карап, көңүл бурбай жатасыңарбы?
عربي تفسیرونه:
فَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ وَٱعۡبُدُواْ۩
Аллахка гана сажда кылгыла жана Ага чын ыкластан ибадат кылгыла!
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• عدم التأثر بالقرآن نذير شؤم.
Курандан таасир албоо – жамандыктын белгиси.

• خطر اتباع الهوى على النفس في الدنيا والآخرة.
Напси каалоолорго ээрчүүнүн дүйнөдөгү жана акыреттеги коркунучу.

• عدم الاتعاظ بهلاك الأمم صفة من صفات الكفار.
Коомдордун кыйроосунан сабак албоо – каапырлардын сыпаттарынан.

 
د معناګانو ژباړه سورت: نجم
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول