Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: انسان   آیت:

Инсан

د سورت د مقصدونو څخه:
تذكير الإنسان بأصل خلقه، ومصيره، وبيان ما أعد الله في الجنة لأوليائه.
Инсанга анын жаралуусун жана бара турган жерин эскерткен жана Аллах Таала жакшы көргөн досторуна бейиште даярдап койгон сыйыйн баяндаган.

هَلۡ أَتَىٰ عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ حِينٞ مِّنَ ٱلدَّهۡرِ لَمۡ يَكُن شَيۡـٔٗا مَّذۡكُورًا
Инсандын үстүнөн узак замандар өткөн, ал кезде анын аты да, заты да жок болчу.
عربي تفسیرونه:
إِنَّا خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٍ أَمۡشَاجٖ نَّبۡتَلِيهِ فَجَعَلۡنَٰهُ سَمِيعَۢا بَصِيرًا
Чындыгында Биз инсанды аял менен эркектин суусунун аралашмасынан турган бел суудан жараттык. Биз ага милдеттерди жүктөп сынайбыз. Биз ага милдет кылып жүктөгөн шариятты аткаруусу үчүн аны уга турган жана көрө турган кылдык.
عربي تفسیرونه:
إِنَّا هَدَيۡنَٰهُ ٱلسَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرٗا وَإِمَّا كَفُورًا
Биз ага элчилерибиздин тилдеринде туура жолду баяндап бердик. Муну менен ага адашуу жолу анык болду. Ал ошондон кийин туура жолго түшүп, Аллахка шүгүр кылган ыймандуу пенде болот, же болбосо андан адашып, Аллахтын аяттарын четке каккан каапыр пенде болот.
عربي تفسیرونه:
إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ سَلَٰسِلَاْ وَأَغۡلَٰلٗا وَسَعِيرًا
Чындыгында Биз Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондор үчүн аларды тозокко сүйрөгөн чынжырларды, салынуучу кишендерди жана алоолонгон отту даярдап койдук.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ يَشۡرَبُونَ مِن كَأۡسٖ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا
Чындыгында Аллахка моюн сунган ыймандуулар кыямат күнү жыпар жыттуу камфора менен аралашкан шарапка толтурулган чөйчөктөрдөн ичишет.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• خطر حب الدنيا والإعراض عن الآخرة.
Дүйнөнү сүйүүнүн жана акыреттен жүз буруунун коркунучу.

• ثبوت الاختيار للإنسان، وهذا من تكريم الله له.
Адамда ыктыяр бар экенин тастыктоо. Бул Аллахтын ага көргөзгөн сый-урматы.

• النظر لوجه الله الكريم من أعظم النعيم.
Аллахтын асыл Жүзүн көрүү – эң улуу жакшылык.

 
د معناګانو ژباړه سورت: انسان
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول