Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: مرسلات   آیت:
أَلَمۡ نَخۡلُقكُّم مِّن مَّآءٖ مَّهِينٖ
Оо, адамдар! Биз силерди жийиркеничтүү болор-болбос бел суудан жаратпадык беле?
عربي تفسیرونه:
فَجَعَلۡنَٰهُ فِي قَرَارٖ مَّكِينٍ
Анан Биз ал жийиркеничтүү бел сууну коопсуз жай болгон аялдын жатынына жайгаштырдык.
عربي تفسیرونه:
إِلَىٰ قَدَرٖ مَّعۡلُومٖ
Белгилүү мөөнөткө чейин – ал кош бойлуулук мөөнөтү.
عربي تفسیرونه:
فَقَدَرۡنَا فَنِعۡمَ ٱلۡقَٰدِرُونَ
Жана Биз жаңы төрөлгөн баланын сыпатын, өлчөмүн, өң-түсүн жана башка нерселерин белгилеп койгонбуз. Ушунун баарын кылган Биздин кудуреттүүлүгүбүз кандай сонун!
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ كِفَاتًا
Биз жерди адамдардын баарысын өзүнө сыйдыруучу кылбадыкпы?
عربي تفسیرونه:
أَحۡيَآءٗ وَأَمۡوَٰتٗا
Ал тирүүлөрдү үстүндө жашатуу жана гүлдөтүү менен, ал эми өлүктөрдү ага көмдүрүү менен сыйдырат.
عربي تفسیرونه:
وَجَعَلۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ شَٰمِخَٰتٖ وَأَسۡقَيۡنَٰكُم مَّآءٗ فُرَاتٗا
Жана аны силкинүүдөн сактаган бекем, бийик тоолорду жаратты. Оо, адамдар! Биз силерге таза суу бердик. Ушуларды жараткан Зат силерди кайра жаратууга алсыз эмес.
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ
Пайгамбарлары алып келгенди жалганга чыгаргандарга айтылат: «Эй, жалганчылар! Силер жалган деп эсептеген азапты көздөй жөнөгүлө!
عربي تفسیرونه:
ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ ظِلّٖ ذِي ثَلَٰثِ شُعَبٖ
Үч бөлүккө бөлүнгөн тозок түтүнүнүн көлөкөсүнө жөнөгүлө».
عربي تفسیرونه:
لَّا ظَلِيلٖ وَلَا يُغۡنِي مِنَ ٱللَّهَبِ
Анда көлөкөнүн салкындыгы жок жана ал тозоктун жалыны менен ысыктыгынын силерге өтүүсүн токтото албайт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّهَا تَرۡمِي بِشَرَرٖ كَٱلۡقَصۡرِ
Чындыгында тозок сепилдей болгон чоңдуктагы учкундарды чачып турат.
عربي تفسیرونه:
كَأَنَّهُۥ جِمَٰلَتٞ صُفۡرٞ
Андан чачыраган учкундар каралыгында жана чоңдугунда кара тору төөлөргө окшойт.
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
هَٰذَا يَوۡمُ لَا يَنطِقُونَ
Бул күнү алар эч нерсе тууралуу сүйлөй алышпайт.
عربي تفسیرونه:
وَلَا يُؤۡذَنُ لَهُمۡ فَيَعۡتَذِرُونَ
Аларга каапырлыктары жана күнөөлөрү үчүн Раббисинен кечирим суроого уруксат берилбейт. Бирок алар Андан кечирим сурашат.
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِۖ جَمَعۡنَٰكُمۡ وَٱلۡأَوَّلِينَ
Бул күн – макулуктарды ажыратуучу күн. Биз силерди жана мурунку коомдорду бир жерге чогулттук.
عربي تفسیرونه:
فَإِن كَانَ لَكُمۡ كَيۡدٞ فَكِيدُونِ
Эгерде силерде Аллахтын азабынан кутулуу үчүн колдоно турган айла-амалыңар болсо, аны Мага каршы колдонгулачы!
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي ظِلَٰلٖ وَعُيُونٖ
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштин жапжашыл дарактарынын көлөкөсүндө, аккан таза суу булактарында.
عربي تفسیرونه:
وَفَوَٰكِهَ مِمَّا يَشۡتَهُونَ
Жана жегиси келген мөмө-жемиштерде болушат.
عربي تفسیرونه:
كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Аларга айтылат: «Дүйнөдө жакшылык иштерди кылганыңар себептүү таза нерселерден жегиле жана зыянсыз жагымдуу суусундуктардан ичкиле».
عربي تفسیرونه:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биз силерге берген мындай сыйлыкты жакшылык иштерди кылгандарга да беребиз.
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллах такыбалар үчүн даярдап койгон нерселерди жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
كُلُواْ وَتَمَتَّعُواْ قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجۡرِمُونَ
Жалганчыларга айтылат: «Жегиле жана дүйнөдө аз гана убакыт жашоо жыргалчылыктарын пайдаланып калгыла. Силер Аллахка каапырлык кылганыңар жана Анын элчилерин жалганга чыгарганыңар себептүү күнөөкөрсүңөр».
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Сурак күндөгү жазаларын жалганга чыгаргандарга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱرۡكَعُواْ لَا يَرۡكَعُونَ
Ал жалганчыларга «Аллах үчүн намаз окугула» деп айтылса, Ал үчүн намаз окушпайт.
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Пайгамбарлар Аллах тараптан алып келгенди жалган деген жалганчыларга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ
Эгер алар Раббиси тараптан түшкөн бул Куранга ишенишпесе, анда мындан башка кайсы сөзгө ишенишет?
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• رعاية الله للإنسان في بطن أمه.
Аллах инсанга энесинин курсагында кам көрөт.

• اتساع الأرض لمن عليها من الأحياء، ولمن فيها من الأموات.
Жер өзүнө үстүндөгү тирүүлөрдү жана андагы өлүктөрдү да камтыйт.

• خطورة التكذيب بآيات الله والوعيد الشديد لمن فعل ذلك.
Аллахтын аяттарын жалганга чыгаруунун коркунучу жана андай кылган адамга катуу эскертүү айтылган.

 
د معناګانو ژباړه سورت: مرسلات
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول