Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: مرسلات   آیت:

Мурсалат

د سورت د مقصدونو څخه:
الوعيد للمكذبين بالويل يوم القيامة.
Жалганга чыгаруучуларга Кыямат күнү "вайл" (азап) убада кылынган.

وَٱلۡمُرۡسَلَٰتِ عُرۡفٗا
Аллах аттын жалындай үлгүлтүксүз шамал менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
فَٱلۡعَٰصِفَٰتِ عَصۡفٗا
Катуу соккон шамал менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
وَٱلنَّٰشِرَٰتِ نَشۡرٗا
Жамгырды тараткан шамал менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
فَٱلۡفَٰرِقَٰتِ فَرۡقٗا
Акыйкат менен жалганды ажыратуу үчүн түшкөн периштелерге менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
فَٱلۡمُلۡقِيَٰتِ ذِكۡرًا
Вахий менен түшкөн периштелер менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
عُذۡرًا أَوۡ نُذۡرًا
Алар Аллахтын алдында адамдар актанбаш үчүн жана аларга Аллахтын азабын эскертүү максатта вахий менен түшүшөт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٞ
Чындыгында силерге убада кылынган кайра тирилүү, сурак алуу жана жаза-сыйлык берүү сөзсүз түрдө болот.
عربي تفسیرونه:
فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتۡ
Жылдыздардын нуру өчүп, жарыгы кеткенде.
عربي تفسیرونه:
وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتۡ
Периштелер түшүү үчүн асман ачылганда.
عربي تفسیرونه:
وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ نُسِفَتۡ
Тоолор өз ордуларынан жулунуп, чаңдай болгончо майданалып бытыраганда.
عربي تفسیرونه:
وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتۡ
Пайгамбарлар белгилүү бир убакытка чогултулганда.
عربي تفسیرونه:
لِأَيِّ يَوۡمٍ أُجِّلَتۡ
Өз үммөттөрүнө күбө болуш үчүн кечиктирилген улуу күн үчүн.
عربي تفسیرونه:
لِيَوۡمِ ٱلۡفَصۡلِ
Пенделердин ортосун ажыратуучу күн үчүн. Ошондо чынчылдар жана жалганчылар, бактылуулар жана бактысыздар ачык билинет.
عربي تفسیرونه:
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ
Оо, пайгамбар! Сен ажыратуу күнү эмне экенин кайдан билмек?
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күндө пайгамбарлар Аллах тараптан алып келген нерсени жалганга чыгаргандар үчүн кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
أَلَمۡ نُهۡلِكِ ٱلۡأَوَّلِينَ
Биз Аллахка каапырлык кылган, пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку коомдорду жок кылбадык беле?
عربي تفسیرونه:
ثُمَّ نُتۡبِعُهُمُ ٱلۡأٓخِرِينَ
Алардын артынан кийинки муундарды кошуп, тигилерди жок кылгандай жок кылабыз.
عربي تفسیرونه:
كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ
Тигил коомдорду жок кылган сыяктуу Мухаммад алып келгенди жалганга чыгарган күнөөкөрлөрдү да жок кылабыз.
عربي تفسیرونه:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын күнөөкөрлөрдү жазалайм деген убадасын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• خطر التعلق بالدنيا ونسيان الآخرة.
Дүйнөгө байлануунун жана акыретти унутуунун коркунучу.

• مشيئة العبد تابعة لمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна баш ийет.

• إهلاك الأمم المكذبة سُنَّة إلهية.
Жалганчы коомдорду жок кылуу – Аллахтын белгилеген жолу.

 
د معناګانو ژباړه سورت: مرسلات
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول