Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: توبه   آیت:
لَقَدِ ٱبۡتَغَوُاْ ٱلۡفِتۡنَةَ مِن قَبۡلُ وَقَلَّبُواْ لَكَ ٱلۡأُمُورَ حَتَّىٰ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَظَهَرَ أَمۡرُ ٱللَّهِ وَهُمۡ كَٰرِهُونَ
Мына ошол эки жүздүүлөр Табук согушунан алдын мусулмандардын сөзүн бөлүп, биримдигин ыдыратып аларды бузууга аракет кылышты. Эй, пайгамбар! Алар айла-амалдарды колдонуу менен сага иштерди ар кандай кылып көрсөтүшүп, алардын айла-амалдары сенин согушууга болгон чечимиңе таасир этет деп ойлошту. Акыры Аллахтын жеңиши жана колдоосу келди. Алар жаман көрүшсө дагы Аллах Өз динин кубаттуу жана душмандарына үстөм кылды. Анткени алар акыйкаттын үстүнөн жалгандын жеңишин каалашкан эле.
عربي تفسیرونه:
وَمِنۡهُم مَّن يَقُولُ ٱئۡذَن لِّي وَلَا تَفۡتِنِّيٓۚ أَلَا فِي ٱلۡفِتۡنَةِ سَقَطُواْۗ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةُۢ بِٱلۡكَٰفِرِينَ
Эки жүздүүлөрдүн арасында жалган шылтоолорду таап: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага уруксат бер, согушка барбай эле коёюн. Сени менен барууга мажбур кылба. Анткени мен душмандын (Римдин) аялдарын көргөн кезде аларга азгырылып күнөөгө батып калышым мүмкүн» – дегендер бар. Алар өздөрү ойлогондон да чоң азгырыкка кабылышты. Ал – эки жүздүүлүк жана согушка барбаштын азгырыгы. Кыямат күнүндө тозок каапырларды чулгап алат. Андан эч ким качып кутулбайт жана андан качып чыгуу мүмкүн эмес.
عربي تفسیرونه:
إِن تُصِبۡكَ حَسَنَةٞ تَسُؤۡهُمۡۖ وَإِن تُصِبۡكَ مُصِيبَةٞ يَقُولُواْ قَدۡ أَخَذۡنَآ أَمۡرَنَا مِن قَبۡلُ وَيَتَوَلَّواْ وَّهُمۡ فَرِحُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде сага Аллах тараптан сени кубандырган жеңиш же олжо сыяктуу жакшылыктар жетсе, анда алар жаман көрүшүп, көңүлдөрү чөгөт. А эгер сенин башыңа катаалдык же душмандан жеңилүү сыяктуу кыйынчылыктар түшсө, эки жүздүүлөр айтышат: «Биз өз жаныбызды сактап калдык. Биз мусулмандарга кошулуп согушка барбайбыз деп чечкиндүүлүк кылдык. Эми алар болсо туткунга түшүштү, өлүмгө дуушар болушту». Андан соң ал эки жүздүүлөр аман калдык деп сүйүнгөн бойдон үйлөрүнө кайтып кетишти.
عربي تفسیرونه:
قُل لَّن يُصِيبَنَآ إِلَّا مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَنَا هُوَ مَوۡلَىٰنَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Ошол эки жүздүүлөргө айт: «Аллах бизге тагдыр кылган нерсе гана болот. Ал биздин башчыбыз, биздин баш калкалоочубуз, биз бардык ишибизде Ага гана таянабыз. Ыймандуулар бардык ишин жалгыз Ага гана тапшырышат. Ал аларга жетиштүү жана эң жакшы камкорчу».
عربي تفسیرونه:
قُلۡ هَلۡ تَرَبَّصُونَ بِنَآ إِلَّآ إِحۡدَى ٱلۡحُسۡنَيَيۡنِۖ وَنَحۡنُ نَتَرَبَّصُ بِكُمۡ أَن يُصِيبَكُمُ ٱللَّهُ بِعَذَابٖ مِّنۡ عِندِهِۦٓ أَوۡ بِأَيۡدِينَاۖ فَتَرَبَّصُوٓاْ إِنَّا مَعَكُم مُّتَرَبِّصُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Силер биздин жеңишке жетишибизди же шейит болушубузду күтүп атасыңарбы? Биз болсо Аллах силерге Өз тарабынан азаптын түшүрүшүн күтүп жатабыз. Ал бизге силер менен согушууга уруксат бергенде силерди биздин колубуз менен азаптатып жана кыйроого учуратып тутканга түшүрөт же өлүмгө дуушар кылат. Биз кандай натыйжага жетерибизди күткүлө, биз да силердикин күтөбүз».
عربي تفسیرونه:
قُلۡ أَنفِقُواْ طَوۡعًا أَوۡ كَرۡهٗا لَّن يُتَقَبَّلَ مِنكُمۡ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга айткыт: «Мал-дүнүйөңдү мажбур же ыктыярдуу садака кылгыла. Бирок каапырлыгыңар же Аллахка баш ийбегениңер үчүн силердин садакаңар эч качан кабыл кылынбайт».
عربي تفسیرونه:
وَمَا مَنَعَهُمۡ أَن تُقۡبَلَ مِنۡهُمۡ نَفَقَٰتُهُمۡ إِلَّآ أَنَّهُمۡ كَفَرُواْ بِٱللَّهِ وَبِرَسُولِهِۦ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلصَّلَوٰةَ إِلَّا وَهُمۡ كُسَالَىٰ وَلَا يُنفِقُونَ إِلَّا وَهُمۡ كَٰرِهُونَ
Садакаларынын кабыл болушуна үч нерсе гана тоскоол болду: Аллах жана Анын элчисине каапырлык кылышты; намаз окуганда жалкоолук жана кош көңүлдүк кылышты; алар мал-дүнүйөсүн өздөрү каалап эмес, мажбур түрдө садака кылышты. Анткени алар окуган намаздарында жана садака берүүдө сооп үмүт кылышпайт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• دأب المنافقين السعي إلى إلحاق الأذى بالمسلمين عن طريق الدسائس والتجسس.
Тымызын тыңчылык кылуу жана арам ойлор аркылуу мусулмандарга зыян жеткирүүгө умтулуу – эки жүздүүлөрдүн адаттарынан.

• التخلف عن الجهاد مفسدة كبرى وفتنة عظمى محققة، وهي معصية لله ومعصية لرسوله.
Согушка барбай коюу – чоң бузукулук жана анык бүлгүн. Ал Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик.

• في الآيات تعليم للمسلمين ألا يحزنوا لما يصيبهم؛ لئلا يَهِنوا وتذهب قوتهم، وأن يرضوا بما قدَّر الله لهم، ويرجوا رضا ربهم؛ لأنهم واثقون بأن الله يريد نصر دينه.
Бул аяттарда мусулмандар үчүн сабактар бар. Алардын башына түшкөн кыйынчылык аларды алсыратып, күч-кубаттарын кетирбеш үчүн алар капаланбоолору керек жана Аллах аларга тагдыр кылганга ыраазы болушуп, Раббисинин ыраазылыгын үмүт кылуулары зарыл. Анткени алар Аллах Өз динин жеңишке жеткирет деп ишенишет.

• من علامات ضعف الإيمان وقلة التقوى التكاسل في أداء الصلاة والإنفاق عن غير رضا ورجاء للثواب.
Намазды жалкоолук менен окуу жана өзү каалабастан, сооп үмүт кылбастан садака кылуу – ыймандын алсыздыгынын жана такыбалыктын жоктугунун белгилеринен.

 
د معناګانو ژباړه سورت: توبه
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول