Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: ضحی   آیت:

Зуха

د سورت د مقصدونو څخه:
بيان عناية الله بنبيه في أول أمره وآخره.
Пайгамбарынын абалкы жана кийинки иштеринин баарында Аллах Тааланын ага жардам бергени баяндалган.

وَٱلضُّحَىٰ
Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
وَٱلَّيۡلِ إِذَا سَجَىٰ
Жана кыймыл-аракет токтоп, адамдар тынчыган караңгы түн менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
مَا وَدَّعَكَ رَبُّكَ وَمَا قَلَىٰ
Оо, пайгамбар! Вахий басаңдап калганда мушриктер айткандай Раббиң сени таштаган жок жана сени жек көргөн жок.
عربي تفسیرونه:
وَلَلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لَّكَ مِنَ ٱلۡأُولَىٰ
Сен үчүн акырет жашоосу дүйнөдөн жакшыраак. Анткени анда түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар бар.
عربي تفسیرونه:
وَلَسَوۡفَ يُعۡطِيكَ رَبُّكَ فَتَرۡضَىٰٓ
Жакында Раббиң сага жана үммөтүңө улуу сыйлыкты берет, ошондо сен жана үммөтүң Анын бергенине ыраазы болосуңар.
عربي تفسیرونه:
أَلَمۡ يَجِدۡكَ يَتِيمٗا فَـَٔاوَىٰ
Ал сени атаң кайтыш болуп калган кичине кезиңде тапты. Анан сага чоң атаң Абдулмутталипти, кийин абаң Абу Талипти сага башпаанек кылды.
عربي تفسیرونه:
وَوَجَدَكَ ضَآلّٗا فَهَدَىٰ
Ал сени китеп эмне экенин, ыйман эмне экенин билбеген абалда таап, сага андагы билбеген нерселериңди үйрөттү.
عربي تفسیرونه:
وَوَجَدَكَ عَآئِلٗا فَأَغۡنَىٰ
Жана сени кедей абалда таап, кийин сени байытты.
عربي تفسیرونه:
فَأَمَّا ٱلۡيَتِيمَ فَلَا تَقۡهَرۡ
Жаш кезинде атасынан ажыраган адамга жаман мамиле кылба жана аны кордобо.
عربي تفسیرونه:
وَأَمَّا ٱلسَّآئِلَ فَلَا تَنۡهَرۡ
Жана муктаждыгын сурап келген адамды кууба.
عربي تفسیرونه:
وَأَمَّا بِنِعۡمَةِ رَبِّكَ فَحَدِّثۡ
Жана Аллахтын сага берген жакшылыктарына шүгүр кыл жана алар тууралуу айт.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• منزلة النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه لا تدانيها منزلة.
Аллахтын алдында пайгамбардын даражасына эч бир даража тең келбейт.

• شكر النعم حقّ لله على عبده.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу – Аллахтын пендесинин акысы.

• وجوب الرحمة بالمستضعفين واللين لهم.
Алсыздарга мээримдүү жана жумшак болуунун милдеттиги.

 
د معناګانو ژباړه سورت: ضحی
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول