Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Índice de tradução


Tradução dos significados Versículo: (20) Surah: Suratu Hud
أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يَكُونُواْ مُعۡجِزِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا كَانَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَۘ يُضَٰعَفُ لَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ مَا كَانُواْ يَسۡتَطِيعُونَ ٱلسَّمۡعَ وَمَا كَانُواْ يُبۡصِرُونَ
Мына ошол сыпаттар менен сыпатталган адамдарга Аллахты азабы келгенде, алар андан жер бетинде качып кутула алышпайт. Аларды Аллахтын жазасынан коргой турган Өзүнөн башка жардамчы да өнөктөш да жок. Алар өздөрүн да башкаларды да Аллахтын жолунан адаштыргандыгы үчүн Кыямат күнү азабынын үстүнө азап кошулат. Алар акыйкатка катуу каршы чыккандары себептен бул дүйнөдө чындыкты жана туура жолду кабыл алгандай уга алышкан эмес. Ошондой эле алар табияттагы Аллахтын аят-белгилерин пайда алгандай көрө алышкан эмес.
Os Tafssir em língua árabe:
Das notas do versículo nesta página:
• الكافر لا ينتفع بسمعه وبصره انتفاعًا يقود للإيمان، فهما كالمُنْتَفِيَين عنه بخلاف المؤمن.
Каапыр адам өз көзүн жана кулагын аны ыйманга жетелей тургандай кылып пайдалана албайт. Ал мүчөлөрү анда жокко барабар. Ал эми ыймандуу адам тескерисинче аларды туура пайдаланат.

• سُنَّة الله في أتباع الرسل أنهم الفقراء والضعفاء لخلوِّهم من الكِبْر، وخُصُومهم الأشراف والرؤساء.
Аллахтын табияттагы белгилериен пайгамбарларды ээрчигендер кедей жана алсыз болушат. Анткени аларда текеберчилик жок. Ошондой эле адат боюнча аларга аттуу-баштуулар каршылык көрсөтүшөт.

• تكبُّر الأشراف والرؤساء واحتقارهم لمن دونهم في غالب الأحيان.
Көпчүлүк учурларда аттуу-баштуулар текеберленишип өздөрүнөн ылдый тургандарды адам катары көрүшпөйт.

 
Tradução dos significados Versículo: (20) Surah: Suratu Hud
Índice de capítulos Número de página
 
Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Índice de tradução

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Fechar