Check out the new design

ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - කිර්ගිස්තානු පරිවර්තනය - ෂම්සුද් දීන් හකිමූෆ් * - පරිවර්තන පටුන

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: අන් නිසා   වාක්‍යය:
لِّلرِّجَالِ نَصِيبٞ مِّمَّا تَرَكَ ٱلۡوَٰلِدَانِ وَٱلۡأَقۡرَبُونَ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٞ مِّمَّا تَرَكَ ٱلۡوَٰلِدَانِ وَٱلۡأَقۡرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنۡهُ أَوۡ كَثُرَۚ نَصِيبٗا مَّفۡرُوضٗا
Ата-энеси жана жакындары калтырган (мурас) нерседен эркектерге үлүш бар. (Ошондой эле,) Ата-энеси жана жакындар калтырган мурастан аялдарга да үлүш бар. Бул мурас азбы же көппү, Аллах парыз кылган үлүш абалында (бөлүнөт).
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَإِذَا حَضَرَ ٱلۡقِسۡمَةَ أُوْلُواْ ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينُ فَٱرۡزُقُوهُم مِّنۡهُ وَقُولُواْ لَهُمۡ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا
Эгер мурас бөлүштүрүү(нүн үстүн)дө (мураскор эмес) тууган-уруктар, жетимдер жана жакырлар болуп калса, аларга да мурастан ырыс-кешик бергиле жана аларга ширин сөздөрдөн сүйлөгүлө.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَلۡيَخۡشَ ٱلَّذِينَ لَوۡ تَرَكُواْ مِنۡ خَلۡفِهِمۡ ذُرِّيَّةٗ ضِعَٰفًا خَافُواْ عَلَيۡهِمۡ فَلۡيَتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلۡيَقُولُواْ قَوۡلٗا سَدِيدًا
(Өлүмгө бет алган кишинин алдында турган) адамдар эгер артында алсыз (мурастан куржалак) перзенттерди калтырышса (жана алардын абалынан кабатыр болушса, демек, өлүп бараткан адамдын перзенттеринин абалынан да) кабатыр болушсун. Жана Аллахтан коркуп, (өлүмгө бет алган кишиге) жакшы сөздөрдү насаат кылышсын.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَأۡكُلُونَ أَمۡوَٰلَ ٱلۡيَتَٰمَىٰ ظُلۡمًا إِنَّمَا يَأۡكُلُونَ فِي بُطُونِهِمۡ نَارٗاۖ وَسَيَصۡلَوۡنَ سَعِيرٗا
Жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген менен барабар. Алар тез күндө тозокко ташталат.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
يُوصِيكُمُ ٱللَّهُ فِيٓ أَوۡلَٰدِكُمۡۖ لِلذَّكَرِ مِثۡلُ حَظِّ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۚ فَإِن كُنَّ نِسَآءٗ فَوۡقَ ٱثۡنَتَيۡنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَۖ وَإِن كَانَتۡ وَٰحِدَةٗ فَلَهَا ٱلنِّصۡفُۚ وَلِأَبَوَيۡهِ لِكُلِّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا ٱلسُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِن كَانَ لَهُۥ وَلَدٞۚ فَإِن لَّمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلَدٞ وَوَرِثَهُۥٓ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ ٱلثُّلُثُۚ فَإِن كَانَ لَهُۥٓ إِخۡوَةٞ فَلِأُمِّهِ ٱلسُّدُسُۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصِي بِهَآ أَوۡ دَيۡنٍۗ ءَابَآؤُكُمۡ وَأَبۡنَآؤُكُمۡ لَا تَدۡرُونَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ لَكُمۡ نَفۡعٗاۚ فَرِيضَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Аллах перзенттериңер жөнүндө, эркек бала үчүн эки кыздын үлүшүнчө (мурас бөлүштүрүүнү) осуят кылат. Эгер алар (атадан мурас алуучу перзенттер) экиден ашык аялдар болсо, анда аларга (атасы) калтырган мурастан үчтөн эки бөлүгү, а эгер (мураскор) жалгыз кыз болсо, ага тең жарымы тиет.[1] Эгер анын (мурас калтыруучунун) перзенти бар болсо, анда ата-энесинин ар бирине, ал калтырган мурастан алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер анын перзенти болбой, ата-энеси гана мураскор болушса, анда апасына үчтөн бири (калганынын бардыгы атасына) тиет. Эгер анын ага-инилери (же эже-сиңдилери) болсо, анда, апасына алтыдан бири, (калганынын баары атасына) тиет.[2] (Ушул бөлүштүрүүлөр) маркум тарабынан айтылган осуят-керээзден кийин же болбосо маркумдун карыздарын төлөгөндөн кийин гана аткарылат. (Өз акылыңарга койсо) силер ата-энеңер менен бала-чакаңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. (Ошондуктан мурас маселеси) Аллах тарабынан парыз кылып (дайындалып, белгиленип) коюлду. Албетте, Аллах – Билүүчү, Даанышман.
[1] Мындай шартта перзенттин уул же кыз, жалгыз же көп болушунун айырмасы жок.
[2] Анткени, анын туушкандарынын бардыгын атасы багат.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
 
අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: අන් නිසා
සූරා පටුන පිටු අංක
 
ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - කිර්ගිස්තානු පරිවර්තනය - ෂම්සුද් දීන් හකිමූෆ් - පරිවර්තන පටුන

ශම්ස් අල්දීන් හකීමොෆ් අබ්දුල්ඛාලික් විසින් පරිවර්තනය කර ඇත, රුව්වාද් පරිවර්තන මධ්‍යස්ථානයේ අධීක්ෂණය යටතේ වැඩි දියුණු කර ඇත.

වසන්න