Check out the new design

ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය. * - පරිවර්තන පටුන


අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: හූද්   වාක්‍යය:
۞ وَمَا مِن دَآبَّةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِ رِزۡقُهَا وَيَعۡلَمُ مُسۡتَقَرَّهَا وَمُسۡتَوۡدَعَهَاۚ كُلّٞ فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ
Жер бетинде басып жүргөн кандай гана макулук болбосун, Аллах Өзүнүн берешендигинен ага ырыскысын берүү кепилдигин алган. Аллах таала анын жер бетинде отурукташкан ордун билет. Жана анын өлө турган жерин билет. Бардык макулуктар, алардын ырыскылары, отурукташкан орундары жана өлө турган жерлери – ачык китепте жазылган. Ал китеп аль-Лаух аль-Махфуз.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ وَكَانَ عَرۡشُهُۥ عَلَى ٱلۡمَآءِ لِيَبۡلُوَكُمۡ أَيُّكُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗاۗ وَلَئِن قُلۡتَ إِنَّكُم مَّبۡعُوثُونَ مِنۢ بَعۡدِ ٱلۡمَوۡتِ لَيَقُولَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Ал Аллах таала асмандар менен жерди чоңдугуна карабай жаратты. Жана ал экөөсүндөгү макулуктарды алты күндө жаратты. Ал эми Анын аршы асмандар менен жерди жаратканга чейин эле суунун үстүндө болчу. Оо, адамдар! Аллах силердин кимиңер жакшы иш-аракеттерди кылуу менен Аны ыраазы кылат жана кимиңер жаман иш-аракеттерди кылуу менен Анын каарына калат деп сыноо үчүн жаратты. Андан кийин ар бирин өзү татыктуу болгон нерсе менен сыйлайт же жазалайт. Оо, пайгамбар! Эгерде сен: "Оо, адамдар! Силер өлгөндөн кийин эсеп-кысап берүү үчүн кайра тирилесиңер" деп айтсаң, анда алардын Аллахка каапыр болгондору жана кайра тирилүүнү четке каккандары: "Сен окуп жаткан бул Куран ачык сыйкыр" деп айтышат. Алардын бул айткан сөздөрү анык жалган.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَلَئِنۡ أَخَّرۡنَا عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابَ إِلَىٰٓ أُمَّةٖ مَّعۡدُودَةٖ لَّيَقُولُنَّ مَا يَحۡبِسُهُۥٓۗ أَلَا يَوۡمَ يَأۡتِيهِمۡ لَيۡسَ مَصۡرُوفًا عَنۡهُمۡ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Биз мушриктерге алар татыктуу болгон азапты бул жашоодо бир канча убакка чейин кечиктирип койсок, алар азаптын келүүсүн шаштырып жана шылдыңдашып: "Азапты бизден эмне тосуп калды" деп айтышат. Албетте, алар татыктуу болгон азаптын Аллах белгилеген өз мөөнөтү бар. Ал азап аларга келген кезде андан куткара турган эч кимди таба алышпайт. Ал азап аларга сөзсүз жетет. Ошентип алар шылдыңдоо жана мазактоо менен кечикти деп жатышкан азап аларга келди.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَلَئِنۡ أَذَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِنَّا رَحۡمَةٗ ثُمَّ نَزَعۡنَٰهَا مِنۡهُ إِنَّهُۥ لَيَـُٔوسٞ كَفُورٞ
Эгерде Биз адамга жакшылыктардын арасынан ден-соолук, байлык сыяктуу жакшылыкты берип, кийин ал адамдан ошол жакшылыкты алып койсок, анда ал Аллахтын мээриминен көптөгөн үмүтсүздүктө калат жана Анын жакшылыктарын четке кагат. Ал жакшылыктарды Аллах андан алып койсо эле унутат.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَلَئِنۡ أَذَقۡنَٰهُ نَعۡمَآءَ بَعۡدَ ضَرَّآءَ مَسَّتۡهُ لَيَقُولَنَّ ذَهَبَ ٱلسَّيِّـَٔاتُ عَنِّيٓۚ إِنَّهُۥ لَفَرِحٞ فَخُورٌ
Эгерде Биз ага кедейлик жана оору келгенден кийин ырыскысын кеңейтип, ден-соолук берсек, анда ал: "Менден жамандык кетти, менден кыйынчылык кетти" деп айтат. Ал ошол нерсе үчүн Аллахка шүгүр кылбайт. Чындыгында адам текеберленип көп сүйүнө берет, башка адамдарга көп бой көтөрөт жана Аллах берген жакшылыктар менен мактанат.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
إِلَّا ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٞ كَبِيرٞ
Бирок кыйынчылыктарга, ибадаттарга сабыр кылгандар жана күнөөлөрдөн тыйылып, жакшы иш-аракеттерди аткаргандар андай эмес. Алардын абалы мындан башкача болот. Анткени алар үмүтсүз болушпайт. Аллахтын жакшылыктарын четке кагышпайт. Жана адамдарга бой көтөрүшпөйт. Мына ушул сыпаттарга ээлик кылган адамдарга Раббиси күнөөлөрүн кечирет. Жана Акыретте аларды чоң сыйлык күтөт.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
فَلَعَلَّكَ تَارِكُۢ بَعۡضَ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ وَضَآئِقُۢ بِهِۦ صَدۡرُكَ أَن يَقُولُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ كَنزٌ أَوۡ جَآءَ مَعَهُۥ مَلَكٌۚ إِنَّمَآ أَنتَ نَذِيرٞۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٌ
Оо, пайгамбар! Балким сен алардын каапырлыгын, каршы чыгуусун жана аяттарды талкууга салуусун көргөндөн кийин Аллах сага жеткирүүгө буйруган кээ бир нерселерди алардын ошол нерселерди ишке ашыруусу кыйын деп жеткирбей коёсуң. Сен ошол нерселерди жеткирсең алар сага: "Ага көз карандысыз боло тургандай байлык түшпөйбү? Же аны менен бирге анын чынчылдыгын тастыктаган периште келбейби?" – деп айтып коюшат деп көөдөнүң кысылат. Андыктан сен ошол сөздөр үчүн сага вахий болгон кээ бир нерселерди таштаба. Сен жөн гана эскертүүчүсүң. Аллах сага жеткир деп буйруган нерсени жеркиресиң. Сен алардын аяттарды талкууга алып жатканына жооп берүүңдүн кереги жок. Аллах бардык нерсени Сактоочусу.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
මෙ⁣ම පිටුවේ තිබෙන වැකිවල ප්‍රයෝජන:
• سعة علم الله تعالى وتكفله بأرزاق مخلوقاته من إنسان وحيوان وغيرهما.
Аллах тааланын илиминин чексиздиги. Жана адамдардын, жаныбарлардын жана башка макулуктарынын ырыскысын берүү кепилдигин алуусу.

• بيان علة الخلق؛ وهي اختبار العباد بامتثال أوامر الله واجتناب نواهيه.
Жаралуунун себебин баяндоо. Ал пенделердин кимиси Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйган нерселеринен тыйылат деп сыноо.

• لا ينبغي الاغترار بإمهال الله تعالى لأهل معصيته، فإنه قد يأخذهم فجأة وهم لا يشعرون.
Аллах таала күнөөкөр адамдарды жөн коюусу менен азгырылбоо керек. Анткени алар билбей турган абалда Аллах аларды күтүлбөстөн алып кетиши мүмкүн.

• بيان حال الإنسان في حالتي السعة والشدة، ومدح موقف المؤمن المتمثل في الصبر والشكر.
Адамдын жыргалчылыктагы жана кыйынчылыктагы абалын ачыктоо. Жана сабырдуулук, шүгүрчүлүк кылган ыймандуу адамдын абалын мактоо.

 
අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: හූද්
සූරා පටුන පිටු අංක
 
ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය. - පරිවර්තන පටුන

අල්කුර්ආන් අධ්‍යයන සඳහා වූ තෆ්සීර් මධ්‍යස්ථානය විසින් නිකුත් කරන ලදී.

වසන්න