ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - පරිවර්තන පටුන


අර්ථ කථනය වාක්‍යය: (11) පරිච්ඡේදය: සූරා ඉබ්රාහීම්
قَالَتۡ لَهُمۡ رُسُلُهُمۡ إِن نَّحۡنُ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأۡتِيَكُم بِسُلۡطَٰنٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Пайгамбарлары аларга жооп кылып мындай деп айтышты: “Биз силер сыяктуу эле адамбыз. Биз силерге окшош экенибизди четке какпайбыз. Бирок, биздин силерге болгон окшоштугубуз бардык нерседе окшошбуз дегенге жатпайт. Аллах өзгөчө жакшылыктарын Өзү каалаган пенделерине берип, адамдардын арасынан пайгамбарларды тандап алат. Силер талап кылган далилди Аллах кааласа гана алып келе алабыз. Ал далилди алып келүү биздин күч-кудуретибизге байланыштуу эмес. Ал далилди алып келүүгө жалгыз Аллахтын гана күч-кудурети жетет. Ошондуктан ыймандуу мусулмандар бардык ишинде жалгыз Аллахка гана тобокел кылышат”.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
මෙ⁣ම පිටුවේ තිබෙන වැකිවල ප්‍රයෝජන:
• أن الأنبياء والرسل بشرٌ من بني آدم، غير أن الله تعالى فضلهم بحمل الرسالة واصطفاهم لها من بين بني آدم.
Пайгамбарлар жана элчилер да Адам атанын урпактары. Аллах таала аларды башкалардан өзгөчөлөп пайгамбар кылып көтөрдү. Жана аларды Адам атанын урпактарынан пайгамбарлыкка тандап алды.

• على الداعية الذي يريد التغيير أن يتوقع أن هناك صعوبات جَمَّة سوف تقابله، ومنها الطرد والنفي والإيذاء القولي والفعلي.
Жамандыктарды жакшылыкка өзгөртүүнү каалап даават кылган адамга тоскоол боло турган көптөгөн кыйынчылыктар болот. Ал кыйынчылыктар даават кылган адамды элден чыгарып салуу, көп нерседен тосуп коюу жана кол менен жана тил менен да ага ыза берүү.

• أن الدعاة والصالحين موعودون بالنصر والاستخلاف في الأرض.
Албетте даават кылган адамдарга жана салих адамдарга жеңиш жана жер бетинде орун басар болуп калууга убада берилген.

• بيان إبطال أعمال الكافرين الصالحة، وعدم اعتبارها بسبب كفرهم.
Каапырларга жакшы иш-аракеттери да пайда бербейт. Анткени алардын кылган иш-аракеттери каапырчылык себебинен эске алынбайт.

 
අර්ථ කථනය වාක්‍යය: (11) පරිච්ඡේදය: සූරා ඉබ්රාහීම්
සූරා පටුන පිටු අංක
 
ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - පරිවර්තන පටුන

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

වසන්න