Check out the new design

ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය. * - පරිවර්තන පටුන


අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: අල් අඃරාෆ්   වාක්‍යය:
وَقَطَّعۡنَٰهُمُ ٱثۡنَتَيۡ عَشۡرَةَ أَسۡبَاطًا أُمَمٗاۚ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ إِذِ ٱسۡتَسۡقَىٰهُ قَوۡمُهُۥٓ أَنِ ٱضۡرِب بِّعَصَاكَ ٱلۡحَجَرَۖ فَٱنۢبَجَسَتۡ مِنۡهُ ٱثۡنَتَا عَشۡرَةَ عَيۡنٗاۖ قَدۡ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٖ مَّشۡرَبَهُمۡۚ وَظَلَّلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلۡغَمَٰمَ وَأَنزَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلۡمَنَّ وَٱلسَّلۡوَىٰۖ كُلُواْ مِن طَيِّبَٰتِ مَا رَزَقۡنَٰكُمۡۚ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Исраил урпактарын он эки урууга бөлдүк. Алар Мусадан Аллахка дуба кылып суу сура деп талап кылышканда, ага, эй, Муса, таягың менен ташты ур деп аян кылдык. Ал ташты урганда, андан коомундагы он эки уруунун санына жарша он эки булак агып чыгып, ар бир уруу өзүнө тиешелүү булакты билип, ага башка уруулар шериктеш болбой турган болду. Алар кайда басса жылып, токтосо токтоп алардын үстүнө көлөкө түшүрө турган булутту дайындап койдук. Аларга жакшылык кылып бал сыяктуу даамдуу суусундукту, бөдөнө сыяктуу эти даамдуу чымчыкты түшүруп бердик. Анан аларга: "Силерге ырыскы кылып берген таза нерселерди жегиле, жакшылыкка каапырдык кылуу, залымдык сыяктуу кемчиликтерди кылбагыла. ага өзүно ылайык баа бербей койбогула" - дедик. Бирок, алар өздөрүнө өздөрү залым кылып, Аллахтын жакшылыктарын четке кагып, Анын буйруктарына каршы чыгып күнөөкөр болуу менен кыйроого туш болушту.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَإِذۡ قِيلَ لَهُمُ ٱسۡكُنُواْ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةَ وَكُلُواْ مِنۡهَا حَيۡثُ شِئۡتُمۡ وَقُولُواْ حِطَّةٞ وَٱدۡخُلُواْ ٱلۡبَابَ سُجَّدٗا نَّغۡفِرۡ لَكُمۡ خَطِيٓـَٰٔتِكُمۡۚ سَنَزِيدُ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Оо, элчи, дагы эстегин, Аллах Исраил урпактарына: "Ыйык үйгө киргиле, андагы айылдан каалаган убакта, каалаган тамагыңарды жегиле. Оо, Раббибиз, биздин каталарыбызды өчүр деп, Раббиңерге кичипейилдик менен үрүкү кылып ийилип киргиле. Эгер ушундай кылсаңар, күнөөңөрдү кечиребиз, жакшылык кылуучуларга дүйнө, акыреттин жакшылышыг көбөйтөбүз" - деп айтты.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
فَبَدَّلَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡهُمۡ قَوۡلًا غَيۡرَ ٱلَّذِي قِيلَ لَهُمۡ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِجۡزٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ بِمَا كَانُواْ يَظۡلِمُونَ
Алардын залымдары аларга буйрук иретинде айтылган сөздү бурмалап, "кечирим тилегиле" деген сөздүн ордуна "арпанын даны" деген сөздү алмаштырып, аларга буйрулган ишти өзгөртүп, эшиктен башын ийип кичи пейилдик менен кирүүнүн ордуна, артын салып жөрмөлөп киришти. Анан алардын залымдыгы себептүү асмандан азап түшүрдүк.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
وَسۡـَٔلۡهُمۡ عَنِ ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلَّتِي كَانَتۡ حَاضِرَةَ ٱلۡبَحۡرِ إِذۡ يَعۡدُونَ فِي ٱلسَّبۡتِ إِذۡ تَأۡتِيهِمۡ حِيتَانُهُمۡ يَوۡمَ سَبۡتِهِمۡ شُرَّعٗا وَيَوۡمَ لَا يَسۡبِتُونَ لَا تَأۡتِيهِمۡۚ كَذَٰلِكَ نَبۡلُوهُم بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ
Оо, элчи, жөөттөргө эскертүү иретинде айылдагы бир окуянын айынан азапка кабылышканын сурагын. Ал айыл деңиздин жээгинде болчу. Аллах аларды сыноо үчүн ишемби күндөрү балыктарды деңиз бетине жакын алып келип, башка күндөрү алыстатып, анан ишемби күнү аларга балык уулоого тыюу салган эле. Бирок, алар Аллахтын чегинен чыгыа ишемби күну балык уулашты. Аллах аларды мындай сыноо менен алар баш ийбей, күнөөгө берилип кеткен себептүү сынады. Алар куулук кылып, ишемби күнү торлорун жайып, чукурларды казып коюп, ага түшүп калган балыктарды жекшемби күнү тартып алып, жешти.
අල්කුර්ආන් අරාබි අර්ථ විවරණ:
මෙ⁣ම පිටුවේ තිබෙන වැකිවල ප්‍රයෝජන:
• الجحود والكفران سبب في الحرمان من النعم.
Тануу жана ишенбөөчүлүк жакшылыктардан куру калууга себеп болот.

• من أسباب حلول العقاب ونزول العذاب التحايل على الشرع؛ لأنه ظلم وتجاوز لحدود الله.
Шариятты өзгөртүү жазанын келүүсүнө жана азаптын түшүүсүнө себеп болот; анткени бул Аллахтын чегинен чыгуу жана залым кылуу.

 
අර්ථ කථනය පරිච්ඡේදය: අල් අඃරාෆ්
සූරා පටුන පිටු අංක
 
ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය. - පරිවර්තන පටුන

අල්කුර්ආන් අධ්‍යයන සඳහා වූ තෆ්සීර් මධ්‍යස්ථානය විසින් නිකුත් කරන ලදී.

වසන්න