Check out the new design

அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அல்பகரா   வசனம்:
وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡۗ قُلۡ إِنَّ هُدَى ٱللَّهِ هُوَ ٱلۡهُدَىٰۗ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم بَعۡدَ ٱلَّذِي جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٍ
Аллах пайгамбарына эскертүү катары кайрылып: «Жөөттөр да, христиандар да сен Исламды таштап, аларды ээрчимейинче сенден ыраазы болушпайт» – деп айтты. (Оо, Мухаммад!) Чыныгы туура жол – алар жүргөн жолдо эмес, Аллахтын китебинде деп айт. Эгер бул нерсе ачык-айкын акыйкат келгенден кийин сенден же сени ээрчигендердин бирөөсүнөн болуп кетсе, сен Аллахтан жардам да, колдоо да таппайсың. Акыйкатты таштап, жалганчыларды ээрчип кетүүнүн коркунучунун баяны ушундай.
அரபு விரிவுரைகள்:
ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَتۡلُونَهُۥ حَقَّ تِلَاوَتِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ يُؤۡمِنُونَ بِهِۦۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Ыйык Куранда китеп ээлеринин бир тайпасы өздөрүнө түшкөн кол астындагы китептерди чындык деп ээрчип, андагыларды иш жүзүндө аткаргандыгы тууралуу айтылды. Алар бул китептерден Мухаммаддын чыныгы пайгамбар экенин билдирген белгилерди табышат. Ошондуктан ага ыйман келтирүүгө шашылышты. Ал эми башка тайпасы каапырлыктарында калып, жоготууга учурашты.
அரபு விரிவுரைகள்:
يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتِيَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ وَأَنِّي فَضَّلۡتُكُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Эй, Исраил урпактары! Мен силерге берген дүйнө жана диний жакшылыктарымды эстегиле. Ошондой эле силерге пайгамбарлык менен падышалыкты берип, өз заманыңардагы адамдардан артык кылганымды эстегиле.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَٱتَّقُواْ يَوۡمٗا لَّا تَجۡزِي نَفۡسٌ عَن نَّفۡسٖ شَيۡـٔٗا وَلَا يُقۡبَلُ مِنۡهَا عَدۡلٞ وَلَا تَنفَعُهَا شَفَٰعَةٞ وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыюуларын таштап, өзүңөр менен кыямат күндөгү азаптын ортосуна тосмо кылгыла. Анткени ал күндө эч бир жан башкага пайда келтире албайт, канчалык көп болсо да андан кун кабыл кылынбайт, канчалык даражасы бийик болсо да эч кимдин шапааты пайда бербейт жана ага Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт.
அரபு விரிவுரைகள்:
۞ وَإِذِ ٱبۡتَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ رَبُّهُۥ بِكَلِمَٰتٖ فَأَتَمَّهُنَّۖ قَالَ إِنِّي جَاعِلُكَ لِلنَّاسِ إِمَامٗاۖ قَالَ وَمِن ذُرِّيَّتِيۖ قَالَ لَا يَنَالُ عَهۡدِي ٱلظَّٰلِمِينَ
Аллах Ибрахимге өкүмдөрдү жана милдеттерди буйруп сынаган кезин эстечи. Ал аларды талаптагыдай толук деңгээлде аткарды. Ошондо Аллах Ибрахим пайгамбарга: «Мен сени адамдарга үлгү кылдым, алар сенин иш-аракеттериңден жана адеп-ахлагыңдан үлгү алышат» – деди. Ибрахим айтты: «Оо, Раббим! Менин урпагымдан да элдер үлгү ала тургандай адамдарды чыгар». Аллах ага жооп берип: «Динде башчылык кылуу тууралуу сага берген убадам, сенин урпагыңдан чыккан залымдарга тиешелүү эмес» – деди.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَإِذۡ جَعَلۡنَا ٱلۡبَيۡتَ مَثَابَةٗ لِّلنَّاسِ وَأَمۡنٗا وَٱتَّخِذُواْ مِن مَّقَامِ إِبۡرَٰهِـۧمَ مُصَلّٗىۖ وَعَهِدۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ أَن طَهِّرَا بَيۡتِيَ لِلطَّآئِفِينَ وَٱلۡعَٰكِفِينَ وَٱلرُّكَّعِ ٱلسُّجُودِ
Аллах ыйык Үйдү адамдардын жүрөгү ага байланып, кайра кайтып келе турган жай кылганын, андан канча кетишсе да, кайра кайтып келерин жана аларга эч кандай зулумдук кылынбаган коопсуз жай кылганын эстечи. Ал адамдарга: «Ибрахим Каабаны курганда үстүнө турган ташты намаз окулуучу жай кылгыла» – деди. Жана Биз Ибрахим менен анын уулу Исмаилге ыйык Үйдү ыпластардан жана жалган кудайлардан тазалоону жана ал жерде таваф, этикаф, намаз жана башка ибадаттарды кылууну каалагандар үчүн аны даярдоону буйрудук.
அரபு விரிவுரைகள்:
وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّ ٱجۡعَلۡ هَٰذَا بَلَدًا ءَامِنٗا وَٱرۡزُقۡ أَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ مَنۡ ءَامَنَ مِنۡهُم بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ قَالَ وَمَن كَفَرَ فَأُمَتِّعُهُۥ قَلِيلٗا ثُمَّ أَضۡطَرُّهُۥٓ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلنَّارِۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Оо, пайгамбар! Ибрахим Раббисине дуба кылып: «Раббим! Меккени эч ким зыян тартпаган коопсуз шаар кыл, анын тургундарына түрдүү мөмө-жемиштерден ырыскы бер жана аны Сага жана акырет күнүнө ыйман келтиргендер үчүн өзгөчө ырыскы кыл» – деген учурун эсте. Ошондо Аллах айтты: «Ал эми алардан ким каапыр болсо, анда Мен аларга дүйнөдө бир аз ырыскы берип жыргатам, кийин акыретте аны тозок азабына мажбурлап киргизем. Кыямат күнү алар кайтып барган жай кандай жаман!».
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• أن المسلمين مهما فعلوا من خير لليهود والنصارى؛ فلن يرضوا حتى يُخرجوهم من دينهم، ويتابعوهم على ضلالهم.
Мусулмандар жөөттөр менен христиандарга канчалык жакшылык кылышпасын, аларды дининен чыгармайынча жана аларды адашууларында ээрчимейинче ыраазы болушпайт.

• الإمامة في الدين لا تُنَال إلا بصحة اليقين والصبر على القيام بأمر الله تعالى.
Диндеги башчылык Аллахтын буйругун аткарууда туура ишенимди кармануу жана сабыр кылуу менен гана келет.

• بركة دعوة إبراهيم عليه السلام للبلد الحرام، حيث جعله الله مكانًا آمنًا للناس، وتفضّل على أهله بأنواع الأرزاق.
Ибрахимдин ыйык шаарга кылган дубасынын берекеси. Анткени Аллах аны адамдар үчүн коопсуз жер кылды жана анын тургундарына жакшылык кылып түрдүү ырыскыларды берди.

 
மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அல்பகரா
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

வெளியீடு அல்குர்ஆன் ஆய்வுகளுக்கான தப்ஸீர் மையம்

மூடுக