Check out the new design

அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அல்பகரா   வசனம்:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ بَلۡ نَتَّبِعُ مَآ أَلۡفَيۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَآۚ أَوَلَوۡ كَانَ ءَابَآؤُهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ شَيۡـٔٗا وَلَا يَهۡتَدُونَ
Эгерде ал каапырларга: «Аллах түшүргөн туура жолго жана нурга ээрчигиле» – деп айтылса, алар каршы чыгып: «Жок, биз ата-бабаларыбыздын ишенимдерим жана каада-салттарын карманабыз» – дешти. Алардын ата-бабалары туура жол менен нурдан эч кандай түшүнүгү жок болуп, Аллах ыраазы болгон акыйкат жолго түшпөсө да аларды ээрчий беришеби?!
அரபு விரிவுரைகள்:
وَمَثَلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ كَمَثَلِ ٱلَّذِي يَنۡعِقُ بِمَا لَا يَسۡمَعُ إِلَّا دُعَآءٗ وَنِدَآءٗۚ صُمُّۢ بُكۡمٌ عُمۡيٞ فَهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ
Ата-бабаларын ээрчиген каапырлардын мисалы, малына кыйкырып жаткан койчуга окшош, алар анын үнүн угат, бирок эмне дегенин түшүнүшпөйт. Алар акыйкатты пайда ала тургандай деңгээлде угууга келгенде дүлөй, аны айтууга келгенде тилден калгандай дудук жана аны көрө албаган сокур. Ошол себептен алар сен чакырып жаткан туура жолду түшүнүшпөйт.
அரபு விரிவுரைகள்:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُلُواْ مِن طَيِّبَٰتِ مَا رَزَقۡنَٰكُمۡ وَٱشۡكُرُواْ لِلَّهِ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Аллах силерге ырыскы кылып берген жана адал кылган таза нерселерден жегиле жана Аллахтын силерге берген жакшылыктарына сыртыңардан да, ичиңерден да шүгүр келтиргиле. Аллахка ибадат кылуу жана Ага күнөө кылуудан алыс болуу – Аллахка шүгүр келтирүүгө жатат, эгер чындап Ага гана сыйынып, Ага эч нерсени шерик кылбасаңар.
அரபு விரிவுரைகள்:
إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحۡمَ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ بِهِۦ لِغَيۡرِ ٱللَّهِۖ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَيۡرَ بَاغٖ وَلَا عَادٖ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Аллах силерге шарият көрсөткөн жолдо мууздалбай өлгөн малдын этин, мууздаганда агып чыккан канды, чочконун этин, сойгондо Аллахтын аты аталбаган малды арам кылды. Эгер адам бир нерсе жегенге аргасыз болуп, андан муктаждыксыз жеп аша чаппаса жана зарылчылыктын чегинен ашырбаса, ал үчүн эч кандай күнөө да, жаза да болбойт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Бул арам нерселерди аргасыз абалда жегенди кечирүүсү да Анын ырайымдуулугунан.
அரபு விரிவுரைகள்:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡتُمُونَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَيَشۡتَرُونَ بِهِۦ ثَمَنٗا قَلِيلًا أُوْلَٰٓئِكَ مَا يَأۡكُلُونَ فِي بُطُونِهِمۡ إِلَّا ٱلنَّارَ وَلَا يُكَلِّمُهُمُ ٱللَّهُ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Жөөттөр жана христиандар сыяктуу Аллах түшүргөн китептерди, андагы акыйкатка далил болгон нерселерди жана Мухаммаддын пайгамбарчылыгын жашыргандар жана аны жаап-жашыргандары үчүн анын ордуна арзыбаган башчылык же кадыр-барк же байлык сыяктуу нерселерди баалап сатып алгандар, алар акыйкатта тозок менен азапталууга себеп болгон нерселерди гана жеп курсактарын тойгузушат. Кыямат күнү Аллах алар менен аларга жаккандай деңгээлде сүйлөшпөйт, тескерисинче, аларга жакпагандай деңгээлде сүйлөшөт. Ал аларды тазалабайт жана мактоо да айтпайт. Алар үчүн кыйноочу азап бар.
அரபு விரிவுரைகள்:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱشۡتَرَوُاْ ٱلضَّلَٰلَةَ بِٱلۡهُدَىٰ وَٱلۡعَذَابَ بِٱلۡمَغۡفِرَةِۚ فَمَآ أَصۡبَرَهُمۡ عَلَى ٱلنَّارِ
Адамдар муктаж болгон илимди жаап-жашыргандар, алар илимди жашырып, Аллахтын кечиримин Анын азабына алмаштыруу менен адашууну туура жолго алмаштыргандар. Алардын тозокко кирүүсүнө себеп болгон ишти жасоого канчалык чыдамы жетер экен! Алар андагы азапка чыдап коёбуз дегендей бейкапар жүрүшөт.
அரபு விரிவுரைகள்:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ نَزَّلَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّۗ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ ٱخۡتَلَفُواْ فِي ٱلۡكِتَٰبِ لَفِي شِقَاقِۭ بَعِيدٖ
Илимди жана туура жолду жашыруунун жазасы ушундай болушунун себеби Аллах илахий китептерди акыйкат менен түшүргөн. Бул болсо аны жашырбай, ачык айтууну талап кылат. Аллахтын китептери тууралуу талашып-тартышып, анын бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн жашыргандар акыйкаттан алыстап бөлүнүп-жарылууда жана талашып-тартышууда.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• أكثر ضلال الخلق بسبب تعطيل العقل، ومتابعة من سبقهم في ضلالهم، وتقليدهم بغير وعي.
Адамдардын көпчүлүгү акыл-эстин бузулушунан, адашууда мурункуларды ээрчигендиктен жана аларды ойлонбостон туурагандыктан адашат.

• عدم انتفاع المرء بما وهبه الله من نعمة العقل والسمع والبصر، يجعله مثل من فقد هذه النعم.
Аллах берген акыл, угуу, көрүү жакшылыктарын туура пайдаланбаган адам, бул жакшылыктарды жоготкон адам сыяктуу.

• من أشد الناس عقوبة يوم القيامة من يكتم العلم الذي أنزله الله، والهدى الذي جاءت به رسله تعالى.
Аллах түшүргөн илимди жана элчилер алып келген туура жолду жашыргандар кыямат күнү катуу азапка кабыла тургандардын катарында болот.

• من نعمة الله تعالى على عباده المؤمنين أن جعل المحرمات قليلة محدودة، وأما المباحات فكثيرة غير محدودة.
Арам нерселерди аз жана чектелүү кылуу, ал эми адал нерселерди көп жана чеги жок кылуу – Аллахтын ыймандуу пенделерине кылган жакшылыктарынан.

 
மொழிபெயர்ப்பு அத்தியாயம்: அல்பகரா
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

வெளியீடு அல்குர்ஆன் ஆய்வுகளுக்கான தப்ஸீர் மையம்

மூடுக